Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:50

БИШКЕКТЕ АЗАМАТ АЛТАЙДЫ ЭСКЕРҮҮ КААДАСЫ ӨТТҮ


Бишкекте бүгүн ырасмий бийлик өкүлдөрү, депутаттар, маданий ишмерлер жана жакын туугандары чогулуп Азамат Алтайды эскерип куран окушту. Азаттык радиосун түптөгөн Азамат Алтай өмүрүнүн 40 жылын ушул радиого арнады. Ал 86 жашында Нью-Йоркто ооруканада жатып каза тапты.

Жакын туугандарынын жана «Азаттык» радиосунун демилгеси менен дүйшөмбүдө Бишкекте 500гө чукул адам чогулуп, аны эскеришти.«Азаттык» радиосунун директору Тынчтыкбек Чоротегин Азамат Алтайдын демократиялык жараяндарга кошкон салымы, аны «Азаттыктын» 50 жылдык тарыхындагы эмгеги тууралуу сөз сүйлөдү.

Андан кийин отургандар бир мүнөттүк тыным менен ордуларынан туруп маркумду эскеришти. Муфтий Муратаалы ажы Жуманов куран түшүргөндөн кийин каалоочуларга сөз берилди.

-Агабыздын тирүүсүндо баркына жете албасак, эми мамлекеттик деңгээлде муну кайра ойлонуш керек. Эми кыргыз элинин келечеги, кийинки муун үчүн кыргыздын тарыхында калгыдай өз ордун таап беришибиз керек,- деди Президенттик администрациянын жетекчисинин биринчи орун басары Тынычбек Табылдиев.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин АКШда Кыргызстандын тунгуч элчиси болуп иштеген Роза Отунбаеванын айтымында, Азамат Алтай канчалаган жылдар бою Кыргызстанга келе албай, ошо кезде Болот Миңжылкиев, Бүбүсара Бейшеналиевалар Европага гастролго келгенде,аларга уурданып барып жолукчу экен. АКШнын элчилиги жаңы ачылганда көзүнө жаш алыптыр.

Азамат Алтай тууралуу көп эмгектерди жазып келген Бексултан Жакиев анын сөөгү кыргыз жерине коюлбай калганынын себептери тууралуу айтып берди.

-Менин сөөгүм Кыргызстанга жетип, кыргыздын жерине коюлаар деп көп айтчу. Аңгыча байбичеси ооруп калды. Бир күнү мага кемпирим катуу ооруп атат, жанына чыга албайм, мен бул жактан кете албай калдым окшойт деп калды. Анан былтыр байбичеси өтүп кетти. Ошондо бул кишинин адамгерчилигин карагыла, байбичесинин жанына жатаарын түшүндү. "Менин өмүр бою азап-тозогумду кошо тартышкан, мен таштап кете албайм" деди. Анан кийин Кыргызстандан бир ууч топурак алдырып алган, ошону менен Америка жергесине коюлду минтип,- деди Бексултан Жакиев.

Вице-премьер-миниcтрдин милдетин аткаруучу Ишенгүл Болжурова бүгүн түнү АКШга учат. Ал Нью- Йоркко Азамат аганын үйүнө барып, бейитине куран окуп, президент Курманбек Бакиевдин атынан көңүл айтууну туугандарына тапшырып келмек болуп баратат. Ишенгүл айым отургандарга анын ысмын көчөгө болобу, мектепке болобу ыйгарып, түбөлүк калтырууга аракет жасала турганын айтып, убада берди.

Бул эскерүү жыйынга АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованович катышып, маркумдун туугандарына өз атынан көңүл айтуу телеграммасын тапшырды. Анда Америка Кошмо штаттары Азамат Алтайдын дүйнөдөн өтүшүн терең кайгыруу менен кабыл алды деп жазылат. Мари Йованович сөз алып, бул адамдын өмүр жолуна токтолуп, Кыргызстан эркиндик алгыча жана андан кийин эгемендик жылдарда да кыргыз элинин үнү болуп келген деп белгиледи.

Конституциялык соттун торайымы Чолпон Баекова, юстиция министри Марат Кайыпов, тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов, парламент депутаттары Өмүрбек Текебаев, Султан Урманаев, Дооронбек Садырбаев, Азимбек Бекназаров жана башка саясачылар, илимпоздор, журналисттер катышты.

Азамат Алтай жекшембиде Нью-Йорк убактысы боюнча саат түшкү саат бирде жерге берилди. Ал өзүнүн керээзи боюнча Вашингтондогу мусулмандар көрүстөнүнөн байбичеси Саниянын жанынан жай тапты.

Чолпон Орозобекова , Бишкек.

XS
SM
MD
LG