Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

TОҢДОГУ ЭСКЕРҮҮ ЖЫЙЫНЫ АЗАМАТ АЛТАЙ КЫРГЫЗ ЭЛ БААТЫРЫ НААМЫНА ТАТЫКТУУ ДЕП ЧЕЧТИ


31-майда кыргыздын чыгаан уулдарынын бири Азамат Алтайды туулуп өскөн жеринде, Ысыккөлдүн Бөкөнбаев айылында эскеришти. Маркум Кудайберген Кожомбердиевдин киндик каны тамган үйдүн алдына тигилген аза күтүү митингине Азамат Алтайдын айылдаштары, тууган-туушкандары, атайылап ат арытып, куран окутуу үчүн Аксыдан келгендер, Бишкектик журналисттер, “Азаттыктын” Бишкек студиясынын кабарчылары чогулушту.



Азамат Алтайга аза күтүү митингин Азаттык үналгысынын директору Тынчтыкбек Чоротегин ачып, маркумдун сталиндик катаал доордун өкүмүнөн улам эл-жерине кайтпай калганын баса белгиледи:

- Александар Бенигсен аттуу атактуу орус политологу, чыгыштаануучусу менен таанышып Кыргызстан, жалпы Борбордук Азия туралуу кыргыз, казак, өзбек тилдериндеги маалыматтарды жайылытып, илимге бир катар салымын кошкон. Дал ушул салымдарынын бири Александр Бенигсен тарабынан кийин эскерүүлөрүндө көрсөтүлөт. Кыргыз эли чакан эл болсо дагы, өзү коркпогон эл. Маселен, айрым саны жагынан көптүк кылган элдерден айырмаланып, аз сандуу кыргыз калкы 50-жылдары Манас дастанын элдик дастан катары коргой алган деп Александр Бенигсен өзүнүн макалаларынын биринде таасын көрсөтүп, Кызыл Кыргызстан гезитине байма-бай шилтеме берген. Дал ошол макалаларды кыргыз тилинен француз, англис тилдерине которуп берип жардам кылган биздин атабыз Азамат Алтай болгон.

Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков Азамат Алтайга Кыргыз эл баатыры наамын ыйгаруу тууралуу өтүнүч менен бийликке кайрылуу керек деген демилге көтөрдү.

- Азамат Алтай 20-жылы, мен 25-жылы туулгам. Кат алышып турдум, согуш башталардын алдында сүрөтүн жибериптир, ошол сүрөтүнүн артында “Эй, Манжы, бул мен эмес, менин көлөкөмдүн элеси, ак кагазга тартылган асыл жандын денеси. Муну жоготпой сактап ал" деп жазыптыр,- деди Азамат Алтайдын жердеши Манжы Келгенбаев.

Жалалабат мамлекеттик университетиндеги китепкананын жетекчиси Роза Култаева Азамат Алтайдын 1995-жылдан баштап келечек муундары жөнүндө кам көрүп, өзүнүн жеке тапкан маянасынын эсебинен Жалалабат университетинин студенттерине 500 доллардан жылыга стипендия ыйгарып турганын жана кырк жыл жыйнаган бай архивинин бир бөлүгүн университеттин китепканасына белек кылганын эскерип айтты.

XS
SM
MD
LG