Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:23

Испан премьер-министринин аялы коррупцияга айыпталууда

Педро Санчес жана Бегонья Гомес.
Педро Санчес жана Бегонья Гомес.

Испанияда премьер-министрдин жубайы Бегонья Гомеске карата иликтөө аягына чыкты. Ага бизнестеги коррупция, "таасирин сатуу", мүлктү менчиктөө жана уурулук боюнча айып тагылганын El Mundo маалымдады.

Ошол эле учурда укугунан пайдалануу беренеси боюнча иш түз далилдер жоктугунан улам токтотулган. Иш сот арачыларынын кароосуна жиберилди.

Соттун токтомуна ылайык, Гомес өлкөнүн өкмөт башчысынын жубайы макамын ишкер Хуан Карлос Баррабестин кызыкчылыктарын колдоого жана Мадрид университетинде кафедра башчысы кызматын алууга колдонгон.

Гомеске айып жарыяланышы Испания премьер-министри Педро Санчестин жубайы менен Кытайда жүргөн сапары учуруна туш келди.

Испаниянын юстиция министри Феликс Боланьос жогорку инстанциялар бул чечимди четке кагарына ишеничин билдирип, судьялардын аракети "сот системасын уят кылат" деп айтканын RTVE Noticias билдирди.

Гомеске каршы доо арызды коррупциялык схемаларды аныктоо менен алектенген Manos Limpias ("Таза колдор") тобу берген. Топтун лидери ультра оңчул саясатчылар менен байланышы бар деп саналат.

2024-жылы Санчес жубайынын дарегине айыптоолорду үй-бүлөсүн каралоо өнөктүгү деп атап, кызматтан кетүүдөн баш тарткан. Санчестин билдирүүсүнөн кийин Испанияда аны колдогон митингдер өткөн. Премьер-министрдин жана анын Социалисттик партиясынын тарапташтары Санчес ордунда калышын талап кылышкан.


Шерине

XS
SM
MD
LG