Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Жүрөгүбүздүн эркин сокконунда эмгегиңиз бар, Азамат Алтай ага!


Кудайберген Кожомберди уулу (Азамат Алтай)
Кудайберген Кожомберди уулу (Азамат Алтай)

Мындан он жыл илгери бугу айынын 23үндө “Азаттык үналгысынын” түптөөчүсү Азамат Алтай дүйнөдөн кайткан. Тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин "Батыштагы Ала-Тоонун Бүркүтүн” эскерет.

Мындан он жыл илгери...

2006-жылдын бугу (май) айынын 23ү. Американын Нүй-Йорк (Нью-Йорк) шаарында байырлаган кыргыздын чыгаан журналисти, публицисти жана азаттык идеяларынын жарчысы Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) дал ушул жаздын толукшуган маалындагы күнү таңкы саат 06:25те дүйнө салды. Нүй-Йорктун бул убактысы Бишкек боюнча кечки саат 18:25 эле. Ошол түнү суук кабарды алатоолуктар да угушту.

Азамат Алтайдын үйүндө аза күтүү маалында. 25.5.2006.
Азамат Алтайдын үйүндө аза күтүү маалында. 25.5.2006.

Көркөмдөп жазган калемгер “дал ошондо Ала-Тоодо чымчыктар да сайраганын бир саамга токтотуп тыныкты” дегендей шөкөттөп жазаар беле. Антип жаза албасак да, кайдыгер киши да бул суук кабарды угуп, жүрөгү булкунуп алды, дешке болоор. Ал эми Ала-Тоодогу эркиндиктин желаргысы үчүн опол тоодой кызмат өтөгөн Азамат Алтай бабабыздын коомдук эмгегин нагыз билгендер терең кайгырып жатышты.

Бийликтегилер да, оппозициядагылар да, саясат менен иши түздөн-түз кайчылашпагандай болгон айдыңдар да Бишкекте чогулушуп, аксакалыбызды эскерип, аза бөлүштү...

Мындан 96 жыл илгери...

Кудайберген Кожомберди уулу 1920-жылы 15-аяк оонада (сентябрда) Кыргызстандагы азыркы Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунда Корумду (кийинчерээк – Кызыл-Чек, андан соң - Бөкөнбаев) айылында туулган.

Ошентип, ал 1916-жылкы улуу улуттук боштондук көтөрүлүш падышалык Орусия тарабынан айоосуз жазаланып, андан соң жүз миңдеген кыргыздар Улуу Үркүндүн зардабына кабылып, падышалык режим кулаган соң гана элибиз кайрадан эркин дем ала баштаган учурда туулган эле. Атасы Кожомберди Теке уулу (бугунун Асан тукумунан) да Үркүндө Кытайга качып барып, 1918-жылы кайтып келген. Энеси Кантике Черикчи кызы да тоңдук (саяк уруусунан) эле.

Өз киндик каны тамган айылды Азамат ага “Жайлоо дейин десең жайлоо эмес, кыштак деп аташка да негиз жок. Жака болуп жайкалган буудай бышпайт, жайлоо болуп чайпалган тулаң өспөйт. Үч тарабы тоо,” - деп эскергени бар.

Корумду айылынын тургундары кийинчерээк колхоздор акырындап ирилеше баштаганда айылдан 30 чакырымдай төмөндөгү ири кыштакка (азыркы Бөкөнбаевге) көчүрүлгөн.

Албетте, 15-сентябрды Кудайберген жарык дүйнөгө келген нагыз күн катары айтуу кыйын, анткени ал бул датаны өзү эле (тээ совет кыргыз жазуучулары 7-ноябрды өздөрүнүн туулган күнү катары тандаган сыяктуу эле) төрөлгөн күнү катары тандап алган:

“15-сентябрь - менин өзүмдүн коюп алган күнүм. Биздин заманда качан, кайсы күнү туулгандыгыбыз жөнүндө эч кимдин кабары жок. Болгону атамдын айтканы боюнча -“күздүн күндөрү” дегени гана боюнча болжолдоп жазылган күн”, - деп эскерген Азамат ага.

Кудайберген кичинекейинен каатчылыкты да баштан кечирди, үмүткө толгон балалыкты да өткөрүп жатты.

Мындан 88 жыл илгери...

Кудайберген 1928-жылдан тартып айылындагы башталгыч мектепке бара баштаган. Ошол жылы ал эне тилиндеги алгачкы тамгаларды арап эмес, латын арибинде тааныса керек...

Онунчу кылымдан бери Кыргызстанда доорон сүргөн арап жазмасы дал ошол жылы кыргызча латын арибине расмий жол бошоткон. Бул өзгөрүү сталиндик ыкма менен өткөндүктөн, Тоголок Молдо сыяктуу залкар айдыңдарыбыз да алеки заматта “сабатсызга” айланган учур эле. Айтор, Кудайберген арап арибин кийинчерээк өз алдынча үйрөнгөн.

Мындан 84 жыл илгери...

1932-жыл - мурдагы жалчы Кожомбердинин үй-бүлөсү турмуш каатчылыгын акырындап жеңип, тыңыраак жашай баштаган чак болду. Бирок айылда дарыгердин жоктугунун айынан Кожомбердинин үй-бүлөсүнө мүшкүл түштү, анын беш кызы дээрлик удаа чарчап калды.

Мезгилсиз “учуп кеткен” карындаштары тууралуу Кудайберген Кожомберди уулу мындайча эскерет:

“...Кийинки жылдары менин аркамда төрөлгөн беш карындашым бир жылдын ичинде биринин аркасынан бири өлүп кетишти. Ошол жылдары “кызылча” деген оору бар эле, догдур деген жок... Кыз бечаралар көтөрө алышпады, мен көтөрүп чыктым да, тирүү калдым... Энемдин капкара чачы бир жылдын ичинде агарды, карылыкка анчалык моюн бербесе да, бирден кейпинен кетип, турмушу оордогонун ушунчалык сезсе керек. Кайгы деген кайгы да...”

1932-жылы энеси Кантике Черикчи кызы өзүнүн “көкүрөк күчүгү” - кызы Күлшараны дүйнөгө алып келип, бирок төрөттөн тыңый албай көз жумган.

Жаңы төрөлгөн карындашына ат тандаганда, туугандарына тээ Улуу Үркүн маалында Чыгыш Теңир-Тоого (Ак-Суу шаарына) чейин качкан учур эске түшөт. Ошондо аларга тээк болуп, ачкачылыктан куткарган кытайлык (аксуулук) кыргыздын бир кызынын ысымы Гүлшара экен, ошол атты Кожомбердинин көкүрөк күчүгүнө коюшат.

Ал эми Күлшарадан башка дагы бир карындашы - Каргадай. Ал 1930-жылы төрөлгөн. Аны атасы Кожомбердинин карындашы - Турдукан эжеси менен Аламан жездеси багып, бапестеп чоңойткон.

Мындан 80 жыл илгери...

Кудайберген аздыр-көптүр студенттик күндөрдү баштан кечирген. Ал 1936-жылы Түп районундагы Монастыр деген жердеги зооветтехникумда биринчи курста окуп жатты.

Түптөгү зоветтехникумдагы окуусун акырына чейин уланта албай калганы - үй-бүлөгө жардам берүү зарылдыгынан улам болгонун ал мындайча жазат:

(Түптө) биринчи курста окуп жүргөнүмдө үйдөн кабар келип турду. Атамдын башына кайрадан оордук түшө баштаган. Сонунбүбү жеңем да колхоздо иштегендиктен, бала бага албайт. Гүлшара дагы жетимдик турмушун өткөрүп жатат дегенден кийин биринчи курсту бүтүрүп, 37-жылы атама жардам берейин деп кайра Тоңго келдим. Келгенден кийин карындашымды карап, өзүм мектепке барышты уланттым. Анда М. Горкий атындагы орто мектеп болуп калган эле. Анда мен тогузунчу класстан баштадым...”

Кыргызстан СССРди негиздеген башка ири жумурияттар менен тең ата болуп калган жыл Кудайбергендин калемгерликке бата алган учуру болду.

Дал ошол 1936-жылы анын «Китептердин дайны жок» деген чакан макаласы «Кызыл Кыргызстан” (азыркы “Кыргыз Туусу”) гезитинде жарыяланган. Жарык көргөн макаласы аны ого бетер шыктандырып, калемин андан ары “бүлөй” баштайт. Айтмакчы, акын Жоомарт Бөкөнбаевдин жубайы, акын Тенти Жунушбай кызы (Адышева) Кудайберген Кожомберди уулунун классташы болгон.

Аскерге чейин Кудайберген ар кыл жумуштарда, анын ичинде комсомолдун Тоң райондук комитетинде жаш муундарды тарбиялоо бөлүмүндө иштеп жүрдү.

Мындан 76 жыл илгери...

1940-жылы аяк оона (сентябр) айында Кудайберген Кожомбердиев экинчи дүйнөлүк согушка катышып жаткан Кызыл армияга чакырылган. Балтика боюндагы чакан эгемен жумурияттар да Кызыл армиянын көзөмөлү астында калган. (Ал эми советтик расмий тарыхнаамада болсо СССР согушка нацисттик Гитлер басып кирген 1941-жылдын кулжа – июн айынын 22синен гана тартылган деген бурмаланган маалымат таңууланган). Ошол жылы күздөн тартып Кудайберген Балтика боюнда кызмат өтөдү.

Биздин эшелон 17 күн дегенде Литвага келди. Ал убакта Литванын борбор шаары Каунас эле. Каунаста бизди аскерий бөлүккө бөлүштү. Менин жанымдагы балдардын арасындагы жогорку билимдүүлөрдү бир ротага бөлүндү. Бул келечектеги запастагы орто командирлер. Мен андан-мында окугандыктан, 8-класстагы билимим бар деп жаздырып койгомун. Полктун кенже командирлерин даярдай турган курсанттардын катарына кошушту...” – деп эскерчү Азамат Алтай.

Жергиликтүү калк үчүн Кызыл армия “баскынчы аскер” катары кабыл алынганын ал мындайча эскерет:

Бизди литвалык калк анчалык көңүлдүү тосподу. Тоспогондун себеби бар экен. Советтер Союзу “Литвалык парламент бизди чакырды” деп өз аскерлерин киргизип, Балтика жээгиндеги Латвия, Литва, Эстонияга Кызыл Армия куралдуу күчтөрүн киргизип өзүнө каратып алган. Мына ушул мамлекетке мен баскынчы аскер катарында келдим.

Ошол жылдын суугу ушундай катуу болду. Кийин уктум, Советтер Союзунун аскерлери өздөрү гана келбестен, Орусиянын суугун кошо ала келишти деп даттангандарын...

Кудайберген карапайым литвалыктардыкына баш бакканда ага дурусураак мамиле кылышканын да айтат: ...«сен орус эмессиң, сен да бизге окшогон башка калктансың” деп мага боору ооруп, тамактарын беришти. Аскер сабактарынан келгенден кийин “Эмне үчүн Советтер Союзу «капиталисттик мамлекеттерде ачкадан өлгөн дыйкандар көп» деп бизди ушунча алдап келди, деп ойлончумун...”

Азамат Алтай, албетте, буга чейин эле айрым советтик үгүт өнөктүктөрүнө бүдөмүк болсо да макул болбой келгенин эскерет.

“...Мен коммунисттик мамлекеттин гражданы (атуулу) болсом да, алданып келгенимди 1937-38-жылдан бери элден билет элем. Касым Тыныстановду эл душманы, феодалчыл, байчыл, улутчул деп каралашкан эле. Касым агага окшогон кыргыздардын көзүн ачкан, тамга тааныткан адамды каралоого эч кимдин акысы жок деп ойлоор элем,” - дейт Азамат Алтай.

Албетте, Балтия жергесинде өзү үчүн ачылган турмуш чындыгы тууралуу жаш жигит жанындагыларга айтпай койо алган жок. Тике сүйлөп, оюн тайманбай туюнткан жаш жигиттин бул кылыгы ал үчүн партиялык белеттин кунуна турат:

Азыр ушул Литвадан баштайын да. Анда партиялык комитеттин жыйналышы болду. Жыйналышта коммунист Кожомбердиев литвалык дыйкандардын турмуштарын көрүп, жанындагы жолдошторуна айтып жүрөт деген шылтоо менен мени коммунисттик партиянын катарынан чыгарып коюшту. Ошентип, менин партиялыгым узакка кетпеди, бир жыл да болбоду...” - деп эскерген Азамат Алтай.

Литвадагы аскердик кызмат анын советтик коомдун ачуу- таттуу турмушу тууралуу көз каранды эмес талдоосу башталган учур болуп калды.

Мындан 75 жыл илгери...

1941-жылы 22-кулжада Улуу Ата мекендик согуш башталып калды. Азамат ага бул улуу согушка Балтия аймагында, Неман дарыясынын өрөөнүндө жүрүп кирди.

Аскердик машыгуу советтик жаш жоокерлер үчүн жетишсиз болгонун, аскердик жетекчиликтин өксүктөрүн, жапатырмак чегинүүдөгү баш-аламандыкты ал жоокер катары өз башынан кечирген.

(Ыраматылык куудул Солтонбек Шаршенов да ошол 1941-жылкы апааттуу учурду эскерген чагында Кызыл армияда беш кишиге бир мылтык берип, чабуулга, башкача айтканда, нагыз өлүмгө карай айдашчу деп айтып калаар эле).

Азамат Алтай өзү жоокер болгон батальон август айында артка чегинип отуруп бир канча күндөн кийин Калинин облусуна келет. Ошол күндөрү ал бир аз убакытка чакан аскер тобун жетектегенин да эскерет:

“...Полктун командири адъютантын жиберип, менин атымды суратты. Мен: “Кожомбердиев Кудайберген - биздин батальондогу кенже командирлердин курсантымын» десем, полковник азыр сага приказ берет деди. “Жолдош Кожомбердиев, батальонду башкарыңыз, азыр немистер келет, атакага деп чакырыңыз” деди.

Мен “Атакага!” (чабуулга) деп чакырганда “За Сталина, за Родину вперёд!” (“Сталин үчүн, Мекен үчүн алга!”) - деп окоптон чыктык. Ошондо биздин батальондун ичинде татарбы же башкырбы, кырктарга чыгып калган адам бар эле, ошол адам аркамдан чыгып келе жатып: “За колхозы! (“Колхоздор үчүн!”) дебейсиңби», - деди. Албетте, ал сөздүн маанисин кийин гана түшүндүм, эмне үчүн айтылганын...”

Сыягы, бул татар же башкыр тууган турмуш чындыгын какшык аркылуу билдиргиси келсе керек.

Кудайберген дал ошол 1941-жылы Литвада туткунга түшүп, андан эптеп качып партизандарга кошулуп, кайра тутулуп, акыры уруш аяктаганга чейин фашисттик концлагерде болгон.

Мындан 72 жыл илгери...

1944-жылы 4-мартта германдык нацисттер Балтияда кармалган туткундарды Франциянын Брест шаарына поезд менен алып келишет.

Аларды кайра Германияга ташып баратканда, ошол жылдын бугу (май) айынын башында Кудайберген поездден түшө качат, Францияда эптеп жашырынып баш калкалап жүрөт.

Азамат Алтайдын айтымында, ал фашисттерге каршы күрөшкөн Француз каршылык көрсөтүү кыймылына да катышат.

1944-жылы июнда ал турган жер Батыш ынтымагынын аскерлери тарабынан боштондукка чыгарылып, Азамат ага акыры мурдагы нацисттик туткун болгон советтик аскерлердин убактылуу лагерине кабылат.

Мындан 71 жыл илгери...

Экинчи дүйнөлүк согуш фашисттик Германиянын ойрон болушу менен аяктады. Согуш аяктаган соң, мурдагы фашисттик туткундар үчүн эки ача жол турду. Анын бири - өз Атажуртуна кайтуу эле. Бул татаал жол - Сибир сүргүнү, айтылуу ГУЛАГ (лагерлердин башкы башкармалыгы), кордоо, кыйноо, эс алуусуз күнү-түнү иштетүү аркылуу өтчү.

Миллиондогон мурдагы туткундар, алардын ичинде 20-30-жаштын күлгүн курагында болгондор, өз киндик каны тамган жерге жете албай, ошол сталиндик лагерлерде мезгилсиз эле ажалын табышкан. Анча-мынчасы гана Сталин өлгөндөн кийин акталып, өз айылына же шаарына кайтып келишкен.

Мындан 70 жыл илгери...

Кудайберген Батышта кала берүүнү чечти. Ал өз эскерүүсүндө совет бийлигинин өкүлдөрү мурдагы согуш туткуну болгон өз жоокерлерине алар советтик башкаруу аймагына өтөөр замат эле ырайымсыз мамиле кыла баштаганын өз жон териси менен сезип, алардын далай кордугун көргөнүн айтат.

Мындай запкыдан соң, ал 1946-жылдын үчтүн айынын (январынын) 1инде Батышка качып өткөнүн мындайча айтат:

Ошентип, 1946-жылдын биринчи күнү советтик куралды, шинелди таштап, гимнастёркамдын үстүнө костюмумду салдым да, англичан зонасына өттүк. Смоген жол билет, мен жашаган жерге баралык деп, бир шаардан бир шаарга чейин жөө жүрүп, арадан он күн өткөндөн кийин Германиянын түндүгүндөгү Олденбург шаарына келдик...”

Андан ары Азамат агай поездге жармашып, эптеп Францияга өткөн. 1946-жылдын үчтүн айынын 10унда Парижге келип түшкөн.

Советтер Союзунда туулганыбызды жашырып, (Фритьоф) Нансен паспорту деген эмигранттык паспорт менен жашоого туура келди”, - деп эскерип жазат Азамат агай.

1946-жылы жетинин айынын (ноябрдын) 23үндө Кудайбергендин бир макаласын орусиялык эмигранттардын журналы жарыкка чыгарган. Бул тууралуу Азамат ага мындайча эскерет:

Ошол жылдары Америкада, Нью-Йоркто эски меньшевиктердин «Социалистический вестник” деген журналы чыкчу, (анан) дагы эсерлер партиясынын жетекчиси Зензинов деген “За Свободу» (“Эркиндик үчүн”) деген журнал чыгарчу. Акыры бир күнү кармалып, Советтер Союзуна айдалсам, ажалымдын жеткени эле. Немис туткунуна түшкөн киши согуш мезгилинен бери чыккынчы деп жарыяланганы белгилүү, албетте, мага аёо жок болчу. Тагдырымды түшүндүрүп, эки журналга узун бир кат жазып жибердим. Көп өтпөй «Социалистический вестник» (“Социалисттик кабарчы”) катымды кыскартып, «Түркестанец” деген ат менен «Исповедь молодого киргиза” (“Жаш кыргыз жигитинин ыймандай сыры”) деген темада макаланы журналга чыгарышты”, - дейт Азамат агай өз эскерүүсүндө.

Ошол жылдары ал кыргыз, казак, орус, өзбек, түркмөн тилинде Мүнхенде чыккан «Түрк эли» журналына да кыргыздардын тарыхы, маданияты, советтик бийликтен запкы жеген кыргыз жазуучу, илимпоздору жөнүндө макалалар жазып, айрым сандарына редакторлук кылып турган.

Александр Керенский.
Александр Керенский.

Азамат агай 1946-53-жылдары Батышта бозгунчулукта өмүр сүрүүгө аргасыз болгон белгилүү орусиялык диссидент Александр Керенский, окумуштуу, советолог Александр Беннигсен (Alexandre Bennigsen, 1913-1988), Мустафа Чокайдын жесири Мария Яковлевна Чокаева, поляк чыгышпозу Ананиаш Зайончковский (Zajaczkowski) менен да, улуту башкыр, либерал- демократ жана көрүнүктүү түрколог Ахмед Зеки Велиди Тоган жана башка интеллектуалдар жана коомдук ишмерлер менен тыгыз байланышып турган.

Мындан 63 жыл илгери...

Кудайберген 1953-жылы башкеңсеси Мүнхенде жайгашкан «Азаттык» үналгысына (азыркы «Эркин Европа-Азаттык» үналгысынын Кыргыз кызматы ал кезде тек гана Түркстан кызматынын бир бөлүмү болчу) ишке кирди.

Ошол 1953-жылдын жалган куран (март) айынын 18инен тартып ал “Азаттыктын” “Түркстан кызматынын" кыргызча берүүлөрүн даярдап, обого алып чыга баштады.

Төлөмүш Жакып уулу.
Төлөмүш Жакып уулу.

Кудайберген Кожомбердиев кыргызча берүүнүн бир эле учурда редактору, автору жана алып баруучусу болгон. Кийинчерээк анын “Азаттык үналгысындагы" чыйырын Төлөмүш Жакып уулу (1926-1992) уланткан.

5-марттагы Иосиф Сталиндин өлүмүнөн 13 күн өткөн соң ишин баштаган “Азаттык үналгысы", ошентип, кыргыз үнүн эл аралык радионун алкагында дүйнөгө чыгарган, кыргыздын улуттук кадыр-баркынын символдорунун бирине айланган маанилүү маалымат каражаты болуп телчиге баштады.

Мындан 60 жыл илгери...

Мүнхенде бир аз убакыт иштеп турган соң (1956-жылдын 15-аяк оонасында) Кудайберген бул шаардан Нүй-Йоркко (АКШга) көчүп келет да, саал көп узабай Нүй-Йорк китепканасынын түркология бөлүмүндө иштеп калат.

Дал ушул жерде иштеп жүргөнүндө Казакстандан иш сапар менен келген Мухтар Ауэзов ага кезиккен эле.

Мындан 57 жыл илгери...

Кудайберген Кожомберди уулу Сания апа менен баш кошот.

Кудайберген менен Сания.
Кудайберген менен Сания.

Теги урал татарларынан болгон, Орусиядан Кытайга, анан Жапонияга өтүп, акыры ата-энеси Түркияда байырлап калган Сания апа Түркиянын атуулу болчу.

1959-жылы АКШнын Мүнхендеги баш консулунун бир уй тилиндей колдоо катынын күчү менен Түркиянын Мүнхендеги консулу эки күндө нике кагазын бүтүрөт.

Андан соң Сания апа дээрлик үч айдай Кудайбергендин Мүнхендеги досу Виктор Вербицкий менен анын жубайы Таня Вербицкая (Зотованын) үйүндө америкалык визаны күтүп жашайт. Акыры Сания апа мухиттин ары жагына келип, күйөөсүнө кошулат.

Мындан 55 жыл илгери...

Кудайберген Кожомбердиев АКШда жүрүп, 1961-жылы жетинин айында (ноябрда) Азамат Алтай деген ысымды алган.

«Алтай» сөзү аркылуу кыргыздын тарыхый тамырын Ала-Тоо менен чектебестен, Алтай, Эне-Сай менен да байланыштыргысы келсе, «Азамат» сөзү аркылуу эл-жерине карата атуулдук сүйүүсүн, жүрөк толтосунда аздектеген сезимин чагылдырган:

“...Мени жамандагандар да, жамандабагандар да менин жашырын аттарым жөнүндө каалагандай жазышты. Немистерде мен “Асан”, ”Кадыр” деген аттар менен жүрдүм. Француздарда өз атым менен, Түркияда - “Кыргыз”. “Кыргызсыңбы? Демек, атың да ошондой болот”, - деп өздөрү атап алышкан. Журналисттик атым - “Кошой”.

Америка граждандыгын (атуулдугун) алганда фамилияңды да, атыңды да кандай өзгөртөм десең өзгөртүп, сага алардын заңы боюнча жаңы документ берет. Биринчиден, элим үчүн азаматтарча кызмат кылайын, экинчиден, байыркы заманда кыргыздар Алтайда жашагандыктан, кыргыздардын мекени, сүйлөшкө да жеңил, деп Азамат Алтай болуп кала бердим,” - деп жазат Азамат ага.

Азамат Алтай. АКШ. Нүй-Йорк.
Азамат Алтай. АКШ. Нүй-Йорк.

Мындан 32 жыл илгери...

Ошол тапта, 1984-жылы, башкача айтканда, советтик сенектик доорунда, «Азаттык» үналгысы (“Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын Кыргыз кызматы) өз берүүлөрү бүт дүйнө жүзүнө кыска толкун аркылуу таркаган кыргыз тилиндеги көзгө басар объективдүү маалымат каражаты болгон. Бул жөнүндө азыр пост-советтик кыргыз адабияты (анын ичинде “Кыргыз энциклопедиясы” жана окуу китептер да) ачык-айкын чагылдырып калды.

Бул жараянга Азамат Алтайдын “Азаттык үналгысынын” деректири (1984-1988) катары кошкон салымы да залкар баага арзыйт.

Ал Түркиядан таалим алып, түркиялык кыргыздарга таандык акцент менен сүйлөгөн боордошторуна Ала-Тоодогу кыргыздардын тилин жана акцентин үйрөтүп, журналисттик жана тил жаатында ырааттуу кеп-кеңешин берип жүрдү. Алардын ичинен өзүнө мураскорду жетекчилик ишке убактылуу дайындап, жөндөмүн байкап, тажрыйба аркылуу тандоо жолу менен иргеди.

Мындан 28 жыл илгери...

Азамат Алтай 1988-жылы ардагерликке (пенсияга) чыгып, ордуна өзү тарбиялаган шакирти Аким Өзгөн “Азаттык үналгысынын” деректири болуп калды.

Азамат Алтай менен Прага шаарында. 05.6.2003.
Азамат Алтай менен Прага шаарында. 05.6.2003.

Мындан 13 жыл илгери...

Азамат Алтай агабыз кулжа (июн) айында Чехиянын борбору Прага шаарына сый конок катары келип, “Азаттыктын” 50 жылдык торколуу оюна катышып, “Азаттыкта” анын ишин улантып жаткан кыргыз журналисттерге бата берип, Нүй-Йоркко кайтып кеткен.

Мындан 5 мүнөт илгери жазылган чакан корутунду...

Аттиң, мезгил өтүп, жылнаама ушинтип улантыла берет экен.

Мурдагы жылдар да карып, тарыхта улам жаңы сан кошула берет экен.

Менин жеке өзүмдүн дилимде Азамат Алтай агай ар дайым өзүнүн жеке турмушу менен коомдук зарыл иш болгон публицистиканы, журналистиканы, котормочулукту ар дайым айкалыштыра алган, көкүрөгү тунук, кайраттуу, туура сөздү так кесе айтуудан эч тайманбаган, калыс, жаракөр, дилгир, мээримдүү, берешен, көрөгөч инсандын нагыз өрнөгү бойдон калды. Жүрөгүм качандыр-бир сокпой калса, дилимдеги анын жаркын элеси дал ушул саптар сыяктуу мурдагы жана болочокку баяндарым аркылуу келечек муундардын дилине өтөт ко деп үмүт кылам.

Булактык маалымат.

Азамат Алтай: Азаттык менен демократиянын жарчысы. - Бишкек: Интерполиграф, 2010. – 320 бет, сүрөттөр. - ISBN-10(13): 978-9967-26-039-9.

URL: http://www.bizdin.kg/ru/книги/books/uncatigorized/item/191-азамат-алтай-азаттык-менен-демократиянын-жарчысы

XS
SM
MD
LG