АКШнын президенти Дональд Трамп Ормуз кысыгын курчоо башталганын жарыялады. Трамптын жекшембидеги билдирүүсүнө караганда, Американын аскер-деңиз күчтөрү "Ормузга кирүүгө жана чыгарууга аракет кылган бардык кемелерди блокадага алат".
Кошмо Штаттарынын Борбордук командачылыгы 12-апрелдин кечинде курчоо Ирандын бардык портторуна тиешелүү экенин жана 13-апрелде Вашингтон сааты менен эртең менен башталарын билдирди.
Трамп флотко Иранга кысыктан өтүү үчүн акы төлөгөн кемелердин баарын аныктап, кармоону тапшырды.
"Мыйзамсыз төлөм төлөгөн ким болбосун ачык деңизден коопсуз өтө албайт", – деди ал.
Жалпыга маалымдоо каражаттары жазгандай, Иран акыркы жумаларда айрым кемелерден кысыктан өтүү үчүн миллион долларга чейин акы алган. Мындай шартты негизинен Иран жана анын көмүскө флоту менен байланышы бар 250дөй кеме кабыл алганы айтылган.
Президент Трамп АКШ Ормуз кысыгын минадан тазалап, кандай чабуул болбосун катуу жооп кайтарарын эскертти.
11-12-апрелде Пакистанда өткөн Иран менен сүйлөшүүлөр тууралуу комментарий берип жатып Трамп тараптар өзөктүк маселе боюнча мунаса таппаганын айтты.
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу жекшембинин түнү Ормузга жакын аймакта кандай аскердик кемелер пайда болбосун Тегеран муну ок атышууну токтотуу кежимин бузуу катары карай турганын жарыялаган.
Билдирүүдө кысык ирандык күчтөрдүн көзөмөлүндө экени, жарандык кемелер андан атайын шарттарды сактоо менен өтүп жатканы айтылат.
АКШ менен Иран өткөн аптада ок атышууларды эки аптага токтотууну макулдашкан. Келишимге ылайык, Ормуз кысыгы ачылышы керек болчу. Кемелердин кыймылы бир аз убакыт калыбына келип, Израил Ливанга сокку урганда Тегеран кайра жаап койду.
Шерине