Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:10

Венгрия: Орбан шайлоодо жеңилгенин моюнга алып, оппозицияга өтөрүн жарыялады

Виктор Орбан
Виктор Орбан

Венгриянын премьери Виктор Орбан өзүнүн тарапташтарынын алдында сөз сүйлөп, 12-апрелде өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын адилеттүү деп баалап, жеңип чыккан партияны куттуктаганын ырастады. Анын айтымында, "Фидес" партиясы эми ишин оппозициялык багытта улантат.

Венгрияда 12-апрелде өткөн парламенттик шайлоодо алдын ала эсептөөлөр боюнча Петер Мадьяр башында турган оппозициялык "Тиса" партиясы алдыга чыккан.

Мадяьр жекшембинин кечинде анын негизги атаандашы болгон башкаруучу "Фидес" партиясынын лидери, премьер-министр Виктор Орбан телефон аркылуу куттуктаганын жазган.

Өлкөнүн шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча добуштардын 40% ашыгы саналган учурда “Тиса” 199 мандаттан турган парламенттен 136 орун ээлеши мүмкүн экени айтылды. Бул оппозициянын конституциялык көпчүлүккө ээ болду дегенди билдирет. Ал эми Венгрияда 16 жылдан бери бийликте турган Виктор Орбан жетектеген “Фидес” партиясы 55тин тегерегинде мандат алышы мүмкүн.

Европанын айрым лидерлери мажар оппозициясын жеңиши менен куттуктап жатат.

Бул жолку шайлоодо шайлоочулардын 78% ашууну добуш берип, соңку 20 жылдагы рекорддук көрсөткүч болуп калды.

Венгриядагы парламенттик шайлоо эл аралык коомчулукта кызыгуу жаратып, Евробиримдиктеги абал жана Украинадагы колдоо контекстинен талкуу жараткан. Виктор Орбан башында турган өкмөт Евробиримдиктин Украинага колдоосуна бут тосуп, Кремль менен жакшы мамиледе болуп келген.

Ошондуктан парламенттик шайлоо кампаниясы бийликчил “Фидес” менен оппозициячыл “Тиса”партиясынын айыгышкан атаандаштыгы, тыңшоо, жалаа жабуу, купуя маалыматтарды ачыкка чыгаруу өңдүү жаңжалдар менен коштолду.

Орбанды эркин медианы жана демократиялык укуктарды чектөө, “либералдуу эмес демократия” орнотуу менен барган сайын бийлигин бекемдегени үчүн да сындашат.

Бул жолку шайлоодо Орбанга АКШ президенти Дональд Трамп колдоо көрсөтүп, шайлоонун алдында вице-президент Жей Ди Вэнс Будапештке келип, ачык сүрөдү.

Шайлоого оппозицияны баштап барган 45 жаштагы Петер Мадьяр 2024-жылга чейин Орбандын командасында болуп, кийин пикир келишпестиктен улам оппозицияга өткөн. Ал европачыл көз карашты карманып, Украинага колдоо көрсөтүүнү жактайт. “Тиса” партиясы 2020-жылы түзүлсө да, Мадьяр башына келгенге чейин анча активдүү эмес болчу.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG