Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:26

Президент жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү бардык өлкөлөр тааныганын айтты

Президент Садыр Жапаров "Унаа" мекемесинде.
Президент Садыр Жапаров "Унаа" мекемесинде.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүгүн Европа өлкөлөрү, Орусия жана башка бардык мамлекеттер тааный турганын билдирди. Бул тууралуу ал 13-апрелде Ош облусунун Алай районунун тургундарынын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“Европа, Орусия бардык мамлекеттер тааныды. Эски айдоочулук күбөлүктөр менен паспортторду жаңысына толук алмаштырып чыгабыз. Мен мурда Москвада өз көзүм менен көргөм Кыргызстандын паспортун (ID-карта) 5 миң, айдоочулук күбөлүктү 3 миң доллардан сатышчу. Бардыгы жасалма болчу. Паспортту өзүбүздөн чыгаруу үчүн 2-3 жыл күрөштүк. Акыр аягы өзүбүздөн чыгара баштадык. Анын коргоочу элементтери жакшы болгондуктан жасап алууга мүмкүн эмес”, - деди президент.

Садыр Жапаров бардык паспорттор менен айдоочулук күбөлүктөр алмаштырылгандан кийин башка өлкөлөргө эскилерин жокко чыгаруу өтүнүчү менен кат жөнөтүлөрүн кошумчалады.

Кыргызстандын жаңы айдоочулук күбөлүгү Вена конвенциясынын айрым жоболоруна дал келбей калганы, акыркы варианттагы күбөлүктү Евробиримдиктеги айрым өлкөлөр тааныбай жатканы тууралуу маалыматтар алгач социалдык тармактарда тарап, андан кийин маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.

Парламент жыйынында президенттин иш башкаруучусунун орун басары Алмаз Раимбеков жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк Европанын айрым өлкөлөрүндө таанылбай жатканын четке кагып, маселе бир гана жеке ишкана документти кабыл албай койгонунан чыкканын билдирген. Ал айдоочулук күбөлүк талаптарга жооп берерин жана бардык өлкөлөр тааный турганын кошумчалаган.

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 3-апрелде кабарлагандай, Кыргызстандын жаңы улуттук айдоочулук күбөлүгү чет өлкөлөрдө таанылбай жатканы тууралуу министрликке расмий кайрылуу же даттануу түшкөн эмес.

Айдоочулук күбөлүк берүү реформасынын алкагында ушул жылдын январь айынын орто ченинен тартып жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр бериле баштаган. Анын мурдагы күбөлүк менен көрүнүшү жана түзүлүшү боюнча айырмасы чоң. Күбөлүктү басып чыгаруу, реформа кылуу иши менен Президенттин иш башкармасы алектенип жатат. (BTo)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG