Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:11

Касымалиев АКШда Трамптын администрациясынын өкүлдөрү менен жолугушат

Адылбек Касымалиев.
Адылбек Касымалиев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШга барды. Өкмөттүн басма сөз кызматы ал Дүйнөлүк банктын операциялар боюнча башкаруучу директору Анна Бьерде, Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Антонелла Бассани менен жолугушарын билдирди.

Министрлер кабинети анда “Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясынын (ГЭС) курулуш долбоору боюнча сүйлөшүү болорун кабарлады. Ошондой эле Адылбек Касымалиев АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясынын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрө турганы айтылды.

“Камбар-Ата-1” ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Компания “Камбар-Ата-1” ГЭСин башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт. Буга чейин айрым депутаттар менен энергетиктер үлүштөрдүн пайызы боюнча тынчсыздануусун билдиришкен.

ГЭСти куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. ГЭС курулуп бүтсө, 1880 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Баштапкы эсеп боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат.

АКШ 2025-жылдын июль айында бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына берилчү иммиграциялык эмес визалардын мөөнөтүн кыскарткан. Кыргызстандын жарандарына мурда B-1/B-2 визасы он жылдык мөөнөткө чейин берилсе, ал үч айга чейин азайтылган. Ошондой эле бул виза менен АКШнын аймагына бир гана жолу кирүүгө уруксат берилет.

B-1/B-2 визалары АКШга убактылуу иш сапар (B-1) же туристтик, эс алуу жана туугандарга жолугуу максатында (B-2) баргысы келгендерге берилет. Бул визаларды алуу үчүн талапкерлер АКШдан кайра кайтарын далилдеши керек. Кыргызстандыктардын көбү визанын ушул түрүн тандашат.

2026-жылы 6-январда АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Кошмо Штаттарга кирүү үчүн күрөө төлөй турган мамлекеттердин тизмесине Кыргызстанды кошкону маалым болгон.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШ өкмөтү менен визага күрөө талап кылынган жаңы жобо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирип келет. (BTo)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG