Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:41

Асаналиев УКМКны, Бектурганов Башкы прокуратураны жетектейт. Кадр алмашуунун себеби эмнеде?

Максат Асаналиев.
Максат Асаналиев.

Баш прокурор Максат Асаналиев УКМК башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын ордуна Малик Бектурганов баш прокурордун милдетин аткара турган болду. “Ынтымак Ордо” соңку кадрдык жүрүштүн себеби тууралуу маалымат бере элек.

Шабданбековдун ордун Асаналиев басты

Баш прокурор Максат Асаналиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу “Ынтымак Ордо” 30-июнда кечке маал кабарлады.

УКМКнын буга чейинки төрагасы Жумгалбек Шабданбеков башка кызматка өткөнү үчүн жумуштан бошотулганы кабарланды. Ал эмне ишке которулганы кабарлана элек.

48 жаштагы Максат Асаналиев 2024-жылдын июнунан бери Башкы прокуратураны жетектеп келди.

Ал Ысык-Көл облусунун Тоң районунда туулган. 2000-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 2001-жылы Улуттук коопсуздук комитетинде (УКМК) тергөөчү болуудан баштаган жана 2010-жылга чейин улук тергөөчү, өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү болуп иштеген. 2010-жылы Башкы прокуратурага өткөн да, өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү болуп 2018-жылга чейин иштеген.

Асаналиев 2018-2019-жылдары Бишкектеги Биринчи май районунун прокурору, кийин Ош облусунун прокурору болуп иштеген.

Жумгалбек Шабданбеков кайсы кызматка барат?

Ал эми башка кызматка өткөнүнө байланыштуу деген негизде атайын кызматтын башчылыгынан кеткен 55 жаштагы Жумгалбек Шабданбеков быйыл февралда Камчыбек Ташиевдин ордуна УКМКнын төрагасы болуп дайындалган. Ага чейин 2020-жылдын октябрынан тартып Ташиевдин орун басары жана 9-кызматтын башчысы катары эмгектенип келген.

Жумгалбек Шабданбеков
Жумгалбек Шабданбеков

Анын кайсы кызматка өткөнү тууралуу маалымат айтыла элек.

Ал Ташиевдин ордуна келгенден кийин УКМК мекемени тазалоо, ишмердүүлүктүн ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү үчүн кадрдык курамды активдүү тазалоо иштерин жүргүзүп жатканын билдирип келди.

Малик Бектурганов - башкы прокурордун милдетин аткаруучу

Ушул эле күнү президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Кыргызстандын баш прокурорунун милдетин убактылуу аткаруу Малик Бектургановго жүктөлгөнү тууралуу маалымат “Ынтымак Ордонун” сайтына жарыяланды.

51 жаштагы юстициянын генерал-майору ушул кезге дейре баш прокурордун биринчи орун басары болуп иштеп келаткан. Бул кызматка быйыл 14-февралда дайындалган.

Малик Бектурганов
Малик Бектурганов

Бектурганов 1974-жылы Фрунзе шаарында туулган, Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.

Баш калаанын райондук, шаардык прокуратураларында, Башкы прокуратурада эмгектенген.

2018–2021-жылдары Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары, 2021–2022-жылдары Жалал-Абад (азыркы Манас) шаарынын прокурору, 2022–2024-жылдары Ош шаарынын прокурору, 2024-жылдан бери башкы прокурордун орун басары болуп иштеген.

“Ынтымак Ордо” соңку кадрдык жүрүштүн себебин түшүндүргөн жок.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG