Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:44

ТАЖИКСТАНДАГЫ КӨЙГӨЙЛӨРГӨ ИСЛАМДЫК ПАРТИЯ КҮНӨӨЛҮҮБҮ?


Тажикстанда 1999-жылы өткөн президенттик шайлоодо күрөш негизинен азыркы президент Эмомали Рахмонов менен Исламдык кайра жаралуу партиясынын талапкери ортосунда жүргөн эле. Быйыл 6-ноябрда өтө турган шайлоого Рахмонов беш атаандаш менен баратат, бирок Исламдык кайра жаралуу партиясы ага катышпай турганын жарыялады.

Катуу оорунун айынан белгилүү саясатчы Саид Абдулло Нури көз жумганынан улам өткөн айда Исламдык кайра жаралуу партиясынын жаңы лидери болуп 40 жаштагы Мухиддин Кабири шайланган эле. Атайын диний окуу жайларда исламды изилдеген Нуриден айырмаланып, Кабири университетте чыгыш илимдери боюнча билим алган, динге ашыкча берилген деп айтуу кыйын.

Анысы кандай, Борбор Азиядагы ырасмий катталган жалгыз исламдык партия шайлоого эмне себептен катышпай калганын Кабири саясий себептер менен түшүндүрдү.

- Былтыркы парламенттик шайлоодо биздин атаандаштардын баары Исламдык кайра жаралуу партиясы өлкөнү артка тартат деп айтып жатышты. Тажикстандагы бардык проблемаларды биз менен байланыштырышты. Исламдык кайра жаралуу партиясы жеңсе, буга чейин жетишилген демократия, экономикалык өнүгүүнүн баары жок болот деп жатышты.

Кабиринин айтымында, ушундай көз караштардан улам исламдык партия президенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Анын ордуна кыймыл өзүлөрүн секулярдык жана демократиялык деп эсептеген партиялар шайлоо кампаниясын кандай жүргүзүп, элди кандай башкараарына дыкат көз салмакчы.

- Биз аларга демократияны кандай пайдалана турганын көрсөтсүн деп мүмкүнчүлүк бердик. Демократияны башкарып коргоо алардын колунан келеби? Эгерде Исламдык кайра жаралуу партиясы жеңсе, Тажикстан экинчи Ооганстан болот деп жатышпайбы.

Кабири ошондой эле исламдык партия президенттик шайлоого бойкот жарыялабаганын, жергиликтүү комиссиялардын ишине катышып, добуш берүүгө байкоочулук кыла турганын билдирди. Ал: “исламдык кайра жаралуу партиясы 15 жылдан бери ордун жоготпой, элдин ишеничине ээ болуп келатат, биз үчүн баарынан ошол маанилүү”, - деп белгилей кетти.

Кантсе да, президенттик шайлоого эки ай калганда жетекчиси алмашкан Исламдык кайра жаралуу партиясынын саясий келечеги ансыз да суроолор жараткан эле. Анын үстүнө партиянын улуу мууну динчил багытты карманып, Кабирини ээрчиген кийинки муун башка багытты тандагандай. Тажикстандык мусулмандар коомунун мурдагы башчысы Хожа Акбар Туражонзода исламдык партиянын соңку чечимин төмөнкүдөй чечмелейт.

- Биринчиден, тажик коому өлкө президенти руханий дүйнөгө басым жасаган киши болушуна даяр эмес. Экинчиден, жалпы чөлкөм жакынкы келечекте Тажикстанда исламчыл адам президент болушуна даяр эмес. Үчүнчүдөн, ага Европа, Батыш мамлекеттери, ошол эле Орусия жол бербейт. Ошондуктан, исламчыл киши шайлоого катышам десе, азыр өлкөдөгү кырдаалды чайпалтып ийиши ыктымал. Бул элдин да, мамлекеттин да кызыкчылыгындагы иш эмес.

Кийинки билдирүүлөрүндө Кабири да бул пикирди ырастады.

Cүрөттө : Исламдык кайра жаралуу партиясынын жаңы лидери - Мухиддин Кабири.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG