Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:22

АКШ Иран мунайын сатып алгандар "жоопко тартыларын" эскертти

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ Ирандын санкцияга кирген мунайын сатып алган же саткан бардык тараптарды «катуу жоопко тартат». Бул тууралуу Кошмо башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Тодд Бланш билдирди.

Анын билдирүүсү АКШ президенти Дональд Трамп стратегиялык Ормуз кысыгын блокадага алуу чечимин жарыялагандан кийин жасалды.

Бланш социалдык тармактагы билдирүүсүндө кошумча маалымат берген жок

Трамптын алгачкы билдирүүлөрүнөн кийин АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) блокада кысыкты толук жабуу эмес экенин тактады.

Маалыматка караганда, Ирандын портторуна кирген жана чыккан бардык деңиз каттамдарын бөгөттөө каралууда.

Трамп АКШ армиясы блокаданы 13-апрелде чыгыш убактысы боюнча саат 10:00дө (Иран убактысы боюнча 17:30да) баштай турганын ырастады. Ал флотко Иранга кысыктан өтүү үчүн акы төлөгөн кемелердин баарын аныктап, кармоону тапшырды.

Иран менен АКШ ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашынан улам жана Жакынкы Чыгыштагы жаңжал күчөшү мүмкүн деген кооптонуулардан кийин 13-апрелде мунайдын баасы жана доллардын курсу жогорулады.

Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, Brent мунайынын 13-апрелде эртең менен болжол менен 7,5 пайызга өсүп, бир баррели 102,37 долларга жетти.

Ошол эле учурда коопсуз актив катары мурда кымбаттаган алтындын баасы болжол менен 2 % төмөндөдү. АКШнын мамлекеттик облигацияларына да басым күчөдү.

Шерине

XS
SM
MD
LG