Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:09

Нетаньяху Ливандын түштүгүнө барып, согуш уланарын билдирди

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху. Архивдеги сүрөт.
Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху. Архивдеги сүрөт.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 12-апрелде Ливандын түштүгүндө жайгашкан аймактарга барып, Иранга таянган «Хезболла» кыймылына каршы аскердик операциялар эл аралык ок атышууну токтотуу чакырыктарына карабастан уланарын билдирди.

«Согуш уланууда, анын ичинде Ливандагы коопсуздук аймагында да», — деди Нетаньяху өзүнүн кеңсеси тараткан видеодо.

Ал Ливандын түштүгүнө Израилдин коргоо министри Исраэл Кац жана Башкы штабдын башчысы Эял Замир менен бирге барган. Алар так кайсы жерде болгону белгиленген эмес.

«Бул коопсуз аймак аркылуу Ливандан басып кирүү коркунучун алдын алдык. Дагы жасала турган иштер бар, биз аны жасап жатабыз», — деди Нетаньяху.

Эки күндөн кийин, 14-апрелде Вашингтон шаарында АКШ, Ливан жана Израил өкүлдөрүнүн түз сүйлөшүүлөрү өтөрү күтүлүүдө.

Ливан Жакынкы Чыгыштагы согушка өз эркине каршы тартылган. Анткени АКШ менен Израил 28-февралда Иранга абадан сокку ура баштаганда, Тегеранга ыктаган «Хезболла» Израилди ракета менен аткылаган. Андан бери Израилдин армиясы дээрлик күн сайын Ливанды бомбалап келет.


ЦАХАЛ жоочуларга каршы операция жүргүзүп жатканын жүйө кылып, адегенде карапайым тургундарга тиги же бул аймактан чыгып кетүүнү эскертет.

«Хезболланы» Израил жана АКШ террордук уюм катары тааныйт.

Ал арада Ливандын премьер-министри Науаф Салам согуш жүрүп жаткан учурда Израил менен Хезболла ортосундагы кагылышууну токтотуу багытында иштеп жатканын айтты.

«Бул согушту токтотуу үчүн, Израилдин аскерлери биздин бардык жерлерден чыгып кетиши үчүн аракеттерди улантабыз», — деди Салам теле кайрылуусунда.

Ливандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Израил армиясынын аба соккуларынан каза болгондордун саны 2050дөн ашты. Алардын арасында 165 бала жана 80ден көп медицина кызматкери бар.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG