Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:24

"Өлбөс полк" жүрүшү: эскерүүбү же пропагандабы?

9-май, Бишкек. "Өлбөс полк" жүрүшү. Султан Досалиев тарткан сүрөт.
9-май, Бишкек. "Өлбөс полк" жүрүшү. Султан Досалиев тарткан сүрөт.

Кыргызстанда 9-майда Жеңиш күнү белгиленүүдө. Бишкекте өткөн майрамдык иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, кайрылуусунда дүйнө согуштун сабагын албаганын белгиледи. Ошол эле маалда борбор калаада жана бир нече аймакта "Өлбөс полк" жүрүшү өттү.

Бул иш-чара Кыргызстанда гана уюштурулганына көңүл буруп, аны согушту шаан-шөкөткө жана пропагандага айландырууда деп сынга алгандар бар.

Быйыл Кыргызстанда “Өлбөс полк” жүрүшүнө уруксат берилип, Бишкек, Ош жана башка бир катар аймактарда өттү. Борбор калаада согушка катышкан жакындарынын сүрөтүн көтөргөн тургундар Байтик баатыр көчөсү менен жүрүп, өчпөс отко чейин басып келишти.

"Бизге чоң сабак"

Бишкектин тургуну Жумабек Кенжекараевдин атасы жана таякеси согушка катышкан. Ал 80 таякеси Бусурманкул Жапаевдин сөөгү былтыр гана Австриядан табылганын айтты.

“Биздин үйдөн атам жана таякем согушка катышкан. Былтыр таякемдин Австриядагы мүрзөсүнө барып келдик. Ал жактан өзүбүздүн ырым-жырымдарды кылып, куран окудук. Ал 1942-жылы кетип, сөөгү Австрияга коюлган экен. Барганда 28 кишинин фамилиясы жазылып турат, 241 кишинин дайыны жок. Таякемдин дайыны 80 жылдан кийин билинди. Былтыр апрелде жубайым жана байкемдин кызы болуп барганбыз. 9-май алар бизге алып келген чоң майрам. Ошолордун эрдигинин арты менен биз тынчтыкта жашап жатабыз”.

Бул жылы Кыргызстан Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңишти жети ардагер менен белгилеп жатат. Ал эми ооруктун 297 эмгекчиси калган. 1941-1945-жылдардагы согушка Кыргызстандын аймагынан 360 миң киши, ар бир төртүнчү адам жөнөтүлгөн. Алардын урпактары дүйнөдө мындан ары тынчтык болсо дешет. Көк-Жар айылынын тургуну Салима Сейитова:

“Атам согушта болуп, аман-эсен кайтып келген. Кийин анын көзү өтүп кетти, эми мен неберелеримди ээрчитип эскерүүгө келдим. Атамдын денесинде тактар бар болчу. Сурасам “жара чыккан” деп койчу. Жоро-жолдоштору менен сүйлөшкөндө ал жерлерге ок тийгенин айтып калар эле. Мен аны угуп, сурасам: “Аларды алдап койдум” деп калчу. Көрсө, ал бизге согуш жөнүндө айткысы келчү эмес экен. Аябай оор болуптур, киерге кийими, жегенге тамагы жок, татаал шартта жүрүптүр. Бул биз үчүн чоң сабак”.

"Өлбөс полк" пропагандабы?

Акыркы жылдары "Өлбөс полкту" Кремлге байланыштырган маанай пайда болуп, жүрүш көптөгөн өлкөлөрдө Москванын Украинадагы аракеттерин колдоо катары кабыл алына баштады. Мындан улам бул жүрүш көп өлкөдө өтпөй, быйыл Кыргызстанда гана уруксат берилди. Иш-чараны пропаганда жана согуштагы чындыкты жашыруу катары мүнөздөгөндөр бар. Журналист Миржан Балыбаев буларга токтолду:

“Тилекке каршы, өзгөчө Украинага кол салуу башталгандан кийин бул иш-чарада пропаганданын белгилери байкалып жатат. “Өлбөс полкко” сын көз караш менен карагандарды фашистчил, ата-бабалардын арбагын урматтабайт, согуштагы жеңишти тааныбайт дегендер жаңылат. Согушту унутпай, эскерип жүрүү керек, бул талашсыз. Биз чындыкты эскерип, чындыкты унутпай жүрүшүбүз керек. “Өлбөс полкту” мен "шоу" деп атайт элем. Мында шаан-шөкөт, ач кыйкырык болуп, чындыктар айтылбай келет. Ошондон улам бул жүрүштү сындагандар бар. Согуш жөнүндөгү чындык унутулса, ал кайра кайталана берет. Мисалы, Рейхстагда жеңиш туусун ким сайды дегенде Михаил Егоров жана Мелитон Кантария деген эки ысымды айтышат. Бир топ жыл болуп калды, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги тууну сайгандар Рахымжан Кошкарбаев жана Григорий Булатов деген татар тектүү киши сайганын расмий таанып жатат. Алардын эрдиги “улуттук маселеге” туура келбей, орус эли Сталиндин улутташы “Контарий болушу керек" деп дайындап коюшкан. Жеңиш туусу боюнча ушунча жыл жалган маалымат айтылып келген сыяктуу башка да жагдайларда чындыктын айтылбай жатканы турган иш”.

Президент Садыр Жапаров быйыл согуштун ардагерлерине 200 миң сомдон жардам көрсөтүү боюнча жарлык чыгарган. Ал 9-майда Бишкектеги Жеңишти эскерүү иш-чарасына катышты.

“Ошол каргаша бүгүн да бүткүл адамзат үчүн чоң сабак болушу керек эле. Тилекке каршы, сабак болбой жатат. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө болуп жаткан согуштарда үч триллиондон ашуун каражат жумшалууда. Бул каражатты адамзаттын жаркын жашоосуна жумшасак кандай жакшы болор эле. Жок дегенде жашыл жаратылышты коргоого жумшаганда дүйнө жүзү жапжашыл болуп турмак. Мына ошондуктан биз улуу жеңиштин сабактарын унутпай, тынчтыкты, ынтымакты жана биримдикти көздүн карегиндей сактоого милдеттүүбүз”, - деди Жапаров.

Москвадагы аскердик техникалары жок парад

Бул күнү Москвада да Жеңиш күнү белгиленип, бул ирет аскердик техникалардын парады өткөн жок. Кремл муну “кырдаалга жараша чечим” деп түшүндүрдү жана иш-чарага Борбор Азия лидерлеринен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев барды. Мындан тышкары Беларустун, Малайзиянын жана Лаостун лидерлери болду. 8-май күнү Москвага Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо келген, бирок ал парадга катышкан жок.

Ал арада АКШнын ортомчулугу менен Орусия менен Украина 11-майга чейин ок атышууну токтотту.

Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылы 1-сентябрда тутанып, 1945-жылы 2-сентябрда аяктаган. Ага ошол маалдагы 74 мамлекеттин 62си, дүйнөнүн 80% калкы катышкан. Согуштан жалпы 70 миллиондой адам кырылган.

СССР Экинчи дүйнөлүк согушка өзү аралашкан бөлүгүн Улуу Ата Мекендик согуш деп атаган. Германия менен СССРдин ортосундагы согуш 1941-жылы 22-июнда башталып, 1945-жылы 9-майда СССР жеңишке жеткен. Бул күн СССРде, кийин андан бөлүнгөн мамлекеттерде Жеңиш күнү катары белгиленет.

Жапаров дүйнөдөгү согуштарды айыптады
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:06 0:00
  • 16x9 Image

    Түмөнбай Абдинаби уулу

    Түмөнбай Абдинаби уулу "Азаттыктын" кабарчысы. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү. 

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG