Кыргызстандык тарыхчылар терминден баш тартуу “өтө татаал маселе” экенин белгилегенин “Коммерсантъ” басылмасы жазды. Илимий шериненин алдында орусиялык окумуштуулар Кыргызстандын мектептеринде окутулган үч окуу китебин карап чыгышкан. Орусиялык ЖМКлар жарыялаган макалалардан улам орус тарыхчылары “оторчулук” деген терминге жана совет доорундагы тарыхка байланыштуу сын-пикирлерди айтышканын байкоого болот.
Орусиянын Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун илимий кызматкери Андрей Быков “колониализм” термининин колдонулушун “модага берилгендик” деп атап, бул терминди жаш муун “эмоция менен кабыл алып жатканын”, “терс мааниге ээ” экенин белгилеп:
“Эгер биз “колониализм” же “колониялык саясат” дегенди “администрация” жана “административдик иш-чаралар” деп алмаштырсак, анда айрым нерселер дароо эле өңүн өзгөртүп коёт”, - деп айткан.
Ошол эле маалда Орусия тарап Кыргызстанга “окуу китептерин кантип туура жазуу керектигин үйрөтүүгө аракет кылбасын”, эки өлкөнүн тарых окуу китептеринен “карама-каршылыкты күчөткөн айрым сөздөрдү алып салуу” сунуштары болгонун, булар “ынак коңшулук өнүгүүгө шарт түзөрүн” белгилеген. Бул “эки өлкөнүн эгемендигине жана улуттук кызыкчылыктарына зыян эмес, тескерисинче, Евразия экономикалык биримдиги жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) алкагындагы жалпы кызыкчылыктарыбызды колдойт” деген орус тарыхчысы.
Жыйынга катышкан Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнография институтунун директору, тарыхчы, академик Абылабек Асанканов “колония” деген сөздөн баш тартуу өтө оор экенин айтып, колониянын үч негизги белгисин - өз алдынчалуулукка ээ эместик, жаратылыш байлыктарын жана эмгек ресурстарын пайдалануу, ошондой эле колонизатордун кызыкчылыгындагы көчүрүү саясатын атап, бул белгилердин баары болгонун айтты деп жазды “Коммерсантъ”. Асанкановдун өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.
Тарыхка байланыштуу талкуулар бир нече жылдан бери эле уланып келүүдө. Эгемендик алгандан кийин постсоветтик өлкөлөрдө идеологияга негизделип жазылган, бурмаланган тарыхтын актай барактарын толуктоо аракеттери жүрүп келүүдө.
Маал-маалы менен мындай аракеттер Орусия тарабынан сынга алынып келатканын “Азаттыкка” маегинде Кыргыз билим берүү академиясынын бөлүм башчысы Муратбек Иманкулов билдирди. Ал 9-класс үчүн жазылган тарых китебинин автору. Окумуштуу менен ушул маселе боюнча маек курдук.
- Муратбек мырза, саламатсызбы. Соңку талкуу тууралуу кабарыңыз болсо керек.
- Саламатсыңарбы. Албетте, кабарым бар. Бирок бул өтө деле чоң жаңылык эмес. Анткени, 2008-2009-жылдардан бери Орусиянын ошол кездеги президенти Дмитрий Медведевдин атайын тапшырмасы менен мурунку советтик он эки өлкөнүн тарыхы кандай окутулууда? Орусияга карата мамилеси кандай болуп жатат? Ошол тарыхты окутканда кантип баяндап жатышат деген 187 окуу китепти анализдешкен. Ошол боюнча ар түрдүү өлкөлөргө ар кандай дооматтар коюлган. Ошонун ичинде Кыргызстанга дагы доомат коюлган. Тагыраагы, 2012-жылы конкреттүү түрдө мага доомат коюлуп, 9-класстын тарых китеби боюнча жана колониализм маселеси дагы көтөрүлгөн. Алар “эч кандай баскынчылык болгон эмес, колониализм болгон эмес” дешкен. Мен айттым, макул колониализм болбосун. Анда Кыргызстандын макамын аныктап бергилечи? Кандай макамда болгон? Эгерде ошол мезгилде кыргыздар болуштук башкаруучудан өйдө кызмат орундоруна жетпесе... Демек, бул жерде ачык эле оторчулук бийлик экендиги анык болуп турат деп көргөздүм.
Мына, генерал-лейтенант, чыгыш таануучу Михаил Африканович Терентьевдин “Орто Азияны басып алуунун тарыхы” (История завоевания Средней Азии) деген 3 томдук фундаменталдуу тарыхый эмгеги бар. Мындан тышкары, Семёнов-Тян-Шанский өзүнүн эмгектеринде бул тууралуу жазган. Тарыхтан мисал келтирсек, Германия менен Франция көп жолу согушкан. Бирок бүгүнкү күндө Евробиримдикте эң ынак өнөктөш болуп жатат. Анткени аларга өткөндөгү тарыхый окуя таасир эткен жери жок. Алар ошол тарыхта болгон окуяларды, баскынчылыктарды эки тараптан тең моюнуна алышкан, бири-бирин кечиришкен. Мына, Экинчи дүйнөлүк согушта Германия көп кылмыштарды жасады, нацизмди мойнуна алды. Бүгүнкү күндө Германия алдыңкы өлкө. Жапониянын мисалы деле ошондой. Демек, чындыкты моюнга алуу - ал мамлекеттин, элдин чабалдыгын эмес, улуулугун билдирет. Өткөн окуяларды бүгүнкү күн менен байланыштырбаш керек, азыр башка муун. Андан бери көп муун алмашкан. Демек, биз тарыхты бурмалабашыбыз керек. Ынтымакташып, экономикалык, маданий байланыштарды түзгүбүз келсе, бирөөнү басынтпай, анын тарыхын бурмалабай, анын тарыхын, каада-салтын сыйлап, өз ара сыйлашуунун негизинде жетише турган болсок, жакшы болот.
- Сиз дагы мектеп окуучулары үчүн жазылган окуу китептеринин авторлорунун бирисиз. Кыргызстан 12 жылдык окутуу системасына өткөндөн кийин окуу китептерин кайра бир сыйрадан жаңылап чыктыңыздар окшойт. Ушул оторчулук тууралуу кайсы класста окутулат?
- Мен 9-класстар үчун жазылган окуу китебинин авторумун. Бул жерде советтик доор дагы бар. Ошол мезгилдин жакшы жактары, ошону менен катар экинчи жагы да берилди. Репрессиялар болду, өнүгүп-өстүк, бирок ошол өнүгүүнүн төлөй турган баасы да болду дегендей. Сиз айтып жаткан 12 жылдыкка байланыштуу түзөтүүлөр кирди. Биз балдарга эки деңгээлдик окутууну сунуштаганбыз. Биринчи цивилизациялык, бул жерде колониализм тигил-бул деген сыяктуу татаал проблемаларды айтып, окуучулардын башын оорутпайбыз. Бул жерде коом кандай өзгөргөнүн, башка жагдайларды жеңил, жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайыктап окутабыз. Биздин билим берүү стандартында толеранттуулук деген бар. Демек, биз башка элдерге карата душмандык мамиле, кастык тил деген нерселерден арылып жатабыз да. Демек, кастык тил болбошу керек. Кандайдыр бир элге, кандайдыр бир мамлекетке болгон жек көрүү сезими болбошу керек дегенди биз айтып жатабыз. Ошондуктан оторчулук дегендей сөздөр болуп кала турган болсо, биз аны жеңил жол менен түшүндүрөбүз. Ал үчүн бүгүнкү күндөгү конкреттүү адамдарды күнөөлөгөнгө болбойт. Бул эчак болгон окуя дегендей түшүндүрөбүз. Экинчиси тарых катары каралат.
- Кыргызстан менен Орусиянын тарых боюнча Эксперттик кеңеши өткөн жылы түзүлгөн экен. Бул эмне болгон кеңеш? Эмне максатта түзүлүп калды эле кабарыңыз барбы?
- Бул өткөн жылы түзүлгөнүн уктук. Меморандумга Орусия президентинин алдындагы тарыхый агартуучулук боюнча мекемелер аралык комиссиянын төрагасы Владимир Мединский жана ошол кездеги Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов кол коюптур. Эксперттик кеңешти тандашканда Орусияга сын айткан мен сыяктуулар кирген эмес.
- Өзүңүз жогоруда айтып өтпөдүңүзбү, узактан бери эле орусиялык тарыхчылар тарабынан сын-пикирлер айтылып жүрөт депчи. Ошондо бул кеңеш аркылуу айтылган биринчи сын болдубу?
- Кеңешти айтым го, былтыр түзүлгөнүн уктук. Быйылкы жылы Москвада атайын жыйын өтүп жатканын көрүп жатабыз. Ал эми сындар болсо 15-16 жылдан бери эле айтылып жүрөт. Бул жаңылык деле эмес. Бул боюнча көп талкуулар өткөн. Бизде президентке карашуу Тарых комиссиясы деген бар. Андан сырткары Тарых коому деген бар. Көрүнүктүү, прогрессивдүү тарыхчылар бар. Орусия бизге өзүнүн тарыхын "мындай жаз, тигиндей жаз" деп айтып жаткан болсо, демек ал колонизатордук табиятын көргөзүп жатат. Бул неоколониалдык кысым деп белгилегенге болот. Биз келечекти, алдыны карашыбыз керек да. Маселен, алдыда өзүбүздүн эгемендүүлүктү сактап, камыр-жумур жашообуз керек.
- Тарыхчылар бул сыяктуу кабарларды ич-ара талкуулап жатсаңыздар керек. Ошол Москвадагы жыйында Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнография институтунун директору, тарыхчы, академик Абылабек Асанканов жүрөт. Ал киши сиздердин позицияны айта алдыбы?
- Эми ал жерде дипломатиялык тилге салып айтты. Ачык, так кесе айта албаптыр. Бирок “оторчулук” дегенден баш тартуу оор деп атат да. Негизи бул мүмкүн эмес. Себеби тарыхый чындыкты бурмалоого мүмкүн эмес. Тарыхчылар колониализм деген болгон деп белгилейт. Бул жерде “сеники калп, меники чын” деп бири-бирибизди кемсинтпестен, бири-бирибизди урматтап, сыйлап, тарыхый чындыкты изилдөөнүн негизинде калыс изилдөө зарыл. Өткөн тарых бүгүнкү күндөгү мамлекеттердин, элдин ортосундагы мамилеге таасир этпеши керек. Мындай нерселер жөн гана кабинеттердеги, жыйындардагы талаш, талкуу менен калышы керек.
Шерине