Эл аралык иликтөөлөрдүн маалыматына ылайык, айрым гуманитардык демилгелердин артында көмүскө каржылык агымдар турат. Бишкек мунун кесепетин буга чейин эле тартып келет: ондогон компаниялар жана банктар Европа Биримдигинин, АКШнын жана Улуу Британиянын санкциялык тизмелерине кирген. "Жумшак күч" кантип басым көрсөтүүнүн куралына айланууда?
Орусия Крымды аннексиялап, Украинага каршы толук масштабдуу согуш баштагандан кийин Батыш мамлекеттери Москвадан алыстап, анын жетекчилери Европа менен АКШда кабыл алынбай калды. Өлкөнүн жарым-жартылай обочолонушунун шартында Кремль өз таасириндеги "дос" мамлекеттерге көбүрөөк көңүл бура баштады. Алардын бири - Кыргызстан.
"Республикада орусиялык капиталдын катышуусу менен 1,7 миң ишкана иштеп жатат. Орусиялык инвесторлордун Кыргызстан менен кызматташууга болгон ишеними сиздердин аракетиңиздер жана ички саясий туруктуулуктун оң динамикасы менен байланыштуу", - деген эле Орусиянын президенти Владимир Путин 2025-жылдын 28-ноябрында Бишкектеги сапары учурунда.
Экономика кызматташтыктын негизги багыттардын бири бойдон калууда. Бирок эки өлкөнүн алакасы соода жана инвестициялар менен гана чектелбейт. Орусия маданият, билим берүү жана медиа аркылуу өзүнүн "жумшак күчүн" жигердүү жайылтып жатат.
Тогуз мектеп жана университет кампусу
Бишкектин четинде жакын арада Кыргыз-Орус Славян университетинин жаңы кампусу курула баштайт. Мамлекет ага 30 гектар жер бөлүп берген.
Өлкөдө орус тилдүү тогуз мектепти куруу да пландалууда. Алардын айрымдарында орус үлгүсүндөгү аттестаттар берилет. Аймактарга орусиялык мугалимдер келип иштеп жатышат.
Кыргызстандык бүтүрүүчүлөргө Орусияда окууну улантуу сунушталат. Алардын бири Татарстандагы өзгөчө экономикалык аймакта жайгашкан "Алабуга Политех" коллежи.
Кыздарды "Алабуга Старт" аттуу жумушка орноштуруу программасына чакырышат. Эл аралык уюмдар жана көз карандысыз журналисттер бул программанын катышуучулары Украинадагы согушта колдонулган дрондорду өндүрүү иштерине тартылып жатканын аныкташкан.
Орусиялык саясат таануучу Руслан Айсиндин айтымында, Москва "жумшак күчтү" жайылтууда идеологияга өзгөчө басым жасайт.
"Орусия жалпы тарыхый тагдыр идеяларын жайылтат. Мисалы, Советтер Союзу 1945-жылы фашизмди жеңген деген түшүнүккө басым жасалат. Бул окуяларды эстеген ардагерлер дагы эле бар. Ошондой эле “салттуу баалуулуктар” темасы көтөрүлөт. Батыш биздин салттарды жок кылгысы келет, тамырыбыздан ажыраткысы келет деген ойду жигердүү жайылтышат", — дейт Айсин.
"НомадТВ" жана Кремлдин мүдөөсү
Билим берүү тармагынан тышкары, Орусия Кыргызстандагы медиамейкиндиктеги таасирин дагы күчөтүүдө. Өлкөдө орусиялык федералдык медиалардын өкүлдөрү жетектеген жаңы долбоорлор пайда болду.
Кыргызстанда он жылдан ашык убакыттан бери Дмитрий Киселёв жана Маргарита Симоньян жетекчилик кылган "Россия Сегодня" холдингине караган "Спутник" маалымат агенттиги иштеп келет.
Өткөн жылы Кыргызстанда салтанаттуу түрдө "Номад" телеканалы ишке киргизилген.
Телеканалдын жетекчиси болуп Украинанын оккупацияланган аймактарынан даярдаган материалдары менен белгилүү болгон RTнын мурдагы журналисти, Симоньяндын шакирти Анна Абакумова дайындалган.
Быйыл февраль айында "Чек арасыз кабарчылар" (Reporters Without Borders) уюму телеканал тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда сөз болгон канал көз карандысыз кыргыз медиа катары көрүнгөнү менен, иш жүзүндө Кремлдин баяндоолорун жайылтып жатканы белгиленген.
Кыргызстандык журналист, "Башта" медиа долбоорунун негиздөөчүлөрүнүн бири Нуржамал Жаныбекова "Номадды" Орусиянын "таасир этүү куралы" деп эсептейт.
"Аларда акча көп. Жаштарга таасир этүү үчүн социалдык тармактарды да жакшы пайдаланып жатышат. Бизде медиа сабаттуулук жетишсиз болгондуктан, адамдар орусиялык пропаганданы көрүп жатканын дайыма эле түшүнө беришпейт", — дейт ал.
Анын пикиринде, орусиячыл медиа каражаттары Кыргызстандагы коррупциялык иликтөөлөрдү дээрлик жүргүзбөйт, саясий туткундар тууралуу жазбайт жана бийликти сындабайт.
Мындай долбоорлор жергиликтүү журналисттерге тармактагы орточо айлыктан кыйла жогору эмгек акы сунушташат. Көз карандысыз ЖМКлар кысымга кабылып же жабылып жаткан шартта бул айрым журналисттер жан багуунун бир жолу болууда.
Z концерттер
Маданий долбоорлор да Орусиянын "жумшак күч" стратегиясынын бир бөлүгү болуп калды.
Мисалы, 9-май күнү Каракол шаарында өткөн орусиялык артисттердин концертинде көрүүчүлөргө Z белгиси жана Украинадагы согушка катышкан орусиялык аскерлер көрсөтүлгөн.
Бул окуя коомчулукта чоң талкуу жаратып, мындай иш-чаралар өлкөнүн эгемендигине канчалык туура келет деген суроолорду пайда кылды.
Кыргызстандын бийлиги расмий комментарий берген жок. Ал эми согуштун башында Z символун колдонгондор жоопкерчиликке тартылган учурлар болгон.
Шордун карааны: Акча кайдан келет?
Караколдогу концерттер, "Номад" телеканалы жана анын алдында түзүлгөн медиа-мектептер Орусиянын "Евразия" коммерциялык эмес уюмунун колдоосу менен ишке ашкан.
Расмий маалыматтар боюнча, фонд маданий жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү менен алектенет. Ал Кыргызстан үчүн мектеп автобустарын сатып алып, студенттер жана журналисттер үчүн билим берүү программаларын уюштурат, социалдык дүкөндөрдү ачат. Өткөн жылы Бишкекте өлкөдөгү эң ири аттракциондор паркын да курган.
Бирок эл аралык иликтөөлөр фонддун артында Кремлге жакын адамдар турганын иликтеп чыккан. "Евразиянын" директорлор кеңешинин төрайымы Мамлекеттик Думанын депутаты Алёна Аршинова, негизги фигуралардын бири катары молдовалык качкын олигарх Илан Шордун ысымы аталган.
Шор өз мекенинде ири масштабдагы алдамчылык жана акчаны адалдоо иштеринен улам сырттан соттолгон.
Ал "Евразиянын" демөөрчүлөрүнүн бири экенин жашырбайт. Орусиялык пропагандачы Маргарита Симоньян да аны фонддун түзүлүшүнө чоң салым кошкон адам катары ачык айтып келген.
Иликтөөлөргө ылайык, фондго миллиондогон сом каржынын бир бөлүгү Илан Шорго байланышы бар A7 компаниясынан түшөт.
Санкциялар жана Кыргызстан
Британиядагы Open Source Centre даярдаган кеңири иликтөөдө A7 компаниясы чоң көлөмдөгү эл аралык төлөмдөрдү жүргузүү үчүн дүйнөлүк финансылык системага интеграцияланган өлкөгө муктаж болгону жазылган. Докладдын авторлору мындай ролду Кыргызстан аткарганын белгилешет.
Апрель 2026-жылы Евробиримдик санкциялардан айланып өтүүнү алдын алуу механизминин алкагында Кыргызстанга карата алгачкы тармактык чектөөлөрдү киргизген.
2026-жылдын башына карата АКШ, Улуу Британия жана Евробиримдиктин санкцияларына Кыргызстандагы 28 компания, төрт банк жана криптовалютага байланыштуу төрт фирма туш болду.
TriTrace Investigations иликтөө бюросунун өнөктөшү Илья Шуманов: "Бул иш жүзүндө орус мейкиндигинин уландысы болуп калды. Ал санкциялардан айланып өтүү үчүн институционалдык деңгээлде пайдаланылып жатат. Кыргызстандагы экономикалык өсүштүн бир бөлүгү ушул соода жана каржы агымдары менен түздөн-түз байланыштуу", - деди.
Кийинчерээк Кыргызстандын бийлиги санкцияларды айланып өтүүгө көмөктөш болушу мүмкүн деген компанияларды жабуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирген. Юстиция министрлиги 50 компаниянын ишин токтоткон.
Бишкек эл аралык санкцияларды бузууга көмөктөшүп жатат деген дооматтарды четке кагып келет.
Акыркы кабыл алынган Евробиримдиктин Орусияга каршы санкцияларынын 21-пакетинде Кыргызстандын бир банкы жана үч компаниясы киргизилген.
"Жумшак күч" менен "катуу күчтүн" ортосундагы чек
USAID аркылуу америкалык каржылоонун кыскарышынан кийин Кыргызстандагы орусиялык таасир дагы күчөгөнү байкалууда.
"Сорос Кыргызстан" фондунун мурдагы жетекчиси Шамил Ибрагимовдун пикиринде, Батыштын донордук уюмдары коомдогу ар түрдүү көз караштарды жана ачык талкууларды колдоп келген.
Ал эми саясат таануучу Эмил Жороевдин айтымында, орусиялык ыкма Батыштан олуттуу айырмаланат. Батыш уюмдары негизинен, жергиликтүү демилгелерди каржыласа, орусиялыктар өзүнүн даяр долбоорлору менен келет.
"Орусиянын вариантындагы "жумшак күч" деген "катуу күчкө" абдан жакын. Ал бир заматта экономикалык басымга, эмбаргого жана башка таасир механизмдерине айланышы мүмкүн. Ошондуктан мындай таасир рычагдарынын кеңири жайылышы келечекте Кыргызстан үчүн жакшы жыйынтык алып келбей калышы мүмкүн", — дейт Жороев.
Мектептер, университеттер, медиа долбоорлор, маданий иш-чаралар жана каржылык схемалар бир чоң сүрөттүн бөлүктөрү катары каралат. Орусия Кыргызстандагы таасирин ар кандай куралдар аркылуу кеңейтип келет.
"Азаттык Азиянын" кабарчысы Камилла Валиеванын макаласынын түп нускасын бул жерден окуп, көрсөңүз болот.