Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:24

УКМК: Кызматкерлер кармалды, ишкерлердин арызы

УКМКнын жаңы имараты.
УКМКнын жаңы имараты.

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Тимур Шабданбеков баш болгон кызматкерлер кармалганы кабарланды. Апта башында ИИМ дагы бир мурдагы орун басар Даниэл Рысалиевди кармаганы билинген. Атайын кызмат чындап эле тазаланып, өзгөрүү жолуна түштүбү же саясий чечимдер басымдуу кылып жатабы?

Шабданбеков менен Рысалиев февралда мурдагы төрага Камчыбек Ташиевдин отставкасынан кийин жумуштан алынган эле. Кыргызстанда акыркы айларда УКМКнын чоң-кичине даражадагы бир катар кызматкерлери кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы орун басары, 9-башкармалыгынын башчысы Тимур Шабданбеков кармалганы кабарланды. Алдын ала маалыматтарга ылайык, ага кызмат абалынан кыянат пайдалануу кинеси тагылууда. Кылмыш ишинин чоо-жайы расмий жарыялана элек.

Аскер прокуратурасы Шабданбеков менен катар атайын кызматтын Нарын облустук башкармалыгынын башчысынын мурунку орун басарын бир катар бөлүм башчылары менен кошо, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын экс-орун басары Бекзат Абдикахаровду жана “Альфа Ойл” компаниясынын (“Ред Петролеум” мунай бекеттер түйүнү) башкы директору Акылбек Маматовду кармаганы кабарланды.

УКМКдагы кармоолор: Тазалануубу же саясий таасирби?
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:36 0:00

Шабданбеков УКМК төрагасынын орун басары кызматын 2022-жылдын июлунан 2026-жылдын февралына чейин аткарган.

Бир күн мурун УКМК төрагасынын дагы бир экс-орун басары Даниэл Рысалиев кармалганы, көп өтпөй кайра үй камагына чыкканы белгилүү болду.

Бир катар басылмалар укук коргоо органдарындагы жашыруун булактарына таянып жазып жатканы менен, Рысалиевге кандай айып тагылып жатканы жана иштин чоо-жайы расмий айтыла элек. Милиция кызматкерлери аны Ысык-Көлдөн кармаган. Рысалиев менен кошо УКМКнын дагы эки кызматкери кармалганы кабарланып, бирок, ысымдары такталган жок.


“Азаттыкка” келип түшкөн маалыматтарга караганда, Рысалиевдин үстүнөн Ысык-Көлдөгү “Ак-Бермет” пансионатынын ээси Нурлан Насирдинов арызданган. Маалыматты ишкердин атасы Акжолтой Насирдинов ырастады.

“Бул жерде облуста УКМКнын башчысы болуп иштеп турчу да ал. Анан ошо, УКМКнын Сары-Ойдо пансионаты бар эмеспи, “Волна” болсо керек, ошого үч кабат корпус салып бересиң деп атпайбы. “Мен кантип куруп берем, андай мүмкүнчүлүгүм жок, андай мүмкүнчүлүк болсо өзүбүзгө эле куруп албайт белек” дегем. Ошо бойдон коркутуп алып кеткен. Ошого арызданган го. Азыр Бишкекте жүрөт, арыздандым деп айтып аткан”.

Рысалиев 2025-жылдын декабрында УКМКнын төрагасынын орун басары, Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору болуп дайындалган.

10-февралда Камчыбек Ташиев кызматынан алынар замат, анын үч орун басарынын катарында Даниэл Рысалиев менен Тимур Шабданбеков дагы бошотулган.

“Кармалгандардын иши көз карандысыз соттор аркылуу чечилбесе мамлекетке ишеним кетет”

“Азаттык” баарлашкан талдоочулар соңку кезде активдүү жүрүп жаткан кармоолор көбүнчө Камчыбек Ташиевдин ишине байланыштуу болуп жатканын божомолдошот.

Укук коргоочу Бакыт Рысбеков алдыда чыныгы кылмышкерлерди кармап, мыйзам жоопкерчилигине тартуу милдети турганы менен, мамлекетке ишеним жана сот көз карандысыздыгы деген эки олуттуу маселе көз жаздымда калбашы керектигин белгилейт.

“Биринчиси, жапырт камоолордун арасында чыныгы кесипкөй, чындап мамлекет үчүн кызмат кылгандар дагы камалып калбашы керек. Себеби, кылмыш кылбай, таза кызмат кылып аткан кызматкер камала турган болсо, бул ошол кызматтын өзүнө зыян келтирет. Мамлекетке ишенимди да азайтат. Экинчи маселеси, кармап аткан кезде, ошол кармалып аткан жарандар кийин сотко барганда бүгүнкү коюлуп аткан күнөөлөр так далилденип, алар сот жообуна тартылабы же тартылбайбы? Бүгүнкү кармоолордун келечеги кандай? Эгер чындап кылмышы далилденип, сот жообуна тартылып, өз жазасын ала турган болсо – анда бир кеп. Жок, кылмышка тиешеси жок, бирок кармоолордун арасында кызуулук менен (“под горячую руку”) кармалып кетип, кандайдыр бир буга чейин болуп келген терс таасиринде соттун басымы менен соттолуп кете турган болсо, бул дагы өкүнүчтүү нерсе болуп калат”.

Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагалыгынан алынгандан кийин анын тегерегинде жүргөн бир катар кызматкерлер кызматынан четтетилип, айрымдары камалган. Арасында УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбековду ээрчиген маалыматтар өзгөчө чуу жаратып келет.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин айрым кызматкерлеринин ишкерлерге жасаган мыйзамсыз аракеттери тууралуу парламентте да айтылып жатат.

“Убагында “Камчыбек Көлбаевден жабыркагандар бизге кайрылгыла” деп УКМКнын жетекчилиги жарыялаптыр. Анан, мага жакында бир жараныбыз кайрылып атат. “Көлдө бир пансионатым бар эле, ошону убагында уюшкан кылмыштуу топтор тартып алышкан” дейт. Анан мен сүйүнүп алып, ошол ураандан кийин барсам, тескерисинче, менден экинчи ирет УКМК кызматкерлери тартып алып”, “азыр ал мамлекетке өттүбү” десем, “жок, ошол тегерегинде иштеп жүргөн жарандардын бирөөнүн колунда” дейт. Бул арыз боюнча мен сизге тагыраак маалымат, каттарды берем, ошону карап көрүңүздөр. Ушундай учурлар текшерилип жатабы?”, - деди Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева.

Башкы прокурор анда Максат Асаналиев УКМКдан жабыр тарткан ишкерлерден арыз көп түшүп жатканын, алардын саны 386га жеткенин билдирген.

“Сотко кийлигишип, кыйноолорго чейин барышчу”

Президент Садыр Жапаров Оштогу сапары маалында УКМКнын аша чаап кеткен кемчиликтерин оңдоп, мыйзам бузууларды калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын айтты.

УКМК жетекчилиги системаны тазалоо, ишмердүүлүктүн ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү үчүн кадрдык курамды активдүү тазалоо иштерин жүргүзүп жатканын билдирип жатат.

Жактоочу Асылбек Кунгуров УКМКнын Ош облустук жана шаардык башкармалыгы бир катар чуулгандуу иштерди тергегенин айтат. Башкармалыктын ошол кездеги жетекчиси катары мекеменин бардык ыкчам иштери жана тергөө иштери Даниэл Рысалиевдин жеке жоопкерчилигинде болгон деп эсептейт. Адис соңку кездери УКМК башкармалыгынын иш-аракеттеринде бир кыйла өзгөрүү байкалганын белгилейт.

“Өлкөнүн жогорку саясий бийлиги УКМКда реформа жасайбыз, УКМК өзүнүн түздөн-түз функцияларын аткарышы керек, саясат менен алектенбейт жана бизнес чөйрөсүнө кийлигишпейт деп билдирүүлөрдү жасады. Ошол реформалар иш жүзүндө кандай болот – аны көрө жатарбыз. Бирок, азыр көп болбосо дагы, айрым өзгөрүүлөр бар. Мурда ар бир кылмыш иштерине (башка иштерге да) УКМКнын ыкчам өкүлдөрү сотторго барып катышып, ачыктан-ачык эле басым жасап келген. Атүгүл УКМК кызматкерлери тергөө изоляторлорунда кыйноолорго чейин барган. Азыр мен жактоочу катары ошол жагынан өзгөрүүнү байкап жатам. Сотторго барбай жатышат, башка кийлигишүүлөр да байкалбайт. Чындыгында реформа кандай болот, иш жүзүндө кандай жемиш берет, аны убакыт көрсөтөт деп эсептейм”.

Өткөн жуманын соңунда атайын кызматтын учурда иштеп жаткан үч кызматкери кармалганы кабарланган болчу. Атайын кызмат маалымдагандай, тергөөнүн жүрүшүндө алардын ишкердик субъектилерден акча опузалаганы аныкталган.

Кармалгандардын бири УКМКнын Нарын облустук башкармалыгынын мурдагы башчысы, Кыргызстандын Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Туруктуу кеңешиндеги атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлү Кубанычбек Атажанов экени айтылган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажановдун бир тууганы. Депутаттан бул тууралуу комментарий алууга мүмкүн боло элек. 13-апрелде Кубанычбек Атажановду ЖККУдагы кызматынан бошотуу боюнча президенттин буйругу чыкканы жарыяланды.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG