Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:50

Мургабды жана Каратегинди тажикче атоо сунушталды


Мургаб. 2017-жылы тартылган сүрөт.
Мургаб. 2017-жылы тартылган сүрөт.

Тажикстандын тил комитети этникалык кыргыздар көп жашаган Мургаб районун Маргеб жана Каратегин аймагын Раштонзамин деп өзгөртүүнү сунуштады.

Тажик өкмөтүнүн алдындагы Тил жана терминология комитети өлкө аймагындагы 12 миңден ашуун калктуу конуштун, анын ичинде райондор менен айылдардын аталыштары тажик тилинин ченемдерине жана эрежелерине туура келбей турганын билдирди.

Алардын 5 миңден ашуунун өзгөртүү сунушталып жатканын Тил жана терминология комитетинин төрагасы Олимжон Мухаммаджонзода 3-августта Дүйшөмбүдө өткөн маалымат жыйынында айтты.

Олимджон Мухаммаджонзода
Олимджон Мухаммаджонзода

“Биз, атап айтканда, Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы Мургаб районун Маргеб району деп, ал эми Каратегин өрөөнүн Раштонзамин деп атоону сунуштайбыз", - деп айтты.

Мургаб – аянты боюнча Тажикстандагы эң ири район. Тоолуу Бадахшан автоном облусуна караштуу бул район түндүктөн Кыргызстандын Ош облусу, чыгыштан Кытайдын Шинжаң аймагы, түштүктөн Ооганстандын Вахан коридору менен чектеш. Тажикстандагы этникалык кыргыздардын бир бөлүгү дал ушул районду байырлайт.

Этникалык кыргыздардын дагы бир бөлүгү байырлаган Жерге-Тал (азыркы Лахш) району Тажикстандын түндүгүндөгү Каратегин деген тарыхый аталыш менен белгилүү болгон чоң өрөөнгө кирет.

“Азаттыктын” тажик кызматы (“Озоди” радиосу) жазгандай, Мухаммаджонзода Дүйшөмбүдөгү маалымат жыйынында бул өрөөндү Рашт деп атагандар да бар экенин айтты.

"Учурда биздин адистер 5083 конуштун аталышын изилдеп жатышат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө аттары тажик тилинин ченемдерине туура келбеген калктуу конуштардын атын өзгөртүү сунушталды", - деп билдирди Мухаммаджонзода.

Буга чейин Тажикстан өкмөтүнө караштуу Тил жана терминология комитети жергиликтүү бийликтин жоопкерчиликсиз мамилесинен улам ондогон калктуу конуштардын аталыштары окшош экенин билдирген.

Агенттиктин маалыматына ылайык, Тажикстанда Гулистон деп аталган 41 конуш, Вахдат деп аталган 31, Истиклол деген 25, Навобод деп аталган 23 калктуу конуш бар. Дагы ондогон айылдар жана көчөлөр Лолазор, Зарнисор, Бахористон сыяктуу окшош аталыштарга ээ.

"Бир эле аталыштын мындай чексиз кайталанышын токтотуу керек", - дейт тажикстандык тилчи Умед Жайхони.

"Мындан тышкары, менин оюмча, кайсы бир калктуу конуштун аталышын өзгөртүүдө тарыхчылардын пикирин эске алуу керек. Анткени кээ бир айылдар менен жер-жерлерде тарыхый - согдулук, балхтык же памирлик тамырлар бар".

Айрым окумуштуулар конуштардын аталышын өзгөртүү коңшу мамлекеттер менен достукка доо кетирбеши керектигин айтышууда.

"Кайсы бир конуштардын аталыштары, мисалы, ал жерде эзелтеден өзбектер жашап келгендигин көрсөтүп турат. Атын өзгөртүү өлкөдө жашаган башка улуттардын жана этностордун өкүлдөрүнүн нааразылыгын жаратпашы үчүн колдон келгендин баарын жасоо керек”, - деп билдирди белгилүү тилчи, окумуштуу Сайфиддин Мирзозода.

Эмомали Рахмон башында турган тажик бийлиги ондон ашык жылдан бери жер-суу аталыштарын тажикчеге ылайык келгендей кылып өзгөртүү саясатын жүргүзүп келет.

2016-жылы тажик бийлиги Каратегин өрөөнүндөгү Кыргызстандын Ош жана Баткен облустары менен чектеш Жерге-Тал районун Лахш деп өзгөрткөн. Ошондой эле Каратегин аймагындагы бир катар кыргызча жер-суу аталыштары да өзгөртүлгөнү белгилүү болгон.

Азырынча Тажикстандын Тил жана терминология комитетети Мургаб жана Каратегин аймактарынын аталышын өзгөртүү тууралуу сунуш гана берип жатат. Тажик бийлиги бул аймактардын аталыштарына байланыштуу качан чечим кабыл алары белгисиз.

Кыргызстандык тарыхчы, “Мурас” фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов Тажикстандагы кыргызча жер-суу аталыштарын өзгөртүү боюнча аракеттерди сынга алды.

Тарыхчы, публицист жана журналист Кыяс Молдокасымов.
Тарыхчы, публицист жана журналист Кыяс Молдокасымов.

“Кыргыздар жашаган аймактардын кыргызча аталыштардын бардыгын бүгүнкү күндө жок кылып, өздөрүнүн тилине которуп жатканы алардын жалпы саясаты болуп жатат. Бул, албетте, эртели-кечтир жалпы дүйнөлүк коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынбайт”, - деди Кыяс Молдокасымов.

Тажикстандагы этникалык кыргыздар Лахш же мурдагы Жерге-Тал жана Мургаб райондорунан тышкары Кыргызстандын Баткен облусуна чектеш Согд облусундагы бир канча айыл-кыштактарды байырлашат.

2022-жылдагы маалыматтарга ылайык, Тажикстандан 50 миңге жакын адам Кыргызстанга келип, жарандык алган.

Тажикстандын Тил жана терминология комитетинин башчысы шаарлардын же айылдардын аталышын өзгөртүү жергиликтүү тургундарды кооптондурбашы керектигин айтып, тажик баш калаасы Дүйшөмбү (Душанбе) шаарынын аталышы акыркы жүз жылда үч жолу алмашканын, “алгач Дюшанбе, андан соң Сталинабад, кайра Душанбе болуп өзгөргөнүн” белгилеген.

Ходжент шаары (мурдагы Ленинабад)
Ходжент шаары (мурдагы Ленинабад)

Ошондой эле совет доорунда Ленинабад деп аталган шаар Кожент, Орджоникидзеабад деген калаа Вахдат болуп өзгөртүлгөнүн кошумчалады.

Эгемендик жылдарында Тажикстанда жүздөгөн калктуу конуштардын аталышы өзгөртүлгөн. Алардын көбү советтик аталыштарды алып жүргөн.

Маселен Ленинабад облусу - Согд облусу, Москва району - Мир Саид Али Хамадони району, Совет району - Темурмалик району, Ленин району - Рудаки району, Фрунзе — Сино району болуп өзгөртүлгөн.

Бийлик өкүлдөрү мындай аракет аталган аймактардын тарыхый-географиялык аталыштарын кайра жандандыруу максатын көздөй турганын айтууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG