Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:18

Согушка баткан тажик элин Бишкек кантип элдештирген?


Бириккен тажик оппозициясынын лидери Абдулло Нури менен тажик президенти Эмомали Рахмон.
Бириккен тажик оппозициясынын лидери Абдулло Нури менен тажик президенти Эмомали Рахмон.
Алмаз Кулматов.
Алмаз Кулматов.

Коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматовдун блогу.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Тажикстандын экинчи ирет агрессиясы көп нерсенин башын ачты, түркүн санаага жетеледи. Борбор Азиядагы кырдаалды чукул өзгөрттү, мамлекеттерди, эл аралык жана регионалдык уюмдарды сынап, лидерлерди электен өткөрүүдө, элди убайга салып, оор зыян келтирди жана мүшкүл иш жаратты. Кеп башында бир-эки нерсени тактап коюу абзел. Ар бир сөз - укуктук категория, ар кандай аныктама саясий, моралдык жана экономикалык күчкө ээ.

Эл аралык укук жоболору менен дүйнөлүк тажрыйбага ылайык, Тажикстандын атайын агрессиясы жана капилет куралдуу кол салуусу тынчтыкка жана адамзатка каршы кылмыш болуп эсептелет. Чек арадагы кол салуу Кыргызстан менен Тажикстан кол койгон, ратификациялаган эл аралык келишимдерде жана конвенцияларда тынчтыкка жана адамзатка каршы кылмыш катары бааланат.

Мамлекеттер аралык көп тараптуу жана эки тараптуу келишимдердеги жоболорду одоно бузгандык. Укуктук аныктамасы ушундай оор кылмышты жана макулдашууну бир беткей, бузуу менен жасалган одоно аракетти катардагы жаңжал, кадимки чыр-чатак маселесине айлантууга болбойт. Кандай аталса, ошондой баа берилет. Эл аралык аренада далай талаш-тартышта чү дегенде аныктамадан алдырганыбыз жарабайт.

Тажик жериндеги жарандык согуш

Тажикстандын өкмөтү менен Бириккен оппозиция ортосундагы маанилүү сүйлөшүүлөрдүн бири 1997-жылдын 18-майында Бишкекте өткөн.
Тажикстандын өкмөтү менен Бириккен оппозиция ортосундагы маанилүү сүйлөшүүлөрдүн бири 1997-жылдын 18-майында Бишкекте өткөн.

Дипломатиялык наркты сактап, өткөндү козгобоюн десем, тажик тышкы иштер министрлиги биздин өлкөнү жаманатты кылуу кампаниясын күчөттү. Замбирек менен аткылаганын токтото элек жатып, расмий Дүйшөмбү бапылдата керней-сурнайын тартып, жалган маалыматты чар тарапка жайды. Кылган жакшылыгыбызды айта бербейли, сырттагылар колкоо катары кабыл албасын деп келдик.

"Бирөөнүн сага жасаган жамандыгын унут,

Бирөөгө кылган жакшылыгыңды унут".

"Жакшылыкка жакшылык - ар кишинин ишидир

Жакшылыкка жамандык - кор кишинин ишидир".

Жамандыкка жакшылык - эр кишинин ишидир. Ата-бабадан калган насаат бул. Коңшуларыбыз жар боорунда, кыл учунда, кылыч мизинде турганда кылган гуманитардык жардамыбызды, экономикалык колдообузду эч ким тана албайт. Бизге кээде бир туугандарыбыз жана коңшуларыбыз акысына оокатын бербейт, а биз тажиктерге электр энергиясын бир нече жыл кышкысын бекер берип турдук. Эми алардын деңгээлине түшпөстөн, кесибиме жараша сыр билги болгондуктан мыйзамдуу чектөөлөрдөн чыкпастан, нарк, адеп эрежелерин сактоо менен айтууга боло турган айрым жагдайларды чечмелейли. Акылуумун, анткени ошол процесстерге кыйыр жана тике катыштыгым бар. Милдеттүүмүн, себеби насили тарыхчы катары өткөн окуяларды ачык, белгилүү фактыларга таянуу менен калкка баяндап берүүм керек.

Саясатчы катары ушул кыйын кырдаалда биздин өлкөнүн жана региондун кызыкчылыгына жараша эске ала турган сабактарга көңүл буруу зарылчылыгы турат. Анын үстүнө кыргыз коомчулугунда да согушкан тажиктерди жараштырууга Кыргызстандын салымы болгон деген кеп дүңүнөн айтылып, анын мазмуну менен жагдайлары көпчүлүк үчүн абстрактуу мааниге ээ. Жараштыруу тынчтыкты орнотуунун бир гана жагы, ошондуктан биз тынчтыкты орнотуу жана бекемдөөгө салым тууралуу кеп айтканыбыз туура.

Тажикстанды бүлүнткөн беш жылдык согуш

Тажикстанда 1992-жылы тутанган, өлкөнү гуманитардык катастрофага кептеген, регионду кыйноого салган жана бизге коркунуч, оор түйшүк жараткан жарандык согуштун себептери арбын, чиеленишкен жана татаал. Байлык жана бийлик үчүн айыгышкан күрөш, регионалдык ажырым жана атаандаштык, диний жана башка социалдык топтордун ортосундагы карама-каршылыктар, улуттук кызыкчылыктардын антагонизми, саясий жана экономикалык кландар аралык талаш-тартыштар, калктын жакырчылыгы башкы себептер болгон.

Наркотрафик менен курал сатуу бизнесине көзөмөл үчүн кылмыштуу топтор ортосунда кармаш да жарандык согуштун тутанышына, уланышына жана жүрүшүнө эбегейсиз таасир эткен. Чектеш Ооганстандагы кырдаал, ал жактагы этникалык, диний жаңжалдар да согуш отуна май чачкан. А эң негизгиси, ошол учурдагы расмий бийликтин жөндөмсүздүгү, ар кошкон коомчулуктун эгемендикке даяр эместиги жарандык согуштун өбөлгөсү болгону белгилүү. Муну тажик изилдөөчүлөрү да моюнга алат. Маселен, "Тажик аралык диалог" аталган форумдун катышуучулары Тажикстан экономикалык жана саясий жактан колго тийген көз карандысыздыкка даяр эместиги согуштун негизги себеби экендигин бир ооздон баса белгиленген.

Жарандык согуштун натыйжасында 100 миңден ашык адам курман болгон, миллиондон ашык киши сыртка качкан. Негизинен орус, немис, украин сыяктуу славян тектүү улуттар, өзбектер, татарлар, кыргыздар, кыскасы бөлөк улуттар бул өлкөнү таштап кетүүгө аргасыз болгон. Мисалы, 1989-жылы орустар 13,25% болсо, азыр 0,40 %, өзбектер 22,95% болсо, азыр 13,94% түзөт, кыргыздар 1,25% болсо, ушу тапта 0,15% гана калды. Натыйжада ушул кезде Тажикстан моноэтникалык, башкача айтканда тажиктер абсолюттук басымдуулук кылган мамлекетке айланды.

Качкындардын бир далайы Кыргызстанда башпаанек тапты. Жерге-Тал, Мургаб кыргыздары кийин келип отурукташкан диаспора эмес, байыртадан бери ээлеп келген аймактагы ирредента. Башкача айтканда, утурумдук эмес, жергиликтүү калк. Буга тарыхый далидер жетиштүү, ошол аймактардагы ата-бабабыз атаган жер-суу аттары күбө.

Илгертеден бери туруктуу жашаган аймактарынан кыргыз гана эмес, Тажикстандын түркүн аймагынан миңдеген адамдар топ-тобу менен биздин өлкөгө качып келген. Биздин өлкө эл аралык келишимдердин негизинде жана гуманитардык, боордоштук жана чыныгы кошуналык сезимден улам качкындарды кабыл алып, жайгаштырып, колдон келишинче кам көрдү. Кийин алар кыргыз жарандыгын алды, кайра мекенине кайтканы жок. Бул факт.

Жарандык согуш башталганда бизден башка коңшулары, мисалы Өзбекстан чек арасын бекем жаап, жолдорун кан буугандай токтоткон. Тажик-өзбек чек арасы кечээ жакында гана ачылды. Кыргызстан аркылуу гана тышкы дүйнөгө жол тажиктер үчүн өмүр жолуна тете эле. Тажиктер кечээ жакынга чейин Ленинград блокадасындагы “өмүр жолуна” салыштырып келишкен. Бирок Кыргызстан аркылуу өмүр жолу муз үстүндөгү жолдон айырмаланып, Тажикстан үчүн коопсуз, ар тараптан ыңгайлуу эле.

Гуманитардык максаттан улам, коюнубузду кенен ачкан экенбиз, ашкере боорукерликтин жана кенебестиктин айынан азыркы талаштарды күчөткөн жагдайга туш болдук. Тактап айтканда, талаштуу чек ара аймактарында тажик тектүү калктын саны кескин өсүп, акырындап биздин аймактарга жылып отуруп, кечээки кыргыз жери бүгүн алар басымдуу жашаган аймакка айланып отурат. Укуктук статусу анык эмес Ворух анклавынын аймагы кеңейди. Ушул факторду алар мыкты билет жана улантууну көздөйт. Тышкы дүйнөдөн алган жардамдын бир тобу Кыргызстанга чектеш аймактагы тажиктерге кыргыздардын үйлөрүн, жерлерин сатып алууга үстөксүз ссуда катары берилгени маалым. Албетте, муну тажиктер эч качан моюнуна албайт, статистикасында жана ошол акча берген тышкы уюмдарга менен мамлекеттерге отчетторунда дыйкандарга берилген айыл чарба кредити катары көрсөтөт.

Экинчиден, кенебестик кылып, чек арабызды ачык таштагандыктан баңгизаттардын бир тобун биздин территория аркылуу сыртка ташылышына жол бериптирбиз. Наркотрафиктин жолу, негизги маршруттар, схемалар ошондо түптөлгөн экен. БУУ баңгизаттарга каршы кеңсесинин маалыматына ылайык, Ооганстан эзелтеден бери апийим өндүргөн өлкө, 3 миллиондон ашык адам апийим өстүрүү менен алектенет. Ар жылы 4 миң тоннага чейин апийим өндүрүлөт, ушунча апийимдин жериндеги дүң баасы 3 млрд доллар. Кошумча наркы андан кымбат, анткени апийим чийки да, героин катары даярдалып да сатылат.

Дүйнөлүк базардагы героиндин 90% Ооганстанда даярдалат. Героинди Борбор Азия аркылуу сыртка ташуу жылыга өсүп жатканын белгилешет. Ошончо көлөмдөгү апийимдин дээрлик теңи Борбор Азия аркылуу сыртка ташылып жатса, орус коопсуздук кызматы, Борбор Азия өлкөлөрүнүн күч түзүмдөрү 3-4 тонна героин колго түшкөнүн ар жылы мактаныч менен жарыша маалымдашат. Бул орточо эсеп, эң көп дегенде баары биригип келип кармаганы. Тажикстандан сыртка агылган героинди ташуу менен шугулданган Кыргызстандагы кылмыштуу топтор ошондо калыптанган. Азыркы кримтөбөлдөрдүн аталыктары ошондо күчкө толуп, алардын азыркы байбача мураскерлери ошол апийим менен торолгон.

Криминалдуу топтордун Тажикстандын расмий бийлиги, айрыкча күч түзүмдөрү менен эриш-аркагы ошондо чыңалган. Эми эл аралык наркотрафиктин кожоюндары тажик бийлиги, бул өлкөнүн финансылык жана саясий элитасы менен ого бетер камыр-жумур аралашып калгандыктан, расмий бийлигине ошол кылмыштуу топтордун таасири зор. Тажикстандагы жарандык согуш диний экстремисттердин биздин жерге агылып киришине, радикалчыл маанайдагы алгачкы топтордун калыптанышына да чоң өбөлгө болгон. Эбегейсиз байлык алып келген, эң рентабелдүү бизнестен ажырагысы келбеген кылмышкерлер менен диний экстремисттер региондо тынчтык болушун эзели каалабайт, биздин чек аранын такталып, бекемделишине караманча каршы.

Региондогу коопсуздукка коркунуч жараткан, Тажикстандын элин азапка, коншуларын убайга салган жана алигиче түйшүк жаратып жаткан ошол жарандык согуштун факторлору али да күүсүнөн жана элек. Биз ал факторлорду жакшы билүүгө, өбөлгөлөрү менен себептерин унутпоого жана өтмүштөн сабак алууга, учурду кылдат баалоого тийишпиз.

Кыргызстан Тажикстандагы тынчтыктын кепилдиги

Тажикстанда беш жыл ашуун созулган жарандык согуш мындан 25 жыл мурда токтогон деп эсептелинет, анткени 1997-жылы 27-июнда “Тынчтыкты орнотуу жана улуттук биримдик жөнүндө жалпы келишимге” кол коюлган. Башкача айтканда, Тажикстан Республикасынын жетекчилиги менен Бириккен тажик оппозициясы согушту токтотуу боюнча узак, татаал процесстин укуктук статусун бекитишкен. Республиканын мыйзамына ылайык, ушул дата улуттук биримдик (жарашуу) күнү катары расмий белгиленет. Бирок ушул келишим өз алдынча күчкө ээ эмес. Ага чейинки сүйлөшүүлөрдүн, көп кырдуу аракеттердин натыйжасы, соңку келишимге чейин кол коюлган макулдашуулар, протоколдор, меморандумдар ушул келишимдин ажырагыс, мыйзамдуу бөлүгү.

Тынчтыктын орношуна биздин тиешебиз кандай? Биринчиден, регионалдык маселелерге жоопкерчилигибизди сезип, Кыргызстан тажик жеринде согуш оту тутанган алгачкы күндөн тартып тынчтыкты орнотууга умтулду. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги, коргоо, атайы кызматтары коркунучту дароо сезип, абалды туура баалап, согуштун кеспетин болжой алды. Билип тим болбоду, эл аралык уюмдарга, коңшуларга жана Орусияга коңгуроо кагып, аракет кылууга чакырды. Орусия менен бирдикте Тажикстанга тынчтык күчтөрүн жиберүүнү макулдашты.

Тажикстандын тиешелүү кайрылуусу бар эле, бирок БУУнун чечимине жетишүү, колдоосун алуу да бир топ түйшүк жаратты. Анткени адегенде БУУ бул ишке анча көңүл бөлгөн эмес, Орусиянын орбитасындагы өлкө, жоопкерчилик ошондо деген сыяктуу мамиле жасаган. АКШ, Европа Ооганстан менен көбүрөөк алек эле. Бишкек адегенде БУУнун качкындар боюнча комиссариаты, ЕККУ жана башка каналдар аркылуу БУУну согушту токтотуу боюнча биргелешкен аракет жүргүзүүгө үндөп, акыры алар ынандырды.

БУУ тынчтык күчтөрүн жибергени жок, бирок тиешелүү мандатка ылайык 1993-жылы КМШнын коллективдүү тынчтык күчтөрү Тажикстанга кирди. КМШ дегени менен чындыгында Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан гана тынчтык күчтөрүн жиберди. Кыргызстан дароо ошол күчтөргө аскер контингентин кошту жана коргоо министрлигин атайын өкүлдөрүн жөнөттү. Кыргызстан тынчтыкты орнотуу процессине абдан терең аралашкан экен, ар кайсы мекемеде иштеген курсташтарымдын айрымдары менен ушул иштин алкагында кездешкен учурларым да болду.

Бир курдай Тажикстанда кызмат өтөп жаткан биздин контингентке иш менен барган коргоо министрлигиндеги курсташым менен Ишкашимде кокус жолуктум. Бир факультеттин бир курсунда чогуу окугандардын бир иш менен – тажик маселеси боюнча түркүн кырдаалда жолугуунун өзү эле биздин тиешебизди экзистенциалдык жана пенделик деңгээлде да тастыктап турат. Ошентип, БУУ менен ЕККУ тынчтык процессине катыша баштады, БУУ баш катчысы атайы өкүлүн дайындады. Ошол өкүл Герд Дитрих Меррем кийин, 1997-жылы май айында Бишкекте президент Эмомали Рахмонов жана Бириккен тажик оппозициясынын лидери Саид Абдулло Нури макулдашкан меморандумга жана башкы саясий протоколго кошо кол койду. Кыргыз бийлигинин жана дипломаттарынын ролу талашсыз. Кыйын кезеңде кыргыз дипломатиясынын үлкөндөрү да таалай-бак менен миссия жарашкан, тажрыйба менен акыл куп келген инсандар эле.

Тынчтык процессин баштоо жана жүргүзүү учурунда президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Иманалиев, министр Роза Отунбаева эле. Окуялардын алдын алууда тажрыйбалуу чекист, кайран генерал Жумабек Асанкуловдун, Кыргызстандын Тажикстандагы туңгуч элчиси, ага чейин тажиктер ортосунда сүйлөшүүлөргө тынбай катышкан маркум Эрик Асаналиевдин ролу абдан чоң.

Тиешелүү министрликтердин кызматкерлери жоопкерчиликтүү жана иш билги аракеттерди жасады, кыскасы кыргыз бийлиги катуу аракет кылды. Саясий, аскерий, моралдык жана материалдык колдоо көрсөттү. Колдоосун дипломатиялык аракеттер менен бекемдеди. Кыргызстан алгачкы күндөрдөн тартып расмий тажик бийлиги менен бириккен оппозициянын ортосундагы сүйлөшүүлөргө катышты. БУУнун көмөгү менен Москва, Ашхабад, Тегеран, Мешхед, Алматы, Хост (Ооганстан) шаарларында өткөн бир нече раунддарда тараптардын позицияларын, элдешүү шарттарын, тынчтыкты орнотуунун аскердик, саясий, укуктук жана башка маселелерин чечүүгө батыл аралашты. Бири бирин жек көргөн, кан төгүп кармашкан тараптарды жолуктуруу машакаты, делегациялар ичинде кутумдар, пикир келишпестиктер, сөздөн чалынсаң оңбой турган талкуулар, сыпаа, бирок кырчылдашкан кармаштар, түркүн позициялар, кыскасы түмөн түйшүктү кечирүүгө туура келди.

Албетте, ушул раунддарда белгилүү прогресс болду, документтерге кол коюлду, бирок тажик бийлиги менен оппозиция негизги маселеге – саясий жагдайларга жана бийлик бөлүштүрүүгө келип такалды. Талылуу маселе болгондуктан делегациялар эч чечимге келбей, ал тургай жолугушуудан баш тарта башташты. Анын үстүнө жолугушуу кайсы жерде өтсө, ошол өлкөнүн кызыкчылыгы, тигил же бул тарапка мамилеси сүйлөшүүлөргө таасир этпей койбойт экен. Абсолюттуу бейтараптык, калыстык оор озуйпа, ар кимдин колунан келе бербейт.

Москвада жана Алматыда тажик расий бийлигинин өкүлдөрү оппозиция тарапка кысым кылса, Тегеран менен Хост шаарларында оппозиция тарап алардын идеологиялык жакындыгына таянып тажик бийлигине үстөмдүк кылгысы келген учурлар болду. Ошентип, ансыз деле татаал процесс тунгуюкка кептелгенде БУУ да, Орусия да, кыскасы баары баарын канааттандырган жер катары Бишкекти тандайт. Дал ушу чечүүчү кезде Бишкектин көпүрө жана баарына ылайык жай катары тандалышы кокусунан эмес эле. Анткени каршылаш тараптар да, сүйлөшүүгө катышкандар да Бишкектин тынчтыкты орнотуу боюнча элчилик тажрыйбасына жана калыс позициясына ишенген. Тараптар демекчи Бишкекке болгон ишеним андан мурда эле калыптанган. Делегация мүчөлөрү макулдашууга жетише албай калган сайын Кыргызстанда жолуксак, балким чечилет беле деген пикирлерин астырт айтып келишкен. Ушундай пикир күчөп, эки жыл бою айтылды.

Абал кооптуу болсо да, Кыргызстандын президенти Аскар Акаев 1996-жылы Тажикстанга расмий визит менен барган алгачкы президент. Буга чейин не коңшулар, не башкалары мындай бийик деңгээлде визит кылган эмес. Ушул чечкиндүү кадам аркылуу Кыргызстан тажик жериндеги тынчтыктын тезирээк орношуна астейдил кызыктар экенин, тынчтыкка ишенерин, тажик элин чындап колдой турганын демонстрациялаган. Тажикстандагы тынчтыкты орнотуу эң чоң саясий дивиденд, дипломатиялык жеңиш, келечектеги таасирге пайдубал, мамиледе күчтүү аргумент. Муну баары эң сонун билет. Ошондуктан кай бир өлкөлөр Бишкектеги жолугушууга каршылык кылып келген.

Таалайыбызга жазган экен, аракетибиз майнаптуу болгондуктан, 1997-жылы 16-18-май күндөрү тарыхый жолугушуу өтөт. Саясий протоколго кол коймок турсун, делегециялар кер-мур айтышып, бир дасторконго отурбай, кетип калган учурлар болгон. Бул ирет да баары ойдогудай өттү дешке болбойт. Жолугушуу абдан курч кырдаалда өтөт. Бирок кыргыз тараптын акылмандыгы жана бекем калыстыгы, тараптардын кыргыздарга ишеними ортону жибитип, негизги документ болгон саясий протоколго жана Бишкек меморандумуна кол коюлат.

Ушул документтерде принципиалдуу саясий көйгөйлөр чечилет. Тактап айтканда, улуттук жараштыруу комиссиясы иштейт, бири бирине кечиримдик актысы кабыл алынат, акт кабыл алынган соң согушка катыкандар үчүн амнистия жөнүндө мыйзам кабыл алынат, парламентке шайлоо дайындалып, курамына тажик оппозициясынын өкүлдөрү (25%) шайлоо комиссиясы түзүлөт, баардык бийлик бутактарынын үчтөн бирине бириккен оппозициянын өкүлдөрү дайындалат, буга чейин тыюу салынган саясий партияларга, уюмдарга жана маалымат каражаттарына чектөө алынат, куралдуу топтор куралсыздандырылат деген сыяктуу орчундуу жоболор так белгиленет.

Ушуларды, буга чейинки макулдашууларды жана өз мөөнөтүндө, кыйшаюусуз аткарабыз деген милденттенме алышат. Эми жакында жалпы келишимге кол коебуз деп макулдашат. Мына ушул жоболорду камтыган эң маанилүү документтер болгон меморандумга жана саясий протоколго Бишкектеги тагдыр чечүүчү жолугушууда кол коюлган. БУУ, ЕККУ, Орусия, Иран, Пакистан, Ооганстан, Борбор Азия мамлекеттери катышкан тынчтыкты орнотуу процессине жол ачкан документтерге биздин өлкө демилгечи болгон, жигердүү катышкан, негизги ролду ойногон. Укуктук келишимдер менен маселе бүтпөйт эле.

Кыргыз Республикасы тынчтык тууралуу келишимдердин аткарылышына, тынчтыкты орнотууга жана улуттук биримдикке кепил мамлекет да болгон. Жалпы келишимде биздин БУУга, Орусияга, Иран сыяктуу эле өлкөгө да ушундай бийик жана жоопкерчликтүү статус берилген. Бул кооз аныктама эмес, укуктук жоопкерчилик, саясий ишеним, дипломатиялык милдеттенме жана ары сыймыктуу, ары татаал миссия. Тынчтык тууралуу келишимдердин, анын ичинде Бишкек протоколунун аткарылышын көзөмөлдөө үчүн кепил мамлекеттердин өкүлдөрү кирген туруктуу иштеген контактык топ түзүлөт. Контактык топ тынымсыз иштеп, ар бир пунктун ишке ашышына көзөмөл жүргүзүп, тараптардан убадарын аткарууну талап кылып, моюн толгосо көндүрүп, айтор абдан оор милдеттерди аткарган.

Стабилдүү өлкөдө кенедей министрликтин катардагы кызматкерин бошотуу же дайындоо оңой эмес, а бул жерде кечээ курал көтөрүп чуркап жүргөн согушкерди кызматка коюу, талаа командирин министр кылуу, беш жылдан бери согушуп, ээн жердин бөрүсүндөй аралай чаап көнгөн топторду куралсыздандыруу жеңил болмок беле. Эки жагы тең нечен алекеттен өткөрүп, анан көнөт. Куралды тапшырам деген канчасын тапшырды, канчасы калды, эсебин ким билет.

Мына ушул маселелер кепил мамлекеттерден турган контакттык топко жүктөлгөн жана алар өз озуйпасын аткара алды. Ошондуктан Тажикстанда тынчтык орноду. Айтмакчы, Кыргызстан Тажикстанда элчилик ачкан алгачкы өлкөлөрдүн бири. Ага чейин Орусия, Түркия, АКШ, Германиянын элчилиги гана болгон. Кыргыз элчилиги 1997-жылы июнь айында, Бишкек саясий протоколуна кол коюлгандан кийин дароо ачылган. Бул акт аркылуу биздин тынчтыкты орнотууга бекем ишенимди жана биздин жерде кол коюлган протокол үчүн жоопкерчиликти белгиленген.

Ошентип, Кыргыз Республикасы коңшу Тажикстандагы кан төгүлгөн көп жылдык жарандык согушту биротоло токтотууга, тынчтыкты орнотууга салым кошкон, региондогу тынчтыкка кепил мамлекет катары миссиясын өз убагында эң мыкты өтөгөн. Дипломатия сабактары биздин жадыбыздан чыкпоого тийиш жана сыноолордо колдонулуусу кажет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG