АКШ президенти Дональд Трамп 12-апрелде журналисттерге берген маегинде Рим папасы Леонду сынга алды. Ал понтифик тууралуу «мен анын чоң күйөрманы эмесмин» деп билдирди.
Бул билдирүү папа Леон бир күн мурда тынчтыкка чакырык жасагандан кийин айтылды.
«Мен Папа Леонду жактыра бербейм. Ал өтө либералдуу адам жана кылмыштуулукту токтотууга ишенбейт», — деди Трамп.
Ошондой эле ал папаны «өзөктүк курал чыгарууну каалаган өлкө менен ойноп жатат» деп айыптады.
Андан бир нече саат мурда Трамп социалдык тармакта узун билдирүү жазып, «Иранда өзөктүк куралдын болушун туура деп эсептеген папаны каалабайм» деген сыяктуу сөздөрдү айткан.
70 жаштагы америкалык папа түздөн-түз Иранды же Трампты атаган эмес, бирок дүйнө лидерлерин зомбулукту токтотууга чакырган.
«Жеке башыңарга жана акчага табынганды токтоткула! Күч көрсөтүү жетиштүү болду! Согуш жетиштүү!» — деген ал.
7-апрелде папа Трамптын "Ирандын цивилизациясын жок кылуу тууралуу коркутуусу кабыл алгыс» деп атаган.
Рим папасы Леон XIV АКШда төрөлгөн. Өткөн жылы Дональд Трамп аны шайланышы менен куттуктаган. Ал Рим папасы болгон АКШнын биринчи жараны экенин белгилеген.
Трамптын сын-пикиринен кийин Рим папасы согуш маселеси боюнча өз позициясын өзгөртпөй турганын айтты.
Шерине