Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:12

Тажик атуулдук согушун басуудагы Бишкектин ролу


Бириккен тажик оппозициясынын лидери Абдулло Нури менен тажик президенти Эмомали Рахмон

1997-жылы 18-майда Бишкекте эң маанилүү протоколго кол коюлуп, бул Тажикстандагы жаатташкан тараптардын тынчтык келишимине жетишүүгө өбөлгө болгон. Тынчтык келишимине 27-июнда Москвада президент Эмомали Рахмон менен Бириккен тажик оппозициясынын лидери Абдулло Нури кол коюшкан.

Тажикстан беш жылдык жарандык согушка чекит койгон тынчтык келишиминин 20 жылдыгын белгилеп жатат. Жаатташкан эки тарапты - тажик өкмөтү менен Бириккен тажик оппозициясын бетме-бет отургузуп, элдештирүү үчүн сүйлөшүүлөрдүн тогуз айлампасы өткөн.

1997-жылы 18-майда Бишкекте президент Эмомали Рахмон менен бириккен оппозициянын лидери Абдулло Нури саясий маселелер боюнча протоколго кол коюп, бул тынчтык келишимине жетишүүгө өбөлгө болгон.

Тынчтык келишимине ошол жылы 27-июнда Москвада президент Эмомали Рахмон менен Бириккен тажик оппозициясынын лидери Абдулло Нури кол коюшкан.

Борбор Азиянын тоолуу чакан өлкөсүндө беш жылга созулган алааматтан башкалар кандай сабак алышы керек? Өзү жаңы эгемендикке ээ болуп, бутуна туруп келаткан Кыргызстандын тажик согушун басууда ролу кандай болгон?

Талкуунун катышуучулары: Лондондогу Экономика мектебинин изилдөөчүсү Анна Матвеева, Тажикстандагы жарандык согушта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин атайын тапшырмалар боюнча чабарманы болгон дипломат Эрик Асаналиев, тынчтык сүйлөшүүлөрүн чагылдырган тажикстандык журналист Салим Аюбов.

"Азаттык": 20 жыл мурунку тарыхый келишимге ушул тапта кандай баа берилет? Айрымдар тынчтык келишими өз миссиясын аткарды дешсе, башкалар, тескерисинче, Тажикстанда бир үй-бүлөнүн бийлиги орноду деген да көз карашта экени белгилүү.

С.Аюбов: Тажикстандын расмий бийлиги позитивдүү позицияда, уруш-талаш жок, адамдар жайбаракат турмуш куруп жатканын жүйө тартышат. Аны менен катар эле эл арасында оюн ачык айтуудан айбыккан, башкача көз караштагы пикирлер дагы басымдуу.

“Биз азыр оюубузду ачык айткандан чочуйбуз, учурда анда жетишилген тынчтыктан эч нерсе деле калган жок. Рахмон башында турган бийлик 20 жыл мурун орногон тынчтыкты, аны менен келген бардык жакшы нерселерди өзүнө ыйгарып алды” деп жазгандар бар.

Өткөн жылы Ислам кайра жаралуу партиясынын ишмердүүлүгүнө расмий тыюу салынган.

Тажикстанда турмуш оңолгону, тынчтык бекемделгени бир гана тарапка менчиктелип, ошол тараптын эмгеги катары бааланып, экинчи тарап такыр эле жокко чыгарылып калбадыбы.
С.Аюбов

Кечээ эле Бириккен Улуттар Уюмунун атайын өкүлүнүн баяндамасында айтылгандай, сөз эркиндиги дагы кейиштүү абалда. Айтор, Тажикстанда ушул тапта бийлик тынчтыкты алып келген тарыхый келишимге 20 жыл толду деп майрамдык маанайды билдирсе, үнүн чыгаруудан чочуган калың катмардын көөнүндө "20 жылда эмнеге жеттик, кудайга шүгүр, согуш жок дегени менен, ошол тынчтык келишимине кол коюлганда коомду демократиялаштыруу, мамлекеттик бийликти реформалоо, партиялардын эркин иш жүргүзүүсү, сөз эркиндигин камсыздоо боюнча стратегиялар жазылат, программалар кабыл алынат деп айтылбады беле. Кана, алардын ишке ашканы!" - деген түпөйүл суроолор турат.​

А.Матвеева: Тажик коомунун кыртышында эмне болуп жатканын, чындыгында, биз билбейбиз. Биз азыр угуп жаткан элитада, контрэлитада эмне болуп жатканы тууралуу бийликке ичи чыкпаган адамдардын, интеллигенциянын ой-пикирлери. Албетте, сөз эркиндиги тууралуу айтылгандардын чындыгы бар. Жалпысынан алсак, элдин турмушу оңолду. Бизнес көтөрүлө баштады. Өлкө кайда болсо да өнүгүп баратат. Бул жетишкендиктерди адамдар баалашат.

Ошол эле маалда муун алмашып жатат. Жаңы муун согушту жана андан кийинки кыйын заманды көргөн жок. Анткени тынчтык жараяны башталганда, балким, кырдаал мурдагыдан дагы начарлашы мүмкүн деген кооптонуу бар болчу. Кандай болсо дагы, ошол күндөр кайталанбасын деген коркуу сезими сес берип турган. Ал эми Тажикстан кандай азап-тозокту башынан өткөргөнүн билебиз. Азыр болсо ошол сестенүү солгундады. Балким, бир жагынан, бул да туурадыр. Кандай болсо дагы, 20-25 жыл мурунку окуялар коопсуздукту камсыздоонун куралы катары пайдалануудан калып баратат.

С.Аюбов: Тынчтык келишиминде демократиялык, эркин, парламенттик шайлоодон кийин өткөөл мезгил аяктап, жаңы баскыч башталат деп жазылган. Өткөөл мезгил өз мүдөөсүнө жетти, жаңы заман башталды. Албетте, башында бардык партияларга, топторго бирдей старт берилип, саясий жарышка катышууга жол ачылды. Бирок, тилекке каршы, Тажикстанда турмуш оңолгону, тынчтык бекемделгени бир гана тарапка менчиктелип, ошол тараптын эмгеги катары бааланып, экинчи тарап такыр эле жокко чыгарылып калбадыбы. Тынчтык келишиминин эки жылдыгы белгиленген маалдан тартып бардык иш-чараларга бир гана тарап катышып, экинчи жагы сыртта калган.

Бийликтин мындай мамилесинен кийин карапайым элде “булар ким менен тынчтык келишимин түздү эле, эми булар баарын өзүнө менчиктеп алдыбы?" деген суроо туулган.

Мен айткан экинчи, жаңы баскычта, тескерисинче авторитаризмге ыктаган жаңы башкаруу орноду. Оппозициялык гезит-журнал, телерадио деген дээрлик жабылды. Оппозициялык саясий партиялар жок. Башкача айтканда, бийликтин сересинде бир гана тарап калды.

Жарандык согуштун өзөгүндө эмне катылып жатты эле? деген сырдын түйүнү чечилбей калды. Ким ким менен согушкан? Бул суроо жоопсуз калды.
А.Матвеева

А.Матвеева: Тажик бийликтери бүгүнкү да, мындан 10 жыл мурда деле, ал кандуу окуялар боюнча өз версиясын, өз баасын берген жок. Жарандык согуштун өзөгүндө эмне катылып жатты эле? деген сырдын түйүнү чечилбей калды. Ким ким менен согушкан? Бул суроо жоопсуз калды. Бир да жерге эстелик тургузулган жок, тынчтык келишимине мынча жыл дегенден башка эч нерсе белгиленбейт. Кандай болсо дагы, бийлик эч кандай өз версиясын берген жок.

Маселен, жаштар, мектеп окуучулары ата-энелеринен, мугалимдеринен анда эмне окуя болду эле деп сурашат да. Мындай учурда чоңдор дагы эмне айтууну билишпейт. Бул жерде коомдо бир терең жараат жатат. Тажик бийликтери кан төгүүнү токтотуп, тынчтыкты орнотууга, андан кийинки жүрүмдөргө кимдер эмне салым кошконун айтуусу керек. Ошол себептен азыр дагы тынчтык жараяны аяктады деп так кесе айтууга болбойт.

Антейин десең, Ислам кайра жаралуу партиясына террорчу уюм катары тыюу салынгандан кийин, алардын айрым мүчөлөрү өлкөдөн качып кетүүгө мажбур болсо, башкалары абакта жатат; мындай кырдаалда жогоруда мен айткан ишти аткарууга мүмкүн эмес.

Бул жерде тажик бийликтеринин, президентинин жообу жоктой таасир калтырат.

Маанилүү документке Бишкекте кол коюлган

Жаатташкан эки тарапты - Тажикстан өкмөтү менен бириккен тажик оппозициясын элдештирүү үчүн сүйлөшүүлөрдүн тогуз айлампасы өткөн. Бириккен Улуттар уюму, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму баштаган эл аралык коомчулук менен Борбор Азия мамлекеттери согушту басуу үчүн бир топ күч үрөгөн.

1997-жылы 27-июнда тынчтык келишимине Москвада кол коюлган. Ага чейин 18-майда Бишкекте маанилүү документке - саясий маселелер боюнча протоколго жетишилген.

Э.Асаналиев: Төрт жыл бою тынчтык сүйлөшүүлөрүндө ортодо бир маселе боюнча жыйынтыкка келе албай жүрүшкөн. Саясий маселелер боюнча протоколго кол коюлбай келген. 27-июнда Москвада келишимге тез арада эле кол коюлуп калган себеби эмнеде? Анын алдында 16-18-майда Бишкекте саясий маселелер боюнча протоколго кол коюлган. Төрт жыл бою ушул протокол талкууланып, бир чечимге келе албай жүрүшкөн. Кайра куруу маалында каттоодон өткөн Ислам кайра жаралуу партиясы жаңжал маалында террорчу уюм деп каттоосу жокко чыгарылган. Оппозиция ал партияны кайра саясий аренага алып келүүнү көздөгөн.

Бишкекте түнкү саат экиде ушул маселени камтыган протоколго кол коюлбай, сүйлөшүүгө келгендер кетээр учурда Аскар Акаев эки тарапка тең тажиктердин тарыхын айтып берип, ийге келтирип, сүйлөшүүгө отургузган. Акаев өзү түнкү саат үчтөн бешке чейин отуруп, протоколдун долбоорун жазып берген.
Э.Асаналиев

Бишкекте түнкү саат экиде ушул маселени камтыган протоколго кол коюлбай, сүйлөшүүгө келгендер кетээр учурда ал кездеги Кыргызстандын президенти Аскар Акаев эки тарапка тең тажиктердин тарыхын айтып берип, ийге келтирип, сүйлөшүүгө отургузган. А.Акаев өзү түнкү саат үчтөн бешке чейин отуруп, протоколдун долбоорун жазып берген. Бириккен Улуттар Уюмунун миссиясы даярдап келген долбоорлор жарабай калган, эки тарап тең аларды четке каккан.

Бишкекте жетишилген ошол протоколдо Ислам кайра жаралуу партиясы Тажикстанда расмий каттоодон өтүп, мыйзамдуу иш жүргүзө алат деп жазылган болчу. Ишмердүүлүгүнө тыюу салынган партия кайрадан ошол протоколдун негизинде шайлоого катышып, парламентке барып, легалдуу иштей баштаган.

Азаттык: Тирешкен эки тарапты Кыргызстанга алып келип, сүйлөшүүгө отургузуу демилгесин ким көтөрдү эле?

Э.Асаналиев: Аларды Бишкекке алып келүү демилгесин мен көтөргөм. Анткени Борбор Азия өлкөлөрүнүн бир дагы өкүлү сүйлөшүүлөргө баштан аяк катышкан эмес. Эки тарапты чакырып, сүйлөштүрүп, кандайдыр бир саясий упай алабыз деген өңүттө Түркмөнбашы дагы чакырган. Ашгабатта бир жылга жакын сүйлөшүүлөр жүрүп, бирок бир дагы протоколго кол коюлбаган; демек, эч бир майнап чыккан эмес.

Түн ичинде жаатташкан тараптардын жетекчилерин Бишкекке алып келдим, кезиктирдик, сүйлөштүк, кайра алып кеттик. Андан сырткары алардын жетекчилери дагы "биз бул маселе боюнча аягына чейин турабыз, бул маселе боюнча сүйлөшүүгө барабыз" деп такай мага маалымат берип турушту.

Төрт жыл ичинде алардын бышып-жетилгенин сезгенден кийин гана тышкы иштер министри Роза Отунбаевага чалып: "азыр чакырсак, булар биздин сунуштарга макул болуп, кол коёт", - деп айттым.

Казакстанда дагы 10-15 күндөп сүйлөшүүлөр жүрдү, бирок эч бир жыйынтык болгон жок. Ошол сүйлөшүүлөр маалында ортодо танапис жарыяланып калган учурларда тажик оппозициясынын өкүлдөрү "Кыргызстанга ишенебиз, алардын саясий жетекчилиги эч кимге тартпай калыс турат, андыктан биз аларга ишенебиз" деп мага айтышкан.

Анан мен президент Аскар Акаевге маалымат жиберип, "оппозиция кезигели деп жатат, кайсы маселелер экенин тактап-талкуулап алып, берки тарабына сунуштайлы" десем, Бишкектен "алып кел" деген жооп болду.

Бишкекке келгенден кийин оболу президент Рахмон каршы болуп, протоколго кол коюудан баш тартты. Акаев болсо "президент катары сага берилип жаткан акыркы мүмкүнчүлүк" деп аны ынандырды. 18-майда Бишкекте кол коюлган протоколдун негизинде Тажикстанда коалициялык өкмөт түзүү, анын ичине 30% кызмат ордун оппозициянын өкүлдөрүнө берүү чечимине жетишилген.

Андан кийинки майда маселелер бир айдын ичинде такталып, тынчтык келишимине 27-июнда Москвада кол коюлган.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:

Беш жылдан ашуун жүргөн жарандык согуш Советтер Биримдиги тарагандан кийин постсоветтик аймактагы эң кандуу уруштардын бири болуп калган.

Расмий маалыматтар боюнча, Тажикстандагы атуулдук согуштун айынан 60 миңден ашуун адам өлүп, 100 миңдей киши дайынсыз жоголгон. 26 миңден ашуун аял жесир, 55 миңдей бала жетим калган.

Миллиондогон тажикстандыктар кара жанын сактап калуу үчүн өз үй-жайын таштап, башка аймактарга жана өлкөлөргө кетүүгө мажбур болгон.

"Азаттыктын" архивинен: Тажик согушундагы массалык көмүүлөрдүн изи

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG