Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:22

Бир жарым күндүк тыныгуудан кийин Орусия кайрадан Украинанын аймагын аткылады

Орус армиясынын аба соккуларынын кесепети менен күрөшүп жаткан өрт өчүрүүчүлөр. Архивдеги сүрөт.
Орус армиясынын аба соккуларынын кесепети менен күрөшүп жаткан өрт өчүрүүчүлөр. Архивдеги сүрөт.

13-апрелге караган түнү Украина менен Орусиянын ортосундагы Пасха майрамына байланыштуу ок атышууну токтото туруу мөөнөтү аяктады. Бул жарашуу расмий түрдө бир жарым суткадан аз убакытка гана созулган. Кремль буга чейин согуштук аракеттер улантыларын билдирген.

Түн ортосунан кийин Украинанын Куралдуу күчтөрү маалымдагандай, орус армиясы Украинанын аймагында 100дөй дрон менен чабуул койгон.

13-апрелге караган түнкү саат 1.00 чамасында дрондор Сумы, Харьков, Днепр, Запорожье, Полтава жана Чернигов облустарын бутага алды.

Чернигов облусунда энергетикалык объект жабыркап, 12 миң адам жарыксыз калды. Бул тууралуу «Черниговоблэнерго» билдирди.

Днепропетровск облусунда эки райондо кыйроолор катталып, соккулардан улам бир нече турак жай күйүп кеткен. Жабыркагандар жок экенин облустук администрация башчысы Александр Ганжа билдирди.

Ошол эле учурда Орусиянын Коргоо министрлиги да украин дрондорунун чабуулу тууралуу маалымдады. Мекеме Белгород, Курск, Ростов, Брянск, Смоленск облустары жана аннексияланган Крым аймагында 33 украин дрону атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Грайворон шаарында украин дрону жарылып, бир аял жаракат алганын Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков билдирди.

Ок атышоо мөөнөтүнүн учурунда дагы тараптар бири-бирин аны бузду деп айыптап турушту.

Украинанын Башкы штабы жарашуу маалында орус аскерлери ок атышууну токтотуу режимин 10 миңден ашык жолу бузганын маалымдады (сөз артиллериялык соккулар, авиациялык чабуулдар жана фронттогу кагылышуулар тууралуу болууда).

Шерине

XS
SM
MD
LG