Орусия менен Украинанын ортосунда 11-апрелдин саат 16:00дөн 13-апрелдин саат 00:00 чейинки убакта "пасхалык тынчтык" күчүнө кирди. "Пасхалык тынчтык" тууралуу мурдараак Орусия президенти Владимир Путин жарыялаган. Украина эгер Орусия атпаса, ок чыгарбоого макулдугун билдирген. Украин президенти Владимир Зеленский Москваны тынчтык келишимин мөөнөтү бүткөндөн кийин да 13-апрелден ары узартууга чакырган.
"Пасхалык тынчтык" күчүнө киргенден кийин эки тараптан тең анын бузулганы тууралуу дооматтар айтылды.
Орусиянын Курск жана Белгород облустарынын башчылары дрон чабуулдары уланып, адамдар жаракат алганын кабарлашты.
Украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы "тынчтык" күчүнө кирген 11-апрелдин саат 16:00дөн кийин 468 ирет сокку урулганын, анын 22си кол салуу учуру болгонун маалымдады. Украинанын Запорожье облусунда абадан коркунуч эскертилген сирена жаңырды.
Украиналык Exilenova телеграм каналы аталбаган булактарына шилтеме кылып, "тынчтык айрым фронт тилкелеринде аныгында иштеп жатканын" жазды. "Учкучсуз чалгынчылар эки тарапта тең учуп жатышат, эки тарапта тең аларды атып түшүрүшүүдө", - деп жазды канал.
Ушундай эле маалыматты орусиялык Телеграм каналдар да жазышты.
11-апрелге караган түндө Одесса жапырт соккуга алынып, эки адам мерт кеткен. Күндүз "пасхалык тынчтык" күчүнө киргенче, Херсондо дрон троллейбуска тийип, айдоочу набыт болду.
11-апрелде Орусия менен Украина 175тен туткундарын алмашты.
Шерине