Аскер прокуратурасы “Азаттыкка” кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) жооптуу кызмат адамдары кармалганын билдирди.
Мекеме тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгарбоо керек деген негизде мындан башка маалымат берүү мүмкүн эмес экенин кабарлады. Буга байланыштуу кармалгандардын аты-жөнү жана алардын саны ачык айтылган жок.
Мунун алдында Ички иштер министрлиги (ИИМ) УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Даниэл Рысалиевге, атайын кызматтын Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын 6-бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Урмат Нарбаевге Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып койгон. Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды 13-апрелде үй камагына алды.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан бери УКМКнын бир катар мурдагы жогорку кызматта турган жетекчилери кармалып, айрымдары жумуштан алынды. (BTo)
Шерине