Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Туткунга түшүп, "Манасты" Берлинден чыгарган


Сатар Алманбетов
Сатар Алманбетов

Азап-тозокту башынан кечирип, немис туткунунан, андан кийин Сибирдеги советтик лагерден Ала-Тоого аман-эсен жеткен кыргыздын уулу Сатар Алманбетовдун тагдыры тууралуу тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин жана белгилүү жазуучу, тарыхчы Арслан Капай уулу Койчиев менен маек курабыз.

Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганына 79 жыл толду. Бирок көпчүлүк советтик аскерлер үчүн согуш 9-май менен эле бүткөн эмес. Туткундан бошотулгандар үчүн согуш азабы узак жылдарга созулган. Немис лагеринен өз мекениндеги советтик лагерлерге айдалып, оор шартта, Сибирдин суугуна өпкөсүн алдырып, көпчүлүгү ата мекенине кайтып келе албады. Совет мезгилинде туткундар эскерилбей, алардын ысымдары дагы аталган эмес.

- Менимче, Сатар Алманбетовдун тагдыры советтик жүз миңдеген жоокерлердин тагдырына үндөш. Туткундалып, немистердин катарына өтүп, кийин советтик лагерге жазага тартылып, аман калгандары аз эле болгондур. Сатар Алманбетов тууралуу азыр кандай изилдөөлөр белгилүү? Ал киши тууралуу кеңири маалыматтарды алып чыга алдыкпы?

Тынчтыкбек Чоротегин: Сатар Алманбетов 1917-жылы азыркы Жумгал районунун борбору Чаекте туулган. Экинчи дүйнөлүк согушка чейин эле Алматы шаарында укук адистигин окуган. Ошондой эле көркөм өнөр жаатында дагы алгачкы кадамдары мыкты болгон айдың экени белгилүү. Албетте, ал жөнүндө бизде кеңири иликтөөлөр жокко эсе. Анын ысымын атап, ишмердигин сөз кылууга совет мезгилинде тыюу салынган. Совет бийлиги кыйрагандан бери дагы ал жөнүндө жакшы маалымат таба албай келебиз. КГБнын архивинде азыркыга чейин жабык бойдон турат. Орусиянын архивинде дагы элүү жылдай кийинкиге калтырылып жатат. Окуяларды таамай чагылдырыш үчүн архивдик маалыматтарга муктажбыз.

- Арслан агай, согуш трагедиясын жоокердин тагдыры менен көрсөтүп, согуш темасына жазуучу, тарыхчы катары башка бир ой-чабыттан караганга аракет кылып жүрөсүз. Өткөн жылы “Вице-президенттин соңку каты” деген чыгармаңыз жарыяланганда, тарыхтан кабары бар кишилер “Бул Бет-Алман аталган Сатар Алманбетов тууралуу турбайбы” деп таанып, жазып жатышты. Ага чейин бир топ архивдик материалдарды жарыялаган экенсиз. Арасында Сатар Алманбетовдун согушка чакырылган кагазы жүрөт. Туткундалганы, аскердик наамы ага лейтенант болгону дагы жазылыптыр. Прокурор болгон деп дагы жүрөбүз. Ушул архивдик маалыматтар кайдан алынды?

Арслан Капай уулу Койчиев: Сатар Алманбетовдун өмүр баянына кызыгуум окуучу кезде эле пайда болду. Себеби совет заманында Казакстан КГБсында иштеген жазуучу “Чоң Түркстандын кыйрашы” (Серик Шакибаев) деген китеп жазган. Ошол китепте совет тарабында согушуп, колго түшүп калып, ЭсЭстин (SS) "Түркстан легиону" түзүлүү тарыхы жазылган. Ошонун катарында кимдер согушкан, алардын тагдыры кандай болгондугу жөнүндө да бар. Ошол жерде эки-үч кыргыздын аты аталат. Ичинен белгилүүсү Сатар Алманбетов эле. Казак жазуучусу Сатар Алманбетовдун кызыктуу образын түзгөн. Мисалы, өтө эле немисчил, фашистчил тарап болуп, согушка үндөгөн ишмерлер же болбосо арсар ойдо болуп, "кайра совет тарабына өтүп кетели" деп, жашыруун иш жүргүзгөн кишилер тууралуу жазып, ушул Сатар Алманбетовдун образына келгенде, “оор басырыктуу, ойчул” деп жазыптыр. Ушул китепти окугандан кийин мен аны толмочунан келген, ойго баткан адам катары элестетет элем. Көрсө, андай эмес экен. Чап жаак, арык чырай, көз айнекчен киши экен.

Подкастты бул жерден угуңуз:

1994-жылы Германияга барып калып, өзбек аалымдын китепканасынан "Миллий Түркстан" журналынын чыгарылыштарын көрүп калдым. Ошолорду аңтарып отурсам, Бет-Алман деген автордун чыгармаларына, жазгандарына көзүм түштү. Эң мыктысы Бет-Алмандын автобиографиялык аңгемеси экен. Ал өтө чебер жазылыптыр. Биринчи жактан жазып, өзүнүн кантип согушка барып, кантип колго түшүп калганын жазыптыр. Аңгеменин биринчи, экинчи бөлүгүн таба алган жокмун. Ошол аңгемени алып, азыркы кыргыз арибине салып, бирөөлөргө бердим эле, орду-түбү жок, таппай калдым. Эми кантип табууну ойлонуп жүрөм. Бет-Алмандын юрист гана эмес, "көркөм адабиятка бир из калтырсамбы" деген дымагы болгонбу деп ойлоп калам. Себеби Сатар Алманбетов согушка аттанган жылы “Кулан мерген” деген поэмасы жарык көргөн.

Сатар Алманбетовдун “Кулан мерген” деген поэмасы
Сатар Алманбетовдун “Кулан мерген” деген поэмасы

Ал поэма - ошол жылдардагы кыргыз адабиятынын деңгээлинен алып караганда өтө көркөм жазылган жакшы чыгарма. Көркөм адабиятка басым жасагандыгы ушундан билинет. 1942-1943-жылдары Берлинде “Тыныбектин варианты” деп, латын арибинде кыргызча “Манас” эпосун жарыялаган. Демек, бул кишинин кыргыздын көркөм дүйнөсүнө кызмат кылсамбы деген чоң кыял-тилеги болгон окшойт.

- Сиз айтып жаткан "Миллий Түркстан" журналында өмүр баянын жазган экен да. Журналды издеп тапса болобу?

Арслан Капай уулу Койчиев: Издеп табыш керек. Тапсак жакшы болот эле. Аябай кооз жазылган аңгеме. Аңгеме жазуунун канчалык оор экендигин билебиз. “Ушуну жазып коёюн, акыры биринин колуна тиер” деген ой менен кагаз бетине түшүрсө керек. Фрунзеден чыкканын мындайча эскерген: “Согуш талаасында жатабыз, жай мезгили эле. Бышыкчыл мезгил эле. Арпа талаасын аралап жатканда, бир генерал бизге команда берип жүрдү. Жанымдагы бир кыргыз: “Ай, Сатыш!" - деп кыйкырды. "Эгерде ушул жерден аман-эсен чыкпай калсам, аяшыңа салам айтып кой” деген аманат сөзү бар эле дегенче, алай-дүлөй атыш болуп калды". "Анан көзүмдү ачсам, жарадар болуп, баягы ызы-чуунун баары алыстан угулуп калыптыр. Эптеп баягы талаадан чыгып, токойдун четине келсем, эки орус мушташып жатыптыр. Бирөөнү Фрунзеден бери тааныйт экем. “Силерге эмне болду!?” деп экөөнү тыйдым”, - деген жеринен аңгеменин биринчи бөлүгү бүтүп калат.

- Ошол сиз жарыялаган аскердик маалымдамасынан улам Фин согушуна чакырылган окшойт деп калдым. Анткени “1940-жылы аскерге чакырылды” деп жүрөт. Түркстан легиону тууралуу дагы сөз болуп калбадыбы. Ошол легиондун башчысынын орун басарларынын бири болгондугун дагы айтып жүрөбүз. Сиздин чыгармада дагы "вице-президент" деп көрсөтүлүп жатпайбы. Ушул жагынан бул киши тууралуу кандай маалыматтар бар? Түркстан легионунда ролу кандай болгон?

Тынчтыкбек Чоротегин: Ошол маалда ар башка этностордун өкүлдөрүнөн армия түзүүгө аракет кылышкан. Мисалы, "Чехословакия корпусу" деп чехтер, словактар СССРде Гитлерге каршы даярдалган. Улуу Британияда дагы чехтердин учкучтары, аскердик күчтөрү Гитлерге каршы даярдалган. Ушул сыяктуу бири-бирине каршы согушта күчтөр колдонулган. Ошондой эле мусулман элдеринин арасында эки легион түзүлгөн. Эдил-Орол легиону татар, башкырлар үчүн түзүлгөн. Түркстан легионун советтик Борбордук Азиядагы түпкү калктардын өкүлдөрүнөн турган өзүнчө легион кылып түзүү керек болгон. Түркстан легионун түзүүгө баштапкы учурда тартылган Мустафа Чокай казактын эле эмес, Түркстандын залкар мамлекеттик ишмери эле. Ал бир кезде Түркстан автономиясын негиздегендердин бири болгон. Кийин иммиграцияга кетүүгө аргасыз болгон. Ошентип, Германияда жашап калган. 1933-жылы фашисттер Германиядагы бийликти тартып алгандан кийин, ал жерде байырлап калган инсанды "Түркстан легионун" түзүү иштерине тартканга аракет кылышкан. Советтик туткундардын ичинен өзгөчө запкы жегендер түрк мусулман элдери болгон. Ошолорго кандайдыр бир жеңилдик бериш үчүн ал “Түркстан легиону” дегендин аркасы менен аларды өзүнчө иргеп алып, ачкачылыктан, зомбулуктан сактап калганга аракет кылган. Ошондон улам Түркстан легионун түзүүгө макул болгон. Бул бир жагы.

Экинчи жагынан, Советтер Биримдигинен (СССР) эркин болгон "Түркстан мамлекетин түзүү” идеясы болгон. Гитлер алардын эгеменчил идеясын колдонгонго аракет кылган. Түркстан легионунун түзүлгөнүн жарыялаганда, “Силер болочок эркин Түркстан үчүн күрөшөсүңөр” деп, ал эми Эдил-Орол легиону түзүлгөндө, “Силер болочокто татар-башкырлардын мамлекетин түзөсүңөр” деп убада берген. Ошол легиондордун ичинде Сатар Алманбетов чоң кызматтардын бирин ээлегени, Вели Каюм хан деген өзбектен кийинки кызматта болгондугу анык. Бул жөнүндө Арслан Капай уулу Койчиевдин жакшы макалалары жарыяланган.

Эми бул жерде Муса Жалил тууралуу айта кеткенибиз оң. Ал Эдил-Орол легионунун башчыларынын бири болгон. Сатар Алманбетов сыяктуу үгүт маселеси боюнча иштешкен. Ошол эле учурда ал татар жана башкырлардын нацисттерге каршы көтөрүлүштөрүн даярдатып, аларды качырып турган. Анысы билинип калып, кийин Моабит түрмөсүндө жатканда жазган “Моабит дептери” белгилүү эмеспи. Антифашисттик ырларын сактап калышкан. Өзү өлүм жазасына тартылган. Ал кезде чекисттер, СССР Ички иштер комиссариатынын өкүлдөрү аны тирүү деп ойлошкон. “Аргентинага качып кетти го бул чыккынчы” дешкен. Анын ырлар жыйнагы колго тийгенде, алгачкы ырларын НКВД кызматкерлери жоготуп жиберген. Бир варианты бельгиялык антифашисттин колунда сакталып калып, кийин СССРге жетип, Сталин өлгөндөн кийинки доордо жаңы деңгээлде кайра бааланган. Албетте, Константин Симонов сыяктуу залкарлар Муса Жалилдин акталышына чоң жардам беришкен. Өлгөндөн кийин Советтер Союзунун баатыры наамын алган.

Чындык деген бар. Эгерде ал көзү тирүү бойдон калып, 1945-жылы туткунга түшкөн болсо, аны дагы Сибирге айдашмак. Анын чындыгын эч ким укмак эмес. Сатар Алманбетовдун чындыгы да биз үчүн азырынча белгисиз калып жаткандыгы дал ошондон. Муса Жалилдин тагдыры сыяктуу эле Сатар Алманбетовдун тагдырын кайра карашыбыз керек. Мисалы, бир кезде "власовчулар" деп, "нацисттерге өтүп кетти" деген топтордун өкүлдөрү кийин Гитлерди талкалаганга аябай чоң жардам беришкени ачыкка чыккан. Бирок алар убагында четинен кармалып, сотсуз эле атылган. Демек, алардын дагы чындыгы, өмүрү белгисиз кетти. Ыраматылык Азамат Алтай Франциядагы антифашисттик кыймылга катышып, ошол кезде бир нече советтик туткундардын тагдырын караган топто иштеп калган экен. Ошондо антифашисттер тарабына өтүп, өзү багынып берген Сатар Алманбетовду дагы абакта кармашкан. Кийин ал “эл-жериме кетем” дегенде, “коркунучтуу абал бар экен, ушундай маалымат болуп жатат” деп айтышканына карабай, “жок, мен өз жериме кетем” деп, Азамат Алтай менен дагы коштошуп, өз ыктыяры менен кеткен. Орусча "Википедияда" ушул маселе көрсөтүлүп жатат. Эмне үчүн ыктыяры менен кетти? Демек, өзүнүн айта турган жүйөлүү кептери болсо керек. Арсландын жана башка жаш тарыхчылардын негизги милдеттеринин бири – дал ушул жаңы өңүттү табуу.

Арслан Капай уулу Койчиев: Туура айтасыздар, анын ишмердигин изилдешибиз керек. Себеби “Кулан мерген” поэмасын жазды. Өзүнүн бир аңгемеси бар. Андан сырткары ал жазып, кагаз бетине түшүрүлгөн “Манас” эпосу бар.

Тынчтыкбек Чоротегин: 1925-жылы араб арибинде Москвада чыккан.

Арслан Капай уулу Койчиев: Ооба, ошолордун бардыгын анын эмгеги катары баалап, дагы бир жолу азыркы коомчулукка тартуулап койсо, туура болот го деп ойлойм.

- Тынчтык агай, Муса Жалилди мисал келтирип калдыңыз. Убагында ар кандай жагдайда туткунга түшүп калгандар "чыккынчы" деп лагерлерге кайра камалып, атылганы атылып, жүз миңдеген кишилер белгисиз кетти да. Кеп башында сурадым эле, согушка чейин Сатар Алманбетов Юстиция министрлигинде, прокуратурада иштегени тууралуу маалымат такпы?

Арслан Капай уулу Койчиев: Кесиби боюнча юрист болгон экен. Башкы прокуратурада иштеп, Эркиндик бульварында №30 үйдө жашаган. Билимдүү, алдыңкы кыргыз катары офицердик наам берилип, “өзгөчө бөлүктө” кызмат өтөгөн. Ал Түркстан легионунда жүргөндө жалаң эле аңгемелерди жазбай, сот системасы жөнүндө, Советтер Союзундагы юриспруденция, укуктук маселелер жөнүндө макалаларды жазып турган. Анын юристтиги ушундан билинет. Бирок согуштан келгенден кийин, көркөм дүйнөгө болгон жакындыгы ушундан болсо керек, Кыргызстандагы белгилүү гезиттердин биринде корректор болуп иштеген. Ошентип, өзүнүн жанын баккан.

- Сибирден кайтып келгенден кийинки тагдыры жөнүндө сурайын деп жатам. 1950-жылдардын орто ченинде кайтып келген экен. Бирок 1959-жылы каза болуп калганы айтылат. Мекенинде көп деле жашаган эмес окшойт. Туулган жерине кайтып бардыбы? Туугандарына жолуктубу?

Арслан Капай уулу Койчиев: Биз изилдеген маалыматтар боюнча, туулган жерине барган эмес экен. Бирок анын тагдырына боору ооруган, жан тарткан кыргыздын көрүнүктүү өкүлдөрү болуптур. Алардын ысымдарын айтпай эле коёлу. Ошолордун кийлигишүүсү менен “Советтик Кыргызстан” гезитине корректор болуптур. Немиске кызмат кылган, Сибирде жазасын өтөгөн кишини партиялык башкы гезиттин редакциясына отургузуп койгону дагы чоң эрдик да. Ошол жерде жүргөндө дагы анын үстүнөн арыз жазышып, айгак чыккандар болгон. Дагы бир көрүнүктүү министр муну угуп калып, “кайран Сатар кор болуп калдыбы?” деп, өзү кийлигишип, дагы бир жерге жумушка орноштуруп, “жалгыз жашаган болбойт, үйлөн” деп үйлөндүрүп, кам көргөн кишилер болгон экен.

Тынчтыкбек Чоротегин: Эмне үчүн өзүнүн айылына барбаган? Туугандарын кара тизмеге кошпош үчүн, аларды сактоо үчүн алыс турууга аргасыз болгон. Биздин айдыңдардан өзүн оолак кармагандыгы да ошондон. Себеби ал баары бир аңдууда болгон киши эле. “Эл душманы”, “чыккынчы”, “Гитлердин ити” деген жарлыктар совет доорунда бул сыяктуу тагдырга туш болгондорду өмүр бою ээрчип турган болчу. Аны ичинен аягандар, Арслан айткандай, тымызын аракеттер менен улам бир жумушка орноштурушкан болушу мүмкүн. Жазуучу Эрнис Турсуновдун өзү менен жолуккан учурунда да “менден алысыраак жүргүлө” деп өзү алдын ала эскерткен экен. Эрнис Турсунов ал кезде романтик, жаш, өзү дагы каарман киши да, баары бир Сатар Алманбетов менен жолуга берген экен. Кейиштүүсү, ал аксакалыбыз дагы Сатар Алманбетов тууралуу жаза турган ишин толук аягына чейин чыкпай кете берди.

Арслан Капай уулу Койчиев: “Өзүнөн мурда башкаларды аяган” дегениңиз туура. Бир окуяны катышуучусунун оозунан угуп калдым. Сатар Алманбетов Францияда советтик армиянын колуна түшкөн. Ошондо кайра суракка алышып, алдына дагы бир көрүнүктүү кыргызды отургузушуптур. “Маңдайымдагы кыргызга залакам тийип калбасын” деп ойлогон го, НКВДнын капитаны “бул кишини тааныйсыңбы?” деп сураганда, Сатар Алманбетов: “Жолдош капитан, сен андан көрө менден муну көрдүңбү дебей, Гитлерди көрдүң беле деп сурабайсыңбы?! Буга окшогон кыргыздар миңдеп, жүздөп туткунда жүрүшөт. Кайсы бирин айтасың”, - деген экен. Эгерде "тааныйм, көргөм" десе, мүмкүн, жазасы оор болмок. Буларды кийин Алматыга алып келгенде өтө көрүнүктүү, активдүү ишмерлер өлүп жазасын алып, атууга кеткендери болгон. Сатар Алманбетовдун эмгегин, жүрүм-турумун эске алышып, Сибирге бир нече жылга соттоо менен чектелген. Ооба, Эрнис Турсунов бул киши менен көп сүйлөшүп калгандыгын жазат. Ыраматылык Эрнис Турсунов агайдын архивинде жазгандары бар чыгар. Аны эскергенде аябай деталдуу түрдө манераларын, кийген кийимдерин, сүйлөгөн сөзүн, баскан турганын бери туурап, “ушундай таза жүргөн, кийгени жапондордун самурайларындай болуп, ак шым, ак көйнөк, ак шляпа" деп айтат . "Сатар Алманбетов "абайлагыла, менин жаныма көп жолой бербегиле” деп эскертип турчу. Биз ага карабай эле бара берчүбүз” деп айтып берчү. “Бир сөзүн эки кайталабаган, сөздү муютуп сүйлөгөн таланттуу адам эле” деп анын сөзмөрлүгүнө аябай таң калчу.

- Биз эмне үчүн бул кишинин тагдырына кайрылып жатабыз? Себеби согуш трагедиясын, масштабын ушундай кишилердин тагдыры аркылуу көрөт экенбиз. Тагдырдын жазмышы болсо керек. Туткундалып жаткан тушта сиз айткан “Кулан мерген” деген китеби бул жактан басылып чыгыптыр. Мына, акыркы жылдары көп аскердик архивдер санариптешип, согуш ардагерлери тууралуу “Подвиг народа”, “Мемориал” деген сайттар аркылуу маалымат табуу мүмкүн болуп калды. Азыркыга чейин миллиондой кишинин дайыны табыла элек деп окуп калдым. Таятасын, чоң атасын издеп жүргөндөр бизде деле көп. Ушул боюнча эмгек жазып, илимий көз караш менен карагандар барбы бизде? Экинчи дүйнөлүк согушту советтик пропаганданын таасиринен чыгып изилдей алдыкпы?

Тынчтыкбек Чоротегин: Албетте, бар. Ыраматылык Нарынбек Ашыраалы уулу өмүрүнүн соңку ондогон жылдарын жалаң ушул Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхын жазуу менен өткөрдү. Назар Түнтеев деген агабыз бар. Азыр Астана шаарында жашайт. Кыргыз жоокерлеринин тагдыры менен байланыштуу иликтөөлөрдү жүргүзүп келет. Мисалы, Ысмайыл Таранчиев жөнүндө эмгек жазып, өлгөндөн кийин СССР ыдырай электе, кайрадан совет бийлигинин сыйлыгын алуусуна өз салымын кошкон. "Эсимде” долбоорунун жаштары согуш туткундарынын тагдырын иликтеп жүрөт. Жарандык коомдун өкүлү катары Ат-Башыда жашаган Бактыгүл карындашыбыз салымын кошуп жатыптыр. Жалаң гана тарыхчылар эмес, жарандык коомдун, диаспоралардын өкүлдөрүн да салым кошууга чакырар элек. Азыркы тапта Германияда, дагы башка жактарда жүргөн далай жарандарыбыз бар. Алар да өзүнүн салымын кошушу мүмкүн. Кыргызстандын тарыхчыларына виза алуу маселеси бар. Дайыма эле чет жакка илимий сапарга баруу мүмкүнчүлүгүн ала беришпейт. Санариптик доордо бирөө жете албай жаткан нерсени башка бирөө таап берсе, жарыялаганга толук мүмкүнчүлүк бар. Бул тема таптакыр эле кароосуз калды деп айткандан алысмын.

Согуш туткундарынын ичинен далай кишилер акталып, өмүр жолу кайра каралууда. Бул багытта биз жаңыча карашыбыз керек. Ушунун өрнөктүү өкүлү катары Сатар Алманбетовду сөзсүз карашыбыз керек. Албетте, далилденбеген болсо дагы, шек саноо бар. Түркстан легионунун мүчөлүгүнө ант берүү документин даярдаганда юрист катары ушул киши дагы катышкан болушу керек деген сыяктуу. Ал анттын ичинде болочок Түркстан эгемендиги жөнүндө гана идея болбостон, берилгендигин билдирүү үчүн Адольф Гитлерге ант берүү сыяктуу нерселер бар да. Бирок тоталитардык түзүмдүн бири Сталиндин Советтик Биримдиги болсо, экинчиси Гитлердик Германия болгон. Алар сөзсүз түрдө ушундай сөздөрдү киргизүүгө аракет кылышкан. Ошолорду аңдоо менен бирге алардын тагдырын сөзсүз түрдө карашыбыз керек. Эмне үчүн Сатар Алманбетовдун өмүрүн жаңы архивдик маалыматтарга таянуу менен калыс изилдөөгө болбосун? Дагы башка согуш туткундарынын тагдырларын дагы. Мисалы, биздин айылда Абдырахман Алиев деген агабыз бар эле. Ал дагы согуш туткуну болгон. Концлагерден качып баратканда, аларды атышкан. Ок маңдай тарабынан кирип, желкесинен чыгып кеткен. Бирок жүлүнгө тийбей, аралап өткөн. Ал өлүктөрдүн арасында калып, эптеп эсине келгенден кийин югославиялык партизандар өздөрүнө кошуп алышкан. Согуштан кайтып келгенден кийин баары бир “сен туткун болбошуң керек эле” деп, 25 жылга соттошкон. Сталин өлгөндөн кийин, 1956-1957-жылдары кайтып келген. Мындай тагдырлар көп. Алардын жөн гана туткун болгондугун көрсөтпөстөн, ошол учурдагы эрдигин дагы тастыкташ керек. Жоголгон советтер бийлигинин сыйлыгына эч ким муктаж эмес. Бирок инсан катары ар бир кишинин баатырдыгын, калпыс жактарын дагы, жакшы жактарын дагы таразалашыбыз керек.

- Арслан агай, бир курдай сиз дагы атаңыздын согушка катышкан бир тууганын тапканыңызды кеп кылдыңыз эле...

Арслан Капай уулу Койчиев: Согуш темасы, анын ичинде туткундар, дайынсыз жоголгондор жөнүндө кеп кылганда, кыргыздардын XX кылымдагы эң чоң трагедияга катышкандыгынын толук картинасын билүүгө умтулганбыз. Берки тарабы кандай болду, аркы тарабы кандай болду? Кыргыздар кандай тагдырды баштан кечирди? Алардын арасында дайынсыз жоголгондорду издөө азыркыга чейин уланууда. Бул нерсени улантышыбыз керек деп эсептейм. Жарандык коомдун өкүлдөрү жана башкалар менен биргеликте изилдөөнү улантышыбыз керек.

Ал эми сиз сураган окуя боюнча, атамдын үйүндө улуу агасынын сүрөтү турар эле. Эрдик көрсөтүп, орден алган экен. Бирок кайсы жерде көмүлгөндүгү жөнүндө маалыматтар аз эле. Кудай жалгап, Орусиянын Коргоо министрлиги согушка байланыштуу архивдерди ачты. “Мемориал”, “Память народа”, “Победа.ру” деген бир нече сайттарды ачышты. Ошолорду ачып карадым, такталды. Андан мурун архивге кат жазып, тактагам. Псков облусунда Новоржевде чоң согуш болгон. Ошол жерде 1944-жылы 28-мартта каза болгон экен. Кандай жагдайда каза болгондугу жөнүндө маалымат бар экен. “Өлөр алдына бир чоң замбиректи сүйрөп барып, аткылап, өзү менен кошо душмандын 17 жоокерин ала жатып, жанына түшкөн снаряддан жан берди” деп командири майор Шевчук жазган экен. Кийин үйдү аңтарсам, ошол Шевчук жөнөткөн кара кагазы чоң энемдин түйүнчөгүндө жүрүптүр. Ошентип жүрүп, акыры көмүлгөн жерин дагы таап алдым. Аскер коммиссариатын таап, аларга дагы чалып, “Койчиев деген барбы?" деп сурасам, бар экен. Дагы да болсо аталарын, бабаларын издеп жүргөндөр толтура. Ошол эле учурда табылып калып, “Баланчанын сөөгү табылды. Кимиңер барсыңар? Кыргыз экен, жээк-жаты барбы?” деп жарыялгандарды угуп жатабыз. Кечээ жакында бирөөнүн сөөгү табылыптыр, бирок туугандары бара албаптыр. Мындай жагдайлар дагы бар. Бул өзүнчө чоң тема. Кыргыздардын XX кылымдагы эң чоң апааттарынын бири - Экинчи дүйнөлүк согушка катышкандардын толук картинасын түзүүгө умтулуп жатабыз.

- Менин чоң энемдин эки бир тууганы согуштан кайтпай калган экен. Дайынсыз кеткен. Кыргыз бүлөлөрүндө мындайлар көп болсо керек. Согуштан кайтпай, ардагерлердин тизмесине кошулбай калгандар болуптур. Согуш ардагерлеринин санын болжолдуу айтып жатпайбызбы. Ошого ушул туткундалгандар, дайынсыздар кошулганбы?

Тынчтыкбек Чоротегин: “Тоң районунда кыштагыбызда 1941-45-жылдарда согушка катышкандардын тизмесин түзүп, жазышты. Андан кийин эки кишинин ысымын кайрадан келип, өчүрүп кетишти”, - деп курсташ досубуз айтып калды. Же туткунда болгон же чыккынчы деген жарлыкка кабылган кишилер болушу мүмкүн. Бирок азыр кайрадан тизмени жаңыртканда, бүт бардыгынын ысымын киргизиш керек деп эсептейм. Үйдө бирөөнү сактап калыш үчүн башка бирөөнүн ысымы менен да аскерге кеткен учурлар болгон. Кээде кыргыздын ысымдарын сабатсыз жазышып, ысымдары таптакыр башкача болуп, билинбей калып жаткан учурлар дагы бар. Ошондуктан алардын антропонимдеринин өзгөчөлүктөрүн иликтеп, изилдешибиз керек. Жалпысынан согуш жөнүндө айтканда, согуш туткундары жөнүндө гана эмес, Арслан жакшы сөз айтты, жалпы жагдайды иликтешибиз керек. “Эмгек майданы” деген сталиндик түрмөгө жүйөсүз кеткен кишилердин тагдырын дагы карашыбыз керек. Алар дагы согуш үчүн өздөрүнүн салымын кошкон. Алардын ичинен дагы абдан көп киши набыт кеткен. Андан ары согушка кеткендери жөнүндө дагы бизде маалымат жок. Бир өзүнчө чоң катмар жаңыдан дың бузуп, изилдөөгө муктаж.

- Башында сөз кылган Сатар Алманбетовго кайтып келсек. “Кулан мерген” деген поэмасын айттыңыздар, ошол чыгарма кол жазмалар фондунда барбы же китебинин бир үлгүсү сакталып калганбы?

Сатар Алманбетов
Сатар Алманбетов

Арслан Капай уулу Койчиев: Бар. Бул киши жанагындай тагдырга туш болгондон кийин “Кулан мерген” поэмасын бардык жерден алдырып, жок кылышкан. Бирок анын үлгүлөрү Улуттук китепканада, архивдерде бирден нускасы сакталуу. Мен ал китепти окугам. Филология илимдеринин доктору Кадыралы Коңкобаев агай экөөбүз “Кулан мергенди” кайра басып чыгаруу демилгесин көтөрүп жатабыз. Бул дагы болсо кыргыз адабиятынын өткөн кылымдын 40-жылдарына таандык бир үлгүсү. Андан сырткары дагы бир ой келип жатат, 1925-жылы Казанда басылган, кийин кайра Бет-Алмандын редакторлугу астында Германияда басылган “Манасты” дагы кошуп чыгаруу ниетибиз бар.

- Толук кандуу тарыхый баасын бериш үчүн бул кишинин өмүр баянына дагы эмне жетишпейт?

Тынчтыкбек Чоротегин: Менимче, кайрадан Муса Жалилге кайрылсак болот. Ошонун үлгүсүндө архивден маалыматтарды калыс изилдесек... Учурда Кыргызстан менен Орусия өнөктөш, үзөңгүлөш. Кайсы бир уюмдарга чогуу мүчө болуп жүрөт. Кыргызстандын өзүнүн бийлиги дагы Бет-Алман жөнүндө КГБдагы архивдик маалыматтарды жогорку деңгээлде суратышы керек. Жөнөкөй тарыхчылар кайрылса, албетте, оң жооп берилбейт. Демек, улуттук чыгаан инсандардын бири болгон Бет-Алман же Сатар Алманбетовдун ишмердигин иликтешибиз керек.

- Кыргызда “туяк калды бекен?” деп сурайт го. Арслан агайдын китебинде андан урпак калган деп сүрөттөлөт. Көркөмдөп койдуңузбу же ушундай маалыматтар барбы?

Арслан Капай уулу Койчиев: Ушундай маалыматтар бар. Ыраматылык Эрнис Турсунов ал киши менен көп баарлашып, жазып алгандары бар. Германияда жүргөндө бир немис кызы менен баш кошуп, бир уулдуу болуп, атын Тянь-Шань койгону жөнүндө маалымат бар. Ошол себептүү өзүмдүн “Вице-президенттин соңку каты” деген аңгемемде немис кызы менен болгон мамилесин жазып, өлөр алдында Тянь-Шанга кат жазып, керээз калтырып жатпайбы. Ошол турмушта болгон фактыларга негизделген.

- Экинчи дүйнөлүк согуштун сабагына келсек. Сатар Алманбетовго окшогон трагедиялуу тагдырлар көп. Кийинки муунга согушту кантип окутушубуз керек?

Арслан Капай уулу Койчиев: Биз эгемен мамлекетпиз. Эгемен элдин менталитети, көз карашы идеологиясын калыптандыруунун үстүндө 30 жылдан ашуун алпурушуп келатабыз. Согуштун тарыхын изилдөөдө жаңы реалдуулукту эске алышыбыз керек. Кээ бир республикаларда бул согуштун аталышы кайра каралып чыкты. “XX кылымдагы чоң апаат”, “Экинчи дүйнөлүк согуш” дегеним ошондон болуп жатат. “Кантип аташыбыз керек?” деп, мүмкүн, мунун үстүндө дагы улуттук талкуу болоор.

Биринчиден, коммунисттик, советтик позициядан мамиле кыла албайбыз - советтик пропаганданын күүсү менен аны эскерүү керек эмес. Экинчиден, кийинки муунга кандай таризде калтырабыз? XX кылымдагы чоң апаатка катышкан кыргыздардын толук сүрөтүн түзөлү дегенибиз ошол.

Тынчтыкбек Чоротегин: Арсландын оюн толук колдойм. Экинчи дүйнөлүк согуш деген аталыш биз үчүн таамайыраак экендигин эске алсак. Себеби кыргыздар Фин согушуна дагы катышкан да. Советтер Биримдигинде өзүнчө согуш катары караганы менен, иш жүзүндө ал Экинчи дүйнөлүк согуштун бир бөлүгү болгон. 1940-жылы кыргыздар Балтика боюн каратып алууга дагы катышкан. Кыргыздардын кайсы бир бөлүгү Монголиянын чыгышындагы, Кытайдагы согуштарга катышты. Ошолордун дагы тагдырын Экинчи дүйнөлүк согуштун алкагында кайрадан карашыбыз керек. Бул зарыл. Өткөөл доордо турабыз. Азыр Кыргызстанда атаандаш пикирлерди жарыялаганга абдан жакшы мүмкүнчүлүк бар. Ушундай сонун мүмкүнчүлүктү колдонуп, түркүн көз караштар менен иликтеген эмгектер жарыяланып турушу керек деп эсептейм.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG