Премьер-министр Адылбек Касымалиев өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын баасы дагы көтөрүлүшү мүмкүн экенин билдирди. Ал Орусиядан башка да бир нече өлкөдөн кара май алынып келип жатканын, эл көп колдонгон АИ-92 бензининин баасын өкмөт субсидия аркылуу кармап жатканын билдирди.
Кабминдин башчысы Адылбек Касымалиев күйүүчү-майдын баасы дагы көтөрүлүшү мүмкүн экенин эскертти. Ал учурда эл көп колдонгон АИ 92 бензиндин баасын өкмөт субсидия менен кармап турганын билдирди. Ал тапта өлкөдө дагы да болсо бензин, дизелдин тартыштыгы сезилип жатат.
Кыргызстанда Жетим-Тоо темир кенин иштетүү боюнча талкуулар жанданды. Кумтөрдү башкарып, кийин соттолгон Теңгиз Бөлтүрүк кенди иштетүүгө жана аны башкарууга даяр экенин билдирген. Буга мурдагы премьер-министр Темир Сариев жооп берип, Жетим-Тоону иштетүү оңой-олтоң иш эмес экенин айтып чыкты.
АКШга убактылуу иш сапар, туризм, эс алуу, туугандарга жолугуу үчүн бара турган Кыргызстандын жарандарына бул өлкөгө кирүү үчүн 20 миң долларга чейин күрөө төлөө программасы ишке кирди. 3-августтан тартып чектөөгө дуушар болгон дүйнөдөгү 50 өлкөнүн катарында Тажикстан жана Түркмөнстан дагы бар.
Кыргызстан Орусиядан айына 100 миң тоннадан күйүүчү май ташып келүүнү макулдашты. Андан тышкары Азербайжан менен мунай жеткирүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду. Күйүүчү май кризисинен улам Кыргызстан бул жаттагы импортту диверсификациялоо аракетин көрүүдө.
Орусиядагы Wildberries компаниясынын кампаларына жасалган дрон чабуулдары кыргызстандык ишкерлердин чыгымын дагы көбөйттү. Буга чейин Электросталь жана Котовск шаарларында кампалар өрттөнүп, жүздөгөн сатуучунун товары жок болгон. Эми Краснодар жана Невинномысск шаарлары бутага алынды.
Украиналык дрондор бир аптада үч ирет Wildberries маркетплейсинин Орусиянын бир нече аймагында, аннексияланган Крым жарым аралында жайгашкан кампаларына, логистикалык борборлоруна сокку урду. Эмне үчүн украин армиясы Wildberries'ти бутага алууда?
Wildberries'тин бир нече кампасына жасалган дрон чабуулдарынан кийин жүздөгөн кыргызстандык ишкер товары күйүп кеткенин билдирди. Электросталь, Котовск, Краснодар жана Невинномысск шаарларындагы өрттөн кийин ишкерлер өкмөткө кайрылып, тарткан зыяны үчүн кенемте төлөө маселесин көтөрүштү.
Кыргызстанда чет элдиктердин, айрыкча кытайлык инвесторлор менен жумушчулардын өлкөдөгү ролу кайрадан талкуу борборуна чыкты. Арпа жайлоосунда чет өлкөлүктөрдүн ток менен балык кармаган видеосу, Ат-Башыда канаттууларды тор менен тузактаган сыяктуу окуялар коомчулуктун кескин реакциясын жаратты.
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоодо талапкер болбой турганын жана бул өнөктүктө президент Садыр Жапаровду колдой турганын билдирди. Ал коомчулукта өзүнүн атын жамынып, бүлүк салууга аракет кылгандар бар экенин белгилеп, андайларга ишенбөөгө чакырды.
Юстиция министрлиги “Борбор Азия жана Кытайдын тынчтык жолу аркылуу кайра биригүүсүнө көмөктөшүү ассоциациясы” деп аталган коомдук уюмдун каттоосу мурда эле жокко чыгарылганын ырастады. Соцтармактарда коомдук уюм тууралуу талкуу жүрүп, айрымдар анын аталышын сындап, скриншотторун жарыялашкан.
Ысык-Көлдө “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагы өткөн аптада ачылды. Долбоорду ишке ашыруудан 2035-жылга чейин аталган инвестициялык аймакта 3900дөн ашуун резидент-компания иштери, 10 миңден ашык жаңы жумуш оруну түзүлөрү күтүлүүдө.
Киев 7-июлда Орусиянын Омскидеги эң ири мунай иштетүүчү заводуна сокку урганын билдирди. Украин чабуулдарынан улам күйүүчү май каатчылыгына кабылып жаткан Орусиядагы жагдай андан бетер оорлошу мүмкүн. Керектөөлөрүнүн 95 пайызын Орусия аркылуу жапкан Кыргызстан үчүн мунун кесепети кандай болот?
Кыргыз өкмөтү 9,5 млрд доллардан ашкан мамлекеттик карыз өнүгүүгө жумшалып жатканын айтып, кооптонууга негиз жоктугун билдирет. Коомдо алынган карыздарды натыйжалуу пайдаланууга байланыштуу маселе көтөргөндөр аз эмес.
Кыргыз өкмөтү майдын ортосунда санкциялык тобокелдиктер жогору болгон бүтүмдөргө катышы бардыгы ыктымал 50 компанияны жойгонун жарыялаган. Бирок, алардын кимдер экенин так ачыктабай келет.
Балыкчы–Тамчы–Чолпон-Ата темир жолунун курулушу башталды. Өлкө бийлиги темир жол тармагы ырааттуу өнүгүп, сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрүлүп жатканын айтууда.
Кыргызстанга Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе расмий сапар менен келди. Анын жүрүшүндө кыргыз-грузин кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча бир нече келишимге кол коюлду.
Ысык-Көлдүн жээгинде курулушу башталган “Асман” экологиялык шаары коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Кыргыз бийлиги бул долбоорду заманбап, туристтик жана инвестициялык борбор катары сыпаттап келет.
Кыргызстанда соңку учурда бир нече жаңы банк ачылып, ишин баштады. Алардын арасында президент Садыр Жапаровдун жакындарына таандык банктар да бар. Өлкөдөгү банктарга карата Батыштын санкциялары салынып жаткан чакта ачылган банктардын артында кимдер турат жана алар кандай ишмердик жүргүзүшү мүмкүн?
Кыргызстан авиа коопсуздук боюнча Евробиримдиктин "кара тизмесинен" чыкты. Кыргыз авиакомпаниялары бул тизмеде 20 жылдан бери жүргөн.
Дагы жүктөңүз