Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:22

Мадьяр: Путин чалса, согушту токтотууга кеңеш берем

Венгриядагы шайлоодо жеңишке жеткен «Тиса» партиясынын лидери Петер Мадьяр.
Венгриядагы шайлоодо жеңишке жеткен «Тиса» партиясынын лидери Петер Мадьяр.

Венгриядагы шайлоодо жеңишке жеткен «Тиса» партиясынын лидери Петер Мадьяр Орусия менен прагматикалык диалогго даяр экенин билдирип, эгер Владимир Путин өзү чалса, ага согушту токтотууга кеңеш берерин айтты.

13-апрелде сүйлөп жатып, Мадьяр Кремль жана Бээжин шайлоонун жыйынтыгын тааныганын белгилеп, бул үчүн ыраазычылык билдирди.

Анын айтымында, бул өлкөлөр венгр шайлоочуларынын тандоосуна урмат менен мамиле кылып, кызматташууга даяр экенин көрсөткөн.

Мадьяр Венгрия географиялык жактан Орусия менен байланышта экенин айтып, өлкө Москвадан мунай сатып алууну улантарын билдирди. Ошол эле учурда ал энергия булактарын мүмкүн болушунча диверсификациялоону колдой турганын кошумчалады.

Саясатчы мурдагы премьер-министр Виктор Орбандан айырмаланып, Путин менен жакын мамиле түзбөй турганын айтты. Ал орус президенти менен өзү биринчи болуп байланышпай турганын, бирок эгер Путин чалса, Украинадагы согушту токтотууну сунуш кыларын белгиледи.

Мадьярдын айтымында, Украина агрессиянын курмандыгы болуп саналат жана эч ким андан өз аймактарынан баш тартууну талап кылбашы керек.

Петер Мадьяр мурдагы өкмөт башчы Виктор Орбан киргизген вето чечимин жокко чыгарарын билдирип, Киевге 90 миллиард евро көлөмүндөгү кредит бөлүүгө каршы болбой турганын түшүндүрдү.

Ошол эле учурда ал Венгрия бул кредит үчүн кепилдик бербей турганын жана Украинанын Евробиримдикке тездетилген шартта каршы экенин кошумчалады. Мадьяр Киев менен мамилени нормалдаштыруу үчүн Украинадагы венгр азчылыгынын укуктары сакталууга тийиш экенин белгиледи.

Ал арада Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва венгр элинин тандоосун урматтай турганын билдирди. Бирок анын айтымында, Владимир Путин Мадьярды жеңиши менен куттуктабайт, анткени Венгрия «достук эмес өлкө» катары каралат.

Петер Мадьярды шайлоодогу жеңиши менен Евробиримдиктин көптөгөн лидерлери жана Украинанын президенти Владимир Зеленский да куттуктады. Брюссельде да, Киевде да Мадьяр Венгриянын мурдагы саясатын өзгөртүп, Украинаны колдоого тоскоолдук жараткан чечимдерди токтотот деген үмүт бар.

Ошол эле учурда Мадьяр башка мамлекеттерди Венгриянын ички иштерине кийлигишпөөгө чакырып, өлкө да башкалардын иштерине аралашпай турганын белгиледи. Шайлоо алдында АКШ администрациясынын өкүлдөрү, анын ичинде Дональд Трамп ачык түрдө Виктор Орбанды колдогону айтылган. Европанын айрым саясатчылары болсо расмий билдирбесе да, Мадьярга ыктап турганы байкалган.

Виктор Орбан 16 жыл (төрт мөөнөт) премьер-министр болду. 12-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгында оңчул-борборчул «Тиса» партиясы Венгриянын жаңы парламентинде конституциялык көпчүлүккө ээ болору күтүлүүдө.

Шерине

XS
SM
MD
LG