Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:09

Дмитриевка: Айылдын аталышын өзгөртүү сунушунан чыккан талаш

Дмитриевка айылынын тургундары Гүлнара Ахмедова, Гүлгаакы Оспанова.
Дмитриевка айылынын тургундары Гүлнара Ахмедова, Гүлгаакы Оспанова.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Дмитриевка айылын Эсиркемиш деп өзгөртүүнү жергиликтүү тургундар демилгелеп чыкты. Айылдын айрым тургундары буга каршы болуп, аны өзгөртүүсүз калтыруу керектигин айтууда.

«100дөн ашык кол топтолгон арыз бар»

Өткөн апта соңунда интернетке Дмитриевка айылындагы коомдук угууда тартылган видео тараган. Кыштактын аталышын алмаштыруудан чыккан талаш-тартыш ошондо белгилүү болгон. Бул айылдын аталышын Эсиркемиш деп өзгөртүү демилгесин 100дөн ашуун тургун колдоп, кол коюп, тиешелүү арызды Жээк айыл өкмөтүнө тапшырган.

Демилге көтөргөндөр "ушул аймакты байырлаган өз доорунун таасирдүү башчыларынын бири айылдын аталышына Эсиркемиш бийдин ысымын ыйгаруу туура, Дмитриевка деген аталыш оторчулук маалында кокустан берилип калган болушу ыктымал, анткени Дмитрий деген кишинин тарых-таржымалын, ким экенин эч ким билбейт" деген жүйө келтирип жатышат.

Демилгечилердин бири, Дмитриевка айылынын тургуну Гүлгаакы Оспанова. Ал сунушун тарыхты унутпоо максаты катары түшүндүрүп, өзгөртүүгө каршы чыккандар кыштактын орусча аталышын калтырууну каалап жатканын айтты:

Гүлгаакы Оспанова
Гүлгаакы Оспанова

“Эгер Дмитриевка айылын жөн гана орусча аталышынан арылтуу максатында өзгөртүшсө, ага биринчи болуп мен каршы чыкмакмын. Дмитриевканын аталышын сактап калалы демекмин. Солтодон чыккан [Эсиркемиш] бий ушул жерлерди жердеген. Азыркы Дмитриевка мурун “Эсиркемиштин кыштоосу”, “Эсиркемиштин бекети” катары белгилүү болгон. Бул тууралуу бир нече китептерде жазылып калган, санжыраларда бар. Биз баарын окуп чыктык. Тарыхка баа берип, аны урматтап, “кечээ ким элек?” деген суроону эске алганда, айылдын атын Эсиркемиш деп өзгөртүү сунушун колдойм. Ооба, биз көп улуттуу айылбыз. Түшүнбөстүктүн айынан каршы чыккандар болуп жатат” , деди Оспанова.

Талкуунун чордонунда калган Дмитриевка айылы Ысык-Ата районунун Жээк айыл аймагына карайт. Бишкек шаарынан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан. 1882-жылы түптөлгөн кыштакта үч миңден ашуун тургун жашайт. Анын 140тан ашууну орус тектүүлөр.

Гүлнара Турарова айылдын аталышынын Эсиркемиш деп өзгөртүү демилгесине каршы болгондордун бири:

Гүлнара Турарова
Гүлнара Турарова

Мен бул айылда 1965-жылдан бери жашайм. Буга чейин Дмитриевкада эки гана кыргыз үй-бүлө болгон. Калганы ар улуттун өкүлдөрү эле. Дмитриевка деген аталыш илгертен бар. Азыр сунушталып жаткан адам жөнүндө биз эч нерсе билбейбиз. Ал бул жерде жашаганбы же кыштаганбы, белгисиз. Мен биринчи жолу угуп жатам”.

Айылдын дагы бир тургуну Гүлнара Ахмедова аталышты алмаштыруу маселеси көпчүлүктүн макулдугусуз каралып жатат деген ойдо:

Гүлнара Ахмедова
Гүлнара Ахмедова

“Башында муну тамаша го деп ойлогом. Бирок кийин кол топтолуп, арыздар даярдалганын билдим. Айыл тургундарын кыдырып, ар биринин пикири суралган жок. Кийин социалдык тармактарда чоң талкуу чыкты. Биз Кыргызстанда жашайбыз, эч ким каршы эмес. Бирок бул иш мыйзамдын негизинде жүргүзүлүшү керек болчу”.

Аталган айыл өкмөтүнүн өкүлү Ирина Чыныбаеванын айтымында, айылдын аталышын өзгөртүү боюнча сунуш аларга 2025-жылдын 30-декабрында түшкөн.

Ирина Чыныбаева
Ирина Чыныбаева

“Бул жерде болжол менен жүздөн ашык киши кол койгон арыз бар. 30-декабрда Жээк айыл аймагынын тургундарынан эки киши келип, дал ушул арызды жеке мага тапшырып кетишкен. Тагыраагы, Дмитриевка айылынын аталышын өзгөртөлү деп, ушундай арызды таштап кетишкен”, — дейт Чыныбаева.

Айылдын аталышын өзгөртүү демилгеси айыл өкмөткө берилгенден дээрлик бир айдан кийин 2026-жылдын 22-январында маселе боюнча коомдук угуу өткөн. Ага катышкан айылдын тургуну Назгүл Тулеева тарыхчылардын Эсиркемиш бийи тууралуу түшүндүрмөсү туура деген көз карашын бөлүштү:

Назгүл Түлеева
Назгүл Түлеева

“Чогулушка клубга бардык. Тарыхчылар келди, айтып түшүндүрүштү. Бизде башка аталыш койсокпу деген ойлор бар болчу. Бирок андай болбойт экен. Тарыхы бар, таанымал инсандардын атынан коюш керек экен. Бул жерди мурда Эсиркемиш аттуу атабыз жердеген деп, ошол аталышка макулсуңарбы дешти, макулдук бердик. Илгертен ата-бабаларыбыздан калган жер экен”.

Эсиркемиш деген ким?

Айылда өткөн коомдук угууга чакырылган санжырачы Аскат Сарыбашов Эсиркемиш бийдин таржымалы тууралуу "Азаттыкка" айтып берди:

“Эсиркемиш Байсейит уулу болжолдуу 1690-жылдары төрөлүп, 1770-жылдары 80 жашка чукулдаганда каза болгон. Эсиркемиш ушул өрөөндү жердеген, башкарган кичи бий болгон. Ушул өрөөндө төрөлүп, чоңоюп, кербен сарай салган. Өзүнүн коргону, боз үйлөрү, тегирмени болгон. Ал кезде Кытай, Кашкардан бери уланган Улуу Жибек жолу дал ушул азыркы Чүй өрөөнүн, анын ичинде Дмитриевка айылын аралап өткөн да. Улуу Жибек жолу аркылуу ары-бери өткөн кербендер токтоп, чай ичип, ошондон бул жер “Эсиркемиштин бекети” деп аталган. Азыр деле улуу курактагы кишилер ал жерди бекет деп атап келишет. Эсиркемиштин атасынын аты Байсейит. Анын атасы Бөлөкбай. Бөлөкбайдын атасы Чаа. Чаанын атасы кадимки Солто. Ал эми Эсиркемиштин өзүнүн төрт баласы болгон. Бир баласы Кебек Түндүк Кыргызстандын башкы бийи болгон. Азыр ошол Ысык-Ата районундагы Серафимовка айылынын аталышы Кебек бий болуп өзгөрбөдүбү. Ошол Кебек бий Эсиркемиштин тун уулу болот. Ал эми Дмитрий дегенди эч ким деле толук билбейт экен. 1860-70-жылдары орус көчмөндөрү келе баштайт. Губерниядагылар көчүп келген орустарга жер бөлүп беришкен. Бул болжолдуу 1900-жылдардын башы болуп калат. Кайсы орус кайсы жерди ээлеп, отурукташып калса анын ысымы ошол жерге коюла берген. Ошондон улам бул айыл Дмитриевка деп аталып калган. Бул революцияга чейинки 15-20 жыл мурда болгон окуялар”.

Кыштактын аталышын өзгөртүү сунушун 23-январда айылдык кеңештин депутаттары карап, 12си колдоп, бири каршы добуш берген.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү Венера Исалиева айылдын аталышын өзгөртүү жараяны андан ары кандай уланарын түшүндүрдү:

Жыйындын жыйынтыгы боюнча протокол түзүлүп, айылдык кеңештин депутаттарынын чечими болот. Андан кийин бул маселе райондук деңгээлде каралып, райондук жана облустук администрациянын чечими чыгат. Облустук бийлик сунушту тиешелүү мамлекеттик агенттикке жөнөтөт”.

Оторчулуктан калган аталыштарды өзгөртүү, Орусиянын каршылыгы

Кыргызстанда орус падышачылыгынын оторчулук (колонизация) саясаты жана андан кийинки совет мезгилинде пропагандадан, идеологиядан улам коюлуп калган жер-суу аталыштарын өзгөртүү аракети өлкө эгемендик алган жылдардан бери көрүлүп келет. Бирок жараян жай жүрүп, ар кандай талаш-талкуу менен коштолуп келатат.

Баш калаа Бишкектин төрт районунун аталыштары да советтик идеологияга ылайык коюлганы айтылып, кыргызчалоо сунуштары берилип жүрөт.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 2022-жылы Элдик курултайда Бишкектеги төрт райондун аталышын алмаштырууну сунуш кылгандан көп өтпөй Кремлге жакын адамдар бул кадамды сынга алган. Алар муну "Кыргызстанда жашаган орус тилдүү элдин укугун тебелөө" катары баалап, Грузияда жана Украинада баары орус тилин кысуудан башталганын эскертип, бул маселеге Орусиянын президенти да көңүл бурушу зарыл дешкен.

Орусиянын реакциясы коомчулукта кызуу талкуу жаратып, "эгемен өлкөнүн ички саясатына кийлигишүү" катары сыпатталган.

2025-жылы Кыргызстанда төрт айыл аймагы менен 13 айылдын аталышын өзгөртүү чечими кабыл алынды.

Орусиянын оторчулук саясатын, андан кийин совет доорунда аталыштар кандай өзгөргөнүн иликтеген тарыхчы Кыяс Молдокасымов буга чейин "Азаттыкка" курган маегинде буларды айтып берген:

"Тарыхчы катары эгемендиктин алгачкы жылдарында: “Эмне себептен Чүй, Ысык-Көл аймактарында жүргөндө Кыргызстанда эмес, Орусиянын аймагында жүргөндөй болобуз? Аталыштарынын бардыгы нукура кыргызча эмес, оторчулук саясатынын мезгилинде коюлган аталыштар бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет” деп, көп ойлонуп, кызыгып жүрдүм. 1988-1990-жылдары Ташкенттин, Алматынын архивдеринде иштеп жүргөн мезгилде ушул суроолорума жооп алдым. Жер-суу аталыштары кандай өзгөргөндүгү тууралуу архивдик документтерге туш болдум. Айрымдарынын көчүрмөсүн алдым, айрымдарын кол менен жазып алдым. Кийин анализдедим. Кандай таризде өзгөрүүлөр болгонун карасам, алгачкы эң негизги аталыштар “Александровка, Николаевка, Петровка, Алексеевка” деп, падышалардын атынан коюлган экен. XIX кылымдын аягындагы дагы бир документке туш болдум. Ташкенттин аталышы боюнча Александрдын урматына “Александрогород”, “Александроград” деп өзгөртөлү деген сунуштарды айтышкан экен. Бирок жергиликтүү элдин маанайынан улам “Азырынча Түркстан генерал-губернаторлугунун борборун - Ташкент шаарын “Александроград” деп өзгөртүү эртелик кылат. Кийинкиге жылдыруу керек” деп, Ташкенттин аталышы өзгөрбөй калган. Андан кийин Кыргызстандын аймагында четинен падышанын аттары коюла баштады. Жогоруда айткандай, Александрдын, Николайдын, Алексейдин, Петрдун атынан коюп жатып, жайнап кетпедиби. Бул, биринчиден, падышага карата кошомат. Ошол мезгилде “жаңы жерди өздөштүрдүк, бул жерди өзүбүз каалагандай кылабыз” дегендей саясат болчу. Экинчи жагдай, келгиндер отурукташкан жерлерге атайын чиркөөлөр курула баштаган. Ошол чиркөөлөрдүн аталыштары боюнча Троицкая, Архангельская, Новопокровская деген аталыштар коюла баштады".

  • Жергиликтүү тургундардын айтымында, Чүйдө аталышын өзгөртүү сунушталган Дмитриевка Дмитрий деген поптун атынан коюлган деген маалымат бар.

Тарыхчы Молдокасымов оторчулук доорунда падышанын жан-жөөкөрлөрүнүн, үй-бүлөсүнүн, балдарынын аттары коюла баштаганын иликтөөлөргө таянып баяндады.

"Ысык-Көлдөгү Жети-Өгүз районундагы Липенка айылы бар. “Ушул айылдын аталышы эмнеден улам болду экен?” деп жүрдүм эле. Жергиликтүү калк: “Аталышын өзгөртөлү. Бул бизге туура келбейт. Бул жерге алгач көчүп келген колунда бар кулактын кызы ушул дарыяга агып, чөгүп каза болгон. Анан өзүнүн кызынын атынан Липенка деп койдуруп алды”, - дешкен. Ушундай аталыштар бул жерде оторчулук саясатынын тушунда, Кыргызстандын укугу катуу чектелген мезгилде коюлгандыгы оркоюп эле көрүнүп турат. Оторчулук саясатынын мезгилинде коюлган аталыштарды өзгөртөлү дегенде эле маселе чыгат. Себеби “Чүйдөгү жер-суу аталыштары өзгөртүлсө антиорусиялык маанай Кыргызстанда күчөп жатат, бул жакшылыкка алып барбайт” деген ызы-чуу көтөрүшөт. Ушунун кесепетин эгемендик доорунун алдынан баштап, бүгүнкү күнгө чейин көрүп келебиз", - деди Молдокасымов.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев парламентте Чүйдүн айылдарындагы орусча аталыштар боюнча маселе көтөргөн.

“Бирөө Чүйдөгү айылдардын атын жазыптыр. Беловодское, Садовое, Сосновка, Васильевка, Ивановка, Орловка, Озёрное, Октябрьское, Полтавка, Крупское, Романовка, Петровка, Кировское, Комсомольское, Полевое, Советское, Будённовка, Зелёное, Маевка, Мраморное, Лесное, Серафимовка, Степное, Лубяное, Тельман, Ударник, Ленин, Рот-Фронт, Юрьевка, Мичурин, Прогресс, Горная, Рассвет, Восток, Дружба, Гагарин деп кете берет экен. Биз кайда жашайбыз? Ушуну колго албайсыңарбы”, - деген депутат Акаев тиешелүү мекеме жетекчилерине кайрылып.

Ошентип бир эле Кыргызстанда эмес, Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдө да кайра жанданып жаткан жер-суунун тарыхый аталыштарын кайтаруу аракеттери жергиликтүү орус тектүү элдин түз, Орусиянын өзүнүн кыйыр каршылыгын туудуруп келүүдө.

Былтыр жайында Казакстанда да кыштактардын биринин орусча аталышын өзгөртүү сунушу жаңжал менен коштолгон.

Макаланын авторлору Гүлжан Эшбаева, Айгерим Акылбекова

Дмитриевка же Эсиркемиш. Айылдын атынан чыккан талаш
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:46 0:00


Шерине

XS
SM
MD
LG