Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:01

"Өтө кооптуу тенденция". Орусиячыл эксперттердин көздөгөнү эмне?

“Кыргызстандагы азыркы этноулуттук алакалар: негизги көйгөйлөр жана чакырыктар” тегерек столу. Бишкек шаары, 28-сентябрь, 2026-жыл.
“Кыргызстандагы азыркы этноулуттук алакалар: негизги көйгөйлөр жана чакырыктар” тегерек столу. Бишкек шаары, 28-сентябрь, 2026-жыл.

мазмуну

  • Бишкекте орусиячыл StanRadar деп аталган портал Кыргызстандагы улут аралык мамилеге байланыштуу талкуу өткөрдү. Ага Орусиянын элчилигинин өкүлдөрү катышып, Кыргызстандагы улутчулдук маселелери жана орус тилине мамиле тууралуу сөз болду.
  • Айрым журналист, активисттер бул талкуунун өтүшүнө тынчсыздануусун билдирип, кыргыз мамлекетинин эгемендигине кийлигишүү катары сыпатташууда.

Кремлдин саясатын ачык колдогон StanRadar сайты буга чейин бир нече чагымчыл мүнөздөгү макалаларды жарыялап келген. Ал сайт Кыргызстандын аймагында учурда ачылбайт. Сайттын бөгөттөлгөнүнүн себеби буга чейин расмий жарыяланган эмес.

29-сентябрдагы иш-чара “Кыргызстандагы азыркы этноулуттук алакалар: негизги көйгөйлөр жана чакырыктар” деп аталат. Бишкектин борборундагы "Плаза" мейманканасында өткөн талаштуу талкуунун уюштуруучусу, StanRadar порталынын редактору Полина Беккер жыйын өз максатына жеткенин айтты.

Полина Беккер
Полина Беккер

“Иш-чара абдан мазмундуу болду, ар түркүн пикирлер айтылды. Бул жерге орусиялыктар эле келип алып, бүгүн көп жолу айтылгандай кандайдыр бир экспансия кылып жатат деп баалабаш керек. Чындыгында андай эмес. Мен бул жерде этностор аралык алакада эмнелер болуп жатканын түшүнүш үчүн келдим. Анткени, мен өзүм саясат таануучумун, ушул процесстер боюнча диссертация жактагам”.

Кулактандырууда тил жана улуттук иденттүүлүк темасы алдакачан маданияттуу талкуунун чегинен чыгып кеткени жазылган. Алар социалдык тармактарда талкууланып, коомдогу өз ара алакага таасир кылып жатканын белгилешкен.

Беккер өзүн журналист, саясат таануучу жана Борбор Азия боюнча адис катары атайт. Ачык булактардагы маалыматтарга карасак, ал Орусиядагы Стратегиялык маданият фондунун сайтында өзүнүн автордук баракчасын алып барат. Фонд Евробиримдиктин жана АКШнын санкциялык тизмесине кирген.

Екатерина Чистова
Екатерина Чистова

Жыйында төрдө отурган Орусиянын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Екатерина Чистова Кыргызстанда барган сайын орус жана татар улутундагылар азайып, пакистандыктар менен индиялыктар көбөйүп баратат деген талаштуу талдоосу менен бөлүштү.

"1990-жылдардын башында бул жерде 900 миңден ашуун орустар жашаган. Азыр орус тилдүү диаспора, татар, чечен, дагестандыктарды кошкондо 300 миң чыгат. Түшүнүп жатасыздар да. Атайын аскердик операциянын башталышынан бери релоканттар келгени менен, алар орус тилдүү калктын санын өзгөртүп жиберген жок. Кыскарып эле баратат. Бул биринчиси. Экинчиси - Кыргызстандын статистикасынын маалыматы боюнча татарлардын саны 2021-жылдан бери эки эсе азайган. Мурда 22 миң болсо, 2025-жылга карата 11 миңи калган. Эми, көңүл буруңуздар, пакистандыктар менен индиялыктардын саны 8300 киши деп эсептелет. Алар 2021-жылы такыр эле эсепте жок болчу. Ушунда жараяндар болуп жатат".

Бул жыйынга мамиле кыргыз коомунда бир кылка эмес. Айрым активисттер мындай иш-чаралар аркылуу орусиячыл күчтөр кооптуу келечекке карай жол салып жатканын айтып чыгышты. Медиа-эксперт жана жарандык активист Илим Карыпбеков мындай иш-аракеттерди байкабастан укук коргоо органдары шалаакылык кылып жатышканын айтат. Бул кыргыз бийлиги Москванын алдында тайсалдап жатканынын белгиси экенин белгилейт.

Ал Кремль Борбор Азиядагы таасирин сактап калуу үчүн жан үрөп, орусиячыл күчтөр аркылуу улутчулдук темасын козгоп жатат деп эсептейт.

Илим Карыпбеков
Илим Карыпбеков

“Бул өтө кооптуу тенденция. Бизде коопсуздук кызматы, укук коргоо органдары, бийлик буга көңүл бурбаганы өтө өкүндүрөт. Себеби, жанагы Крым, Луганск, ДНРде болуп аткан окуялардан эч кандай сабак алган жок дегенди билдирет. Эми өзүңөр ойлоп көргүлө. Булар жарыясында “этностор арасындагы акыркы учурда чектен чыгып кеткен кадамдар боюнча талкуу болот" деп айтып атат. Бул эмне дегенди билдирет? StanRadar деген орустардын (мен орустардын экспансиясы деп ачык эле айтам) көп кадамдуу иш-аракеттеринин эле бир кадамы да. Бул “Кыргызстанда орус тилдүүлөрдүн укугу чектелип атат, бул жерде жашап аткан орустардын жашоосуна тоскоолдук, чектөөлөр болуп жатат” деген маселени көтөрүп атышат да. Бул кадимкидей эле Крымда болуп жаткандагыдай эле окуя да. Крымга ушинтип эле кирип келишкен”.

Талкууда айрым эксперттер этностук улутчулдук тарыхта бүлүндүргүч жана сепаратисттик фактор катары калганын фашисттик Германия, Советтер Союзу жана Югославиянын мисалында айтып, андай ыкмалар учурда Кытай, Иран, Орусияга карата колдонулуп жатканын билдиришти.

Саясат таануучу Сергей Кожемякин тышкы күчтөрдүн колдоосу менен майда улуттарга дем берип, Орусия менен жалпы биримдикке зыян келтирген иштер болуп жатат деген пикирин билдирди.

Сергей Кожемякин
Сергей Кожемякин

“Борбор Азияда дагы, тилекке каршы, соңку он жылдыктарда бул көйгөй бир кыйла курч турат. Мисалы, биз батышчыл НПОлор, фонддор элди бириктирген принциптерге сокку урууну ишмердигинин өзөгү кылып алган “Эсимде” сыяктуу уюмдарды түздөн-түз каржылап жатышканын көрүп атабыз. Башкача айтканда, тарыхый эс тутум, Улуу Ата мекендик согуш жөнүндө эс тутум – кайсы бир улуттук кайра жаралуу жөнүндө сүйлөө менен, алар чындыгында биздин биримдигибизди талкалап жатышат. Бирдиктүү эл ар бири өзүнчө “биз гана акыйкатка, өнүгүүгө жана жашоого укуктуубуз” деп төш каккан майда бөлүкчөлөргө чачырап кетишине жетишип жатат”.

Катышуучулардын бири көчмөндөр такай орун которуп, түрдүү чөйрөгө аралашып жүргөндүктөн толеранттуу мамиледе болгонун айтып, отурукташкан элдерде мындай жөндөм азыраак экенин белгиледи.

Саясат таануучу Мурат Сүйүнбаев Кыргызстандагы этностор, дин жана маданият өкүлдөрүнүн эриш-аркак жашап келишкенине бир катар мисалдарды да келтирди.

"Эсимде, он жыл мурда Орусия Федерациясынын өкүлдөрү активдешип, бардык эле турмуштук чыр-чатакты орустарды басмырлоо катары карап жатышты. Мен айрым активисттерине “силер турмуштук чырларды эле көбүртүп жатасыңар, Кыргызстанда орустун такырбаштары сыяктуулар барбы? Эгерде жок болсо, анда активдүүлүгүңөрдү ооздуктагыла да” деп айткам".

Москванын түзүмдөрү менен тыгыз иштешкен чыгыш таануучу, Борбор Азия боюнча адис Александр Собянин 1917-жылга чейин Кыргызстандагы кыргыздар так эле Ооганстан менен Кытайдагы кыргыздардай эле жашап келишкенин, ошол бойдон кетсе азыр жери да болмок эмес деген пикири менен бөлүштү. Кыргызстанда орусиялыктарга карата айрым иш-аракеттерге орус бийлиги чечкиндүү чара көрбөй, шалаакы мамиле кылып жатканын белгиледи.

Александр Собянин
Александр Собянин

“Орусия бул жакка гуманитардык чөйрөдө 15-20 эсе көп салым кыла баштады. Бүгүнкү күнү эки жылда бейөкмөт долбоорлорго 30-40 эсе көп берилди. Кытай дагы көбөйтүүдө, бирок мен ал теманы козгобой эле коёюн. Анткени, Нарын, Ысык-Көл боюнча суроолор дагы жаралат. Бул жакка ири акчалар келгенде, АКШ Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар менен масс-медианы каржылоосун кескин кыскартып салды. Британия такыр эле токтотту. Албетте, натыйжа болот. Бирок, орус тилдүү кыргыздар Кыргызстандын саясий жашоосунда болушабы? Жок. Бизде курултай өтүүдө. Орусияда 1,2 млн кыргыз бар, алардын жарымы Орусиянын, жарымы Кыргызстандын жарандары. Үч жүз миң киши бул жердеги 7,5 млн кыргызга салыштырганда абдан көп, чоң сан. Курултайда Орусиядагы кыргыз коомчулугунун миңдеген кишисине 18 өкүл туура келет. 1,2 млн кишини 17син өкүлчүлүк кылган бул кандай курултай?”

Илим Карыпбеков Кремлдин атайын программаларынан каржыланган долбоорлор Кыргызстандын айрым аларга лоялдуу блогер-активисттерин Орусиянын шаарларына алып барып, үгүтү менен сугарып келип жатканын айтууда. Ошол эле маалда, Москванын саясатына каршы пикир айтканы үчүн өзүнө Орусияга кирүүгө тыюу салынганын, орус компаниялары менен келишимдерин үздүргөнүн мисал келтирди. Карыпбеков мындай багыттагы иш-чаралар акыры келип Кыргызстандын көз карандысыздыгына балта чабарын эскертип жатат.

“Бизде булардын тактикасы ушундай. Кыргыздын, өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын ким айтса эле “булар улутчул” деп айтышат. Жанагы биздин мамлекеттүүлүгүбүздү түзгөн адамдардын баары “Ата-Бейитте” ушул эле негизде атылган да. “Булар улутчулдар” деп атылган. Ошондуктан, ким өлкөнүн кызыкчылыгын коргоп атса, кыргыз тил маселесин көтөрөбү, эгемендүүлүк маселесин көтөрөбү, бизге кадимкидей эле боло турган иштин баарын булар “улутчулдук, андай болбошу керек” деп айтышат. Ошол күн тартибин алып барат, ошол тактиканы карманат”.

StanRadar агенттиги Кремлдин саясатын ачык колдогон ресурс болуп эсептелет. Ал буга чейин бир катар чагымчыл мүнөздөгү макалаларды жарыялап келген. Сайт 2020-жылы Кыргызстандын аймагында бөгөттөлгөн.

2021-жылы басылманын кожоюну жана кызматкерлеринин курамы алмашканы кабарланган. Мурунку жетекчиси Григорий Михайлов мыйзам бузганы үчүн 2017-жылы Кыргызстандан чыгарылган болчу.

Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG