Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:22

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Рысалиев үй камагына алынды

Даниэл Рысалиев.
Даниэл Рысалиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Даниэл Рысалиев 11-июнга чейин үй камагына алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-апрелде чыгарганын “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, аны үй камагына чыгаруу өтүнүчүн сотко Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөөчүсү берген жана Даниэл Рысалиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып тагылганы белгилүү болду.

Ушул эле иш боюнча УКМКнын Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын 6-башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Урмат Нарбаевге да жемкорлук боюнча кине коюлуп, ал да 11-июнга чейин үй камагына чыкты.

Даниэл Рысалиев кармалганы 13-апрелде белгилүү болгон. Кылмыш иши тууралуу ИИМ маалымат бере элек. Ал 2025-жылдын декабрь айында УКМКнын төрагасынын орун басары - Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбордун директору болуп дайындалган.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кызматынан бошоткондон кийин атайын кызматтын жетекчисинин бардык орун басарлары, анын ичинде Даниэл Рысалиев да жумуштан алынган. (BTo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG