Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги “Өч 2” көркөм тасмасын өлкө аймагында көрсөтүү токтотулганын билдирди. Маалыматка караганда, 13-апрелде министрликке караштуу Кинематография департаментинин комиссиясы ушундай чечим кабыл алды.
“Эксперттик комиссия тарабынан тасманын мазмуну кеңири талданып, анын ичинде зомбулук, ырайымсыздык жана коомдук-адептик нормаларга каршы келген көрүнүштөрдүн басымдуулугу белгиленди. Ошондой эле тасмада позитивдүү социалдык баалуулуктарды жайылтуу, зомбулукту айыптоо же тарбиялык маанини берүү элементтери жетишсиз экени айтылды”, - деп билдирди министрлик.
Комиссия жыйынтыгында тасманын мазмуну коомчулукта терс реакция жаратып, айрыкча жаштар арасында терс психологиялык жана моралдык таасир тийгизүү коркунучу бар деген тыянакка келди.
Буга байланыштуу “Кыргызтасмасы” киноборбору мамлекеттик мекемесинин директору Алмаз Түлекеев кызматынан бошотулду. Кинотеатрларга тасманы көрсөтүүдөн алып салуу милдети коюлду.
Ачык булактардагы маалыматтарда айтылгандай, “Өч 2” тасмасы драма, триллер жанрында тартылган. Режиссерлору Илгиз Куватбек жана Шамилбек Бекболсун уулу. 1 саат 40 мүнөттүк тасманын өзөгүн 2000-жылдардын башында айыл жергесинде Максат аттуу адамдын карындашын уурдап кетишкени, ал күнөөлүүлөрдөн өч алганы баяндалары айтылат. (BTo)
Шерине