12-апрелде Венгрияда өткөн парламенттик шайлоодо алдын ала эсептөөлөр боюнча оппозициячыл “Тиса” партиясы алдыга чыкты. Бул партиянын лидери Петер Мадьяр жекшембинин кечинде өлкөдөгү башкаруучу “Фидес” партиясынын лидери, учурдагы премьер-министр Виктор Орбан ага телефон чалып, жеңиши менен куттуктаганын билдирди.
Өлкөнүн шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча добуштардын 40% ашыгы саналган учурда “Тиса” 199 мандаттан турган парламенттен 136 орун ээлеши мүмкүн экени айтылды.
Бул оппозиция конституциялык көпчүлүккө ээ болду дегенди билдирет. Ал эми Венгрияда 16 жылдан бери бийликте турган Виктор Орбан жетектеген “Фидес” партиясы 55тин тегерегинде мандат алышы ыктымал.
Европанын айрым лидерлери мажар оппозициясын жеңиши менен куттуктап жатышат.
Бул жолку шайлоодо шайлоочулардын 78% ашууну добуш берип, соңку 20 жылдагы рекорддук көрсөткүч болуп калды.
Венгриядагы парламенттик шайлоо эл аралык коомчулукта кызыгуу жаратып, Евробиримдиктеги абал жана Украинадагы колдоо контекстинен талкуу жараткан. Виктор Орбан башында турган өкмөт Евробиримдиктин Украинага колдоосуна бут тосуп, Кремль менен жакшы мамиледе болуп келген.
Ошондуктан парламенттик шайлоо кампаниясы бийликчил “Фидес” жана оппозициячыл “Тиса”партиясынын айыгышкан атаандаштыгы, тыңшоо, жалаа жабуу, купуя маалыматтарды ачыкка чыгаруу өңдүү жаңжалдар менен коштолду.
Орбанды эркин медианы жана демократиялык укуктарды чектөө, “либералдуу эмес демократия” орнотуу менен бийлигин бекемдегени үчүн да сындашат.
Бул жолку шайлоодо Орбанга АКШ президенти Дональд Трамп колдоо көрсөтүп, шайлоонун алдында вице-президент Жей Ди Вэнс Будапештке келип, ачык сүрөдү.
Шайлоого оппозицияны баштап барган 45 жаштагы Петер Мадьяр 2024-жылга чейин Орбандын командасында болуп, кийин пикир келишпестиктен улам оппозицияга өткөн. Ал европачыл көз карашты карманып, Украинага колдоо көрсөтүүнү жактайт. “Тиса” партиясы 2020-жылы түзүлсө да, Мадьяр башына келгенге чейин анча активдүү эмес болчу.
Шерине