Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:02

УКМКдагы кармоолор: Тазалануубу же саясий таасирби?


УКМКдагы кармоолор: Тазалануубу же саясий таасирби?
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:36 0:00

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Тимур Шабданбеков жана бир катар кызматкерлер кармалганы кабарланды. Маалыматтарга караганда, аларды Аскер прокуратурасы кармаган. Кечээ дагы бир орун басар Даниэл Рысалиевди Ички иштер министрлиги кармаганы белгилүү болгон. Шабданбеков менен Рысалиев февралда мурдагы төрага Камчыбек Ташиевдин отставкасынан кийин жумуштан алынган эле. Кыргызстанда акыркы айларда УКМКнын бир катар кызматкерлери камакка алынды. Бул кармоолор эмнени билдирет? Атайын кызмат чындап эле тазаланып, өзгөрүү жолуна түштүбү же саясий чечимдер таасир этип жатабы?

Шерине

XS
SM
MD
LG