Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 13-апрелде Ош облусунун Алай районунун тургундарынын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Анын айтымында, өлкө аймагында аталыштарды кыргызчалоо жана адамдардын ысымдарын бербөө каралууда:
“Муну келерки жылы жалпы республика боюнча бүтүрөбүз. Бирок ошол жерде айылдарга, айыл өкмөттөргө адамдардын аттарын коюну токтотолу деп чечим кабыл алганбыз. “Эмнеге мунун атын коёбуз? Менин деле атам кыйын болгон” деп эки жаат болуп бөлүнүп чабыша берет экенсиңер. Мындайды миңдеген жолу көрдүк”, - деди президент.
2025-жылдын башында Садыр Жапаров тогуз айылдын аталышын өзгөрткөн мыйзамга кол койгон.
Документке ылайык, Аксыдагы Таштак – Малкалды, Ноокендеги Параканда – Баракелде, Кочкордогу Большевик айылы - Баялы Исакеев, Бакай-Атадагы Ынтымак – Шадыкан, Манастагы Новодонецк – Айтматов, Таластагы Козучак – Жанкороз Олуя, Балбал – Жаныбек Баатыр, Москва районундагы Чоң-Арык – Сыйдалы, Ак-Суудагы Теплоключенка – Ак-Суу айылы болуп өзгөртүлгөн.
Кыргызстанда оторчулук доордон, андан кийин советтик мезгилден калган коммунисттик пропаганда, идеологиялык мааниси бар шаар, айыл аталыштарын өзгөртүү демилгеси узак жылдан бери аягына чыга элек.
2023-жылы Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Элдик курултайда Бишкектеги төрт райондун аталышын кыргызчага алмаштырууну сунуш кылган. Анын сөзүнө расмий Москва реакция жасап, Мамлекеттик Думанын депутаттары “Кыргызстанда орус тилин кодулоо болуп жатат” деген билдирүү менен чыкканда коомчулукта катуу талкуу болгон. (BTo)
Шерине