Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 5-апрель, 2020 Бишкек убактысы 04:10

II ДС: Кат жазуу укугунан айрылгандар


Камактагы поляк кыздары тарабынан поляк тилинде жашыруун текст жазылып, Равенсбрүк (Ravensbrück) концлагеринен Люблинге жөнөтүлгөн каттардын бири. Шейиттер музейи. Люблин, Польша. 17-февраль, 2017-жыл.

Экинчи дүйнөлүк согушта, 1939-жылдын сентябрынан тартып, гитлердик жана сталиндик тоталитардык режимдер алгач бири-бирине шерик болуп, анан 1941-жылдын 22-июнунан тартып өз ара айыгыша согушуп кирген. Бул тоталитардык режимдерде камактагы кишилердин кат алмашуу укуктары кандайча сакталган?

Ар кандай тоталитардык мамлекеттерде карапайым кишилердин ар кандай социалдык топторунун укуктары бийлик тарабынан тебеленип-тепселип келген.

Гитлер жетектеген нацисттик Германияда, маселен, концлагерлерге түшкөн жөөттөр, сыгаандар (азыр аларды «рома» дешет), коммунисттер жана башка антифашисттер өз укуктарынан дээрлик толук ажыраган. Советтик туткундарга карата өзгөчө ырайымсыз мамиле жасалган.

Ал эми башка топтордогу туткундар менен жазаланган кишилерчи?

Кээде турмуш чындыгын көркөм тасмалар аркылуу үйрөнгөн учурлар кездешет эмеспи.

СССР кезинде советтик кинопрокатка кабылган реалисттик тасмалардын бири - француздардын атактуу ырчысы Эдит Пиаф менен даңазалуу боксчусу Марсел Сердандын сүйүүсүнө арналган «Эдит жана Марсел» (Édith et Marcel) тасмасы эле.

Режиссёр Клод Лелуштун бул 1983-жылкы көркөм тасмасын көрүп, албетте, чыныгы сүйүү тууралуу француздардын татынакай баянына гана куштарланбастан, бир нерсеге айран-таң калган элем: фильмде нацисттик абакта туткун катары кармалган француздар өз үйлөрүнө же башка эркиндиктеги кишилерге кат жиберип, алардан да кат алып турушчу экен; ал түгүл нацисттик абакта өздүк-көркөм чыгармачылыктын күчү менен пьесаларды сахналаштырып, китеп окуп, бир кыйла жандуу тиричилик кылып жашашкан экен.

Кат алмашуу... Мунун артында өтө олуттуу символдук маани жатат...

Кат жиберүү жана алып туруу аркылуу абактагы киши да өзүнүн кадыр-баркын сезе алат.

Мектепте окуп жүргөндө согуш жаатындагы чыгармалар, көркөм фильмдер аркылуу бизде да кат алмашуу болуп турганын дурус билчүбүз: советтик жоокерлер кат жазганда, бул каттарды үч бурчтук кылып бүктөп, үй дарегин жазып, эч кандай конверти жок эле акысыз жөнөтө алышчу.

Казакстандык жоокердин бул каты Украинада жазылган жана Австрияда сакталып калган.
Казакстандык жоокердин бул каты Украинада жазылган жана Австрияда сакталып калган.

Ал эми чоң ата, чоң энелердин айтымында, Берлинге чейин жеткен жоокерлер ал түгүл «баселке» (бандероль жана башка түрдө) менен өздөрү тапкан германдык буюм-тайымдарды да почто аркылуу үйлөрүнө жөнөтө алышкан (эми бул буюмдар кандай жол менен алынганын Кыргызстанда 2005-жылы 24-мартта жана 2020-жылы 7-апрелде кечкурун Бишкекте болгон окуялардан улам «талоончулук» деген так термин аркылуу баалай алышат).

Каттар, каттар...

Режиссёр Теренс Маликтин «Көмүскөдө калган өмүр» (A Hidden Life) тасмасы австриялык бийик тоолуу кыштактын тургуну Франц Йегерштеттер (Franz Jägerstätter; 20.5.1907, Санкт-Радегунд, Австрия — 08.8.1943, Бранденбург-Хафел, Германия) тууралуу баяндайт.

Бул элеттик дыйкан киши 1938-жылы Австрияны каратып алган германдык нацисттик режимди таптакыр кабыл албайт. Анын оюнда, эгерде Гитлер большевизмге жана Орусияга каршы согуш ачкысы келсе, анда Австрияга бул согуштун кандай кажети бар эле?

Ал эми 1943-жылы мартта аны аскерге чакыруу аракети майнапсыз аяктайт. Гитлердин согушчан бийлигин жактап ант бербей койгону үчүн Франц Йегерштеттер акыры 1943-жылы 8-августта Берлиндеги абакта өлүм жазасына кесилет.

Аны Бранденбург-Хафел шаарчасындагы түрмөгө алып келишет. 9-августта, өлүм жазасы аткарыларда, Франц Йегерштеттер акыркы катын мындайча сөздөр менен шөкөттөп жазат:

Франц Йегерштеттер католиктердин ыйыгы болуп жарыяланган учурдагы плакат. 2008-жыл.
Франц Йегерштеттер католиктердин ыйыгы болуп жарыяланган учурдагы плакат. 2008-жыл.

«Эгерде мен... колума кишен салынган бойдон (кат) жазууга тийиш болсом, бул - өз эркимди кишендеп салып жазгандагыма караганда алда канча артык. Өз Ишенимине жана өз эркине берилген кишини эч кандай түрмө, эч бир кишен, эч кандай өлүм жазасынын өкүмү сындыра албайт. Кудай ушунчалык күч-кубат берип турат дейсиз, бул кубат ар кандай азаптарга чыдоого да мүмкүн кылат...

Кишилер менин жубайым жана балдарым тууралуу сөз кылган чакта абийирдин милдеттенмелери тууралуу санааркашат. Бирок мен кайсы бир киши жубайы жана балдары болгону үчүн эле Кудайга акаарат кылууга эрктүү дегенге эч качан ишенбейм».

Бул австриялык карапайым католик кишинин каттары өз мекенине, өз үй-бүлөсүнө ошол эле согуш жылдары жетти.

Ал эми 2007-жылы 1-октябрда рим папасы Бенедикт XVI Франц Йегерштеттерди ыйыктардын тизмесине кошту. Бул салтанаттуу диний жөрөлгөгө маркумдун 94 жаштагы жесири Франциска айым жана үч кызы тең катышты.

Дал ушул каттар нацизмди четке каккан австриялык жөнөкөй кишинин каармандыгын даңазалаган далил болуп калды.

Фашисттик режим абактан сыртка жазылган жана абактагы кишиге жөнөтүлгөн каттарды цензуралык текшерүүдөн өткөргөнү маалым.

Бирок абактагы антифашист немистер жана башка кишилер жазган каттарды сыртка жашыруун жеткирип берген түрмө кайтаруучулар да болгон.

Дитрих Бонхөффердин элесине арналган эстелик. Вроцлав, Польша. 2005-жыл.
Дитрих Бонхөффердин элесине арналган эстелик. Вроцлав, Польша. 2005-жыл.

Мисалы, германдык лютеран пастору, динаятчы, антифашист Дитрих Бонхөффер (немисче: Dietrich Bonhoeffer; 04.2.1906, Бреслау, азыркы тапта Вроцлав шаары — 09.4.1945, Флоссенбүрг, Бавария) 1943-жылы апрелде камакка алынып, Тегел түрмөсүндө жатканда жазган антифашисттик каттары түрмө сакчылары тарабынан анын эркиндиктеги жакындарына жеткирилген.​

1945-жылы 9-апрелде Дитрих Бонхөфферди бавариялык Флоссенбүрг жергесиндеги абакта дарга асууга алып жөнөшкөндө, ал кадыр-баркын жана токтоолугун сактай алганын күбөлөр кийин эскеришкен.

Татар улутундагы советтик акын Муса Жалилдин Моабит түрмөсүндө жазган антифашисттик ырлары согуш аяктаган соң татаал жолдор менен СССРге жеткен.

Согуш аяктаган соң маркум Муса Жалилдин СССРге жеткен алгачкы абак дептери КГБда (НКВДда) жоголуп кетип, белгиялык антифашист сактаган ыр жыйнагы гана акыры жалпы советтик калайыкка жеткен. Өлгөндөн кийин Советтер Союзунун Баатыры наамына ээ болгон Муса Жалилди урматтоо менен бирге, анын ыр каттарын сактай алган башка түрмөлөштөрүнө да таазим этишибиз керек.

Муса Жалилдин эстелиги. Татарстан, Орусия.
Муса Жалилдин эстелиги. Татарстан, Орусия.

Ал эми австриялык Франц Йегерштеттердин каттары дал ошол дүйнөлүк согуш маалында эле аялына келип жеткени Батыш Европада айрымдар таназарына албай турган, бирок ошол доордогу советтик саясий абактагылардын түшүнө да кирбес бир жагдайды ачыкка чыгарып отурат.

Бул - абактагы кишинин кат жазуу жана кат алуу укугу...

Албетте, биз мында нацисттик почтону мактоодон таптакыр алыспыз.

Батыш Европалык жарандар нацисттик Германиянын абагында отурганда (балким, бул тартип бардык эле абактарга мүнөздүү эместир) айына бир жолу өз жакындарына кат жазууга акылуу болушкан.

Немис тилинде гана жазылышы талап кылынган бул каттардын мазмунун эсэсчилердин цензорлору жакшылап текшерип турушчу. Мындай катка абактагы киши өз саламаттыгы дурус экендиги, түрмө шарттары жакшы уюштурулгандыгы тууралуу гана «жагымдуу маанайдагы» сөздөрдү жаза алчу. Бирок бул кат өз дарегине жетип турган!

Ошондо да камактагылар цензураны алдай алышкан. Мисалы, теги поляк Кристина Чиж (Krystyna Czyż) айым 1939-жылы сентябрда нацисттер анын кичи мекени Люблин шаарына басып киргенде болгону 15 жашта болчу. Ал антифашисттик тымызын кыймылга катыша баштайт да, 1941-жылы камакка алынат. Жарым жылдык тергөөдөн кийин аны Равенсбрүк (Ravensbrück) концлагерине жөнөтүшөт.

Мында түмөндөгөн аялдар кармалып, алардын ичинен кайсы бир бөлүгүнө нацисттик дарыгерлер эксперимент жасашкан. Камактагылардын арасында немис, жөөт, цыган, поляк ж.б. улуттагылар болгон. Бул медициналык эксперименттерди Генрих Гиммлердин жеке дарыгери болгон Карл Гебхардт өзү жетектеген.

Нацисттик дарыгерлер камактагы аялдардын бутун тилип, алардын жараатына ар кыл бактерияларды киргизип, изилдөө жүргүзүшкөн. Бул аялдарды нацист дарыгерлер «коён» деп шылдыңдап аташкан.

Мындай «лабораториялык коёндор» кармалган абакта төрт поляк курбу - Кристина Чиж, Ванда Вийтасик, Янина Иванска жана анын сиңдиси Кристина Иванска да бар эле. Бул төрт кыз каармандык көрсөтүп, гитлердик Германия басып алган Польшадагы өз үйлөрүнө сырдуу каттарды жазышкан.

Польшалык Кристина Чиж (1924-2011).
Польшалык Кристина Чиж (1924-2011).

Маселен, Кристина Чиждин 1943-жылы январда ата-энесине немисче тексти «жакшынакай эле мааниде» болгон катында «сийдик кат» деген ачкыч сөз камтылган болчу. Кристинанын поляк жазуучусу Корнел Макушинский (Kornel Makuszyński; 1884—1953) жазган «Жетинчи класстагы шайтан» (Szatan z siódmej klasy) аттуу китепти жакшы көргөндүгү тууралуу сөзү да сырдуу туюлган.

Анын бир тууганы дароо эле бул китептин мазмунун эстейт. Анда 7-класстагы окуучу кылмышкерлердин туткунунда калып, үйүнө кат жазганда «үйдү көз карегиндей кайтаргыла» деген сөздү сыр кылып жиберген экен. (Айтмакчы, жазуучу Корнел Макушинский да жубайы менен бирге нацисттик концлагерде отуруп чыккан).

Ал эми «сийдик кат» дегени эмнеси? Акыры анын сырын табышат. Немисче жазылган катты үтүк менен ысытканда, кагаздан поляк тилинде сийдик менен жазылган жашыруун текстти табышат.

Анда абактагы кыйынчылыктар бүт саналып берген экен. Катта анын маанисин тапкан соң, «мага почто менен көк жипти бандероль кылып салгыла» деген өтүнүч камтылган. Ата-энеси бул өтүнүчтү аткарып, концлагерге көк жип жиберген соң, төрт кыздан дагы 26 кат алынган.

Янина Иванска атасына Равенсбрүк (Ravensbrück) концлагеринен жазган катта «Саясий камактагы беш поляк аял качып чыгышты. Биз жаңы качырууну уюштурууга камынып жатабыз» деген жашыруун сөздөр камтылган.
Янина Иванска атасына Равенсбрүк (Ravensbrück) концлагеринен жазган катта «Саясий камактагы беш поляк аял качып чыгышты. Биз жаңы качырууну уюштурууга камынып жатабыз» деген жашыруун сөздөр камтылган.

Бул каттардын айрымдарынын мазмуну нацисттердин үстүнөн болгон сотто колдонулган.

1945-жылы 30-апрелде Равенсбрүктөгү калган-каткан камактагы аялдарды Кызыл армия бошоткон. Дарыгер Карл Гебхердт Нүрнберг сотунда айыптуу деп табылып, 1948-жылы 2-июнда өлүм жазасына тартылган. Ал эми Кристина Чиж айым согуштан соң география адистиги боюнча таалим алып, Люблиндеги университетте иштеген жана 2011-жылы дүйнөдөн кайткан.

Кат жөнөтүү жана алуу - башкалар үчүн өтө жөнөкөй жана кадыресе укук... Сталиндик доордо ал кол жеткис укук болду...

Орусия падышалыгынын доорунда да саясий сүргүндөгүлөр ушул укуктан пайдаланышкан эмеспи. Мисал үчүн В.И.Лениндин чыгармаларынын толук жыйнагынын 46-томун карасаңыз, анда анын Шиберде сүргүндө жүрүп жазган көп сандагы каттары да камтылган.

Падышалык Орусияда коомдогу жогорку катмардын өкүлдөрү сүргүндө жүргөн чагында ал түгүл үй тиричилиги үчүн малай жумшоого да акылуу болгон. 1897-жылы 12-октябрда, жаш Владимир Ульянов, маселен, Энесайда (Түштүк Сибирде) Шушенское кыштагында сүргүндө жүргөн кезинде өз энеси М.А.Ульяновага жолдогон катында мындайча жазган:

«Сибирде кыштакта үй кызматчысын (малайды) табуу өтө кыйынга турат, жайкы мезгилде болсо таптакыр мүмкүн эмес».

(«В Сибири вообще в деревне очень и очень трудно найти прислугу, а летом просто невозможно»).

(Ленин В.И. Полное собрание сочинений. — Том 55. Письма к родным 1893—1922. — С. 56).

1917-жылы бийликке келген соң, большевиктер мурдагы «эзүүчү таптардын» өкүлдөрү үчүн концлагерлерди түзүүгө киришип, түрмөдөгү саясий камактагыларга карата ырайымсыз тартип киргизишкен.

Кат жазуу укугу...

Сталиндик доордо абактарга кесилгендердин бир даары үчүн «кат жазышуу укугунан ажыратылгандыгы» мыйзамсыз таңууланган өзгөчө жаза болуп калган. Адатта, бул «эл душманы» деп аталган жана саясий айыпка кабылган абактагылар үчүн түздөн-түз тиешелүү укуктук чектөө эле.

СССРде туткунга түшкөн нацисттик жоокерлерди мындай кой, «эмгек армиясы» («трудовая армия») деп аталган топтор куралдуу сакчылардын көзөмөлү алдында эмгектенген жайларга - Уралга, Шиберге ж.б. аймактарга жөнөтүлгөн советтик эле эркин кишилер өз турумдары тууралуу үй-бүлөсүнө эч кат жаза алышчу эмес, бул эркин кишилерге өз жакындарынан да кабар алууга кыпындай да мүмкүнчүлүк берилбеген.

Орусиянын Свердловск облусуна караштуу Тавда жергесиндеги «эмгек армиясында» иштегендердин каза болгондору көмүлгөн жалпы көрүстөн.
Орусиянын Свердловск облусуна караштуу Тавда жергесиндеги «эмгек армиясында» иштегендердин каза болгондору көмүлгөн жалпы көрүстөн.

Албетте, «эмгек армиясындагылардын» арасында депортацияланган улуттардын өкүлдөрү да болгон. Бирок башка улуттардан (алардын ичинде кыргыздардан) чыккан, «мурдагы тап душмандардын урпактары» болуп саналган жана башка айыпсыз жерден эле ГУЛаг системасына сотсуз кабылган түмөндөгөн кишилер да бар болчу.

Сөздүн оң маанисинде алганда, бул «эмгек майданы», «эмгек армиясы», - жок дегенде кагаз жүзүндө болсо да - эркин дүйнөнүн бир бөлүгү болууга тийиш эле да...

Деги, эмне үчүн «эмгек армиясы» атыккан өндүрүштүк багытка жиберилгендер эч кандай сотсуз эле кат жазуу укугунан ажыратылышы керек эле? Алардын көбүн эч ким айыпкер катары соттогон эмес эле да?

Кыргыздын кыйындары атылган күнгө 75 жыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:30 0:00

Тасма. Жазыксыз жерден репрессияланган мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун кызы, профессор Роза Айтматова. 07.11.2013.

Эгерде 1930-жж. соңунда кайсы бир саясий камактагынын жакындары ал инсан тууралуу «кат жазуу укугунан ажыратылып, узак жылдык абакка кесилген» деген сөз камтылган расмий жоопту алса, мунун артында алиги киши ГУЛагда набыт болгондугу тууралуу маалымат жаап-жашырылып, жымсалданып берилген жагдай тургандыгы «Кайра куруу» доорунун эң соңку жылдарында (1990–91-жж.) гана ашкереленген.

Каттар, каттар...

Бул кат жазуу укугунун тарыхы туурасындагы маселе эмне деген гана ойлорго чөгөрбөйт...

Эч укуксуз

Бүлөсүнө кат салаар,

Эчкиргендир

Түмөндөгөн аталар.

Эми коммунисттик идеологиялык көшөгөнүн өзү мурдагы СССРдин ыдырашы менен Евразиянын ири мейкиндигинде ойрон болгонуна дээрлик 29 жылдай болду.

Бирок коомубуз дагы эле жиктелип келет. Дагы эле Сталиндин айкелин кайра тургузгусу келгендер четтен чыгат. Дагы эле бабалардын бир бөлүгү кат жазуу укугунан «туура эле ажыратылган» деген түшүнүккө жетеленгендер бар.

Демек, коомдук аң-сезимибизде адамзаттын эч кандай өлкөгө, улутка, динге, аймакка, расага жиктелбес орток асыл-нарктарына таянып, сталиндик режимдин ырайымсыз жүзүн жаңыча жана калыс таразалоо жаатында дагы эле өксүктөрүбүз бар...

Эскерилбей

Кат жибербес аталар,

Эс тутумда

Эми деле ката бар.

Сталинизмдин курмандыктары
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:07 0:00

P.S.

Тарыхка кайрылсак, 1929-жылы 27-июлда Женева шаарында «Согуш туткундарына карата мамиле тууралуу конвенция» деп аталган документ кабыл алынган. Ал 1931-жылдын 19-июнан тартып күчүнө кирген. Экинчи дүйнөлүк согуш маалында дал ушул укуктук пайдубал СССРде «жек көрүндү капиталисттик өлкөлөр» катары бааланган мамлекеттерден чыккан согуш туткундарынын колго түшкөндөн тартып согуш жүргүзө албай калган макамын укуктук жактан аныктап, мындай согуш туткундарына адамгерчиликтүү мамиле кылууну аларды туткунга алган ар кандай өлкөдөн талап кылган.

Бул Женева конвенциясынын 35- жана 41-беренелеринде согуш туткундары кат алуу жана кат жөнөтүү укуктарына ээ экендиги, согуш туткуну жөн гана кат жибербестен, ар кыл макулдашуу, керээз сыяктуу документтерди, ошондой эле телеграмма менен бандеролдорду жана башка жүктөрдү жөнөтүүгө жана алууга акылуу экендиги белгиленген.

Ал эми СССРдеги Иосиф Сталин жетектеген тоталитардык мамлекет бул конвенцияга кол койбой койгон. Ошондуктан Экинчи дүйнөлүк согуш маалында советтик туткундар касташкан тараптан - нацисттик Германиядан ырайым күтө албайт эле жана СССР өзү да немис, жапон туткундарына ырайым кылып отурган эмес.

Бул жагдайдын дагы бир ички өңүтү бар: СССРдеги ырайымсыз сталиндик режим өз өлкөсүнүн абактарындагы жана сүргүн жайларындагы миллиондогон жарандарын кат жазуу жана кат алуу укуктарынан эч мыйзамга негиздебестен ажыраткан болчу.

Өлкө ичинде ушундай укук бузууга эбегейсиз зор өлчөмдө барып жаткан режим - туткунга аргасыз түшкөн өз жарандарын да «эл душманы» деп санаган режим - анан кантип башка мамлекеттен өзүнө туткунга түшкөндөрдү аямак эле? Сталиндик режим чет жердик туткундардын каттарын мекенине жеткирүүгө советтик почтону жумшамак беле?..

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (24)

XS
SM
MD
LG