Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 7-апрель, 2020 Бишкек убактысы 03:45

АЗАМАТ АЛТАЙ (1920 – 2006)


Атпай кыргыз журту, кыргызстандыктар, дүйнөнүн чар тарабында байырлаган улутташтарыбыз орду толгус оор жоготууга учурады. Эл-жерибизди боштондукка, демократияга, адам укуктарын сактоого чакырган, кыргыз үнүн эл аралык деңгээлде шаңшыткан тайбас жана чыгаан журналист Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) узакка созулган оорудан кийин 2006-жылдын 23-майында 86 жашында АКШнын Нью-Йорк шаарында дүйнөдөн кайтты.

Өмүрүнүн оодук бөлүгүн чет өлкөлөрдө бозгунчулукта өткөргөнүнө карабастан, Азамат Алтай агабыз Алатоону жүрөк толтосунда сактап келген. Жамы журтубуз Кыргызстандын эгемендиги үчүн, өлкөдөгү сөз эркиндиги жана басма сөз эркиндиги үчүн ырааттуу күрөшкөн, ар кандай кырдаалдарга карабастан, калыс, акыйкат сөзүнөн тайбаган, эл-жерин эмгекчилдикке, дүйнө таанымын тереңдетүүгө, адамзат асыл-нарктарына шайкеш жашоого чакырган чыныгы атуулубуз менен коштошуп жатат.

Кудайберген Кожомбердиев 1920-жылы 15-сентябрда Ысыккөл облусуна караштуу Тоң районундагы Корумду жергесинде туулган. Тоңдогу мектептерден, Түп районундагы Ысыккөл зооветеринардык техникумдан таалим алган.

1940-жылы аскерге чакырылган. Балтика боюнда Литванын Каунас шаарында аскердик курстан өткөн. Улуу Атамекендик согуш башталган кезде урушка киришип, Литва аймагында германдык фашисттер тарабынан туткунга алынган.

Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган соң, сталиндик тоталитардык режим мурдагы согуш туткундарына ырайымсыз мамиле кылып жатканынан кабардар болуп калып, өзү эркиндикке чыккан Францияда кала берген. Ал жерде бозгунда жүргөн орус чыгыш таануучусу Александр Беннигсен сыяктуу илимпоздор менен кызматташып, Борбордук Азиянын коомдук-маданий турмушу тууралуу жергиликтүү басма сөз маалыматтарын Батыштын илим чөйрөсүнө киргизүүгө зор салым кошкон.

1953-жылы башкеңсеси Германиянын Мүнхен шаарында жайгашкан “Азаттык” үналгысына ишке кирген (“Азаттык” үналгысы 1975-жылы “Эркин Европа” үналгысы менен бириккен). Ошол эле жылы 18-мартта “Азаттыктын” кыргыз тилиндеги туңгуч берүүсүн обого алып чыккан. Ал башатында турган “Азаттыктын” кыргызча берүүсү бүгүнкү күнү “Азаттык” үналгысы (“Эркин Европа – Азаттык” үналгысынын Кыргыз кызматы) катары таанымал.
Кудайберген Кожомбердиев кийинчерээк АКШга кетип, чейрек кылымдан ашуун өмүрүн Нью-Йорктогу Колумбия университетинин илимий китепканасына арнап, түркология жана кыргыз таануу боюнча он миңдеген нускадан турган китеп корун түзөт. 1960-жылы “Азамат Алтай” ысымын алат.

АКШда жүргөн кезинде ал “Азаттык” үналгысы менен тыгыз кызматташтыгын уланткан. 1970-жылдардын соңунда ал кайрадан Мүнхенге келип, 1984-1988-жылдары (ардактуу эс алууга чыкканга чейин) “Азаттык” үналгысынын деректири кызматын аркалаган.

Чет өлкөлөрдө жүргөндө ал Кыргызстандын коомдук-саясий, маданий жана илимий турмушундагы жетишкендиктерин эл аралык коомчулукка ургаалдуу тааныштырып турган. Советтик тоталитардык түзүлүштүн адам укуктарын басмырлаган жосунсуз жоруктарын аёосуз ашкерелеген. Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов, Болот Миңжылкиев, Бүбүсайра Бейшеналиева сыяктуу кыргыздын залкар таланттарынын чыгармачыл ишмердүүлүгүн даңазалаган.

1995-жылы 24-августтан 11-сентябрга чейин эгемен Кыргызстанга сый конок катары келип, «Манас» дастанынын миң жылдык мааракесине катышкан.
Азамат Алтай 1950-жылдардан бери кыргыздын тарыхы, маданияты, адабияты боюнча чогулткан бай архивинин бир бөлүгүн 1995-жылы Жалалабат мамлекеттик университетине тартуулаган. 1995-жылдан тарта Жалалабат менен Каракол шаарларындагы мамлекеттик университеттердин мыкты окуган студенттерине жеке өзүнүн атынан жыл сайын 500 доллардан стипендия берип келди.

«Азаттык» үналгысынын негиздөөчүсү, Кыргызстандагы сөз жана басма сөз эркиндигине, коомдук-маданий турмушуна, аймактагы демократиялык жараянга зор салым кошкон коомдук ишмер, чыгаан публицист, чыныгы атуул Азамат Алтайдын жаркын элеси атажуртун сүйгөн ар бир кыргыздын жана кыргызстандыктын жүрөгүндө дайым сакталат. Маркумдун жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Алатоонун Азаматынын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

М. Султанов, А. Мадумаров, М. Абдылдаев, Ч. Баекова, К. Осмонов, И. Болжурова, И. Исаков, И. Кадырбеков, М. Кайыпов, Д. Нур уулу, С. Раев, Н. Момунов, Т. Абдраимов, А. Абдрасулова, С. Абдыракманов, Ө. Абдрахманов, К. Акматов, Т. Акун, Б. Алагушев, Ү. Асанов, А. Ашыралиев, Э. Байсалов, Т. Бакир уулу, А. Бекназаров, А. Бөрүбаев, А. Дүйшембиев, Ш. Дүйшеев, Р. Дырылдаев, Б. Жакиев, Ч. Жакыпова, Ж. Жекшеев, В. Жуматаева, Э. Нурушев, С. Жусуев, К. Жусупов, К. Иманалиев, М. Иманалиев, Р. Ирсалиев, Ж. Кадыралиев, Т. Казаков, Н. Капаров, К. Карабеков, Т. Касымбеков, А. Керимкулов, А. А. Ким, К. Кошалиев, К. Коңкобаев, Т. Мамашов, И. Масалиев, К. Молдокасымов, А. Муратов, А. Ормушев, С. Орозалиев, К. Оторбаев, Р. Отунбаева, А. Өзгөн, Э. Өмүралиев, А. Өмүрканов, Д. Өскөмбаев, О. И. Рябов, Ж. Саалаев, Ж. Садыков, А. Салымбеков, М. Салымбеков, Д. Сарыгулов, Ж. Сатыбалдиев, Т. Слащева, Ө. Субаналиев, А.Султанбаев, М. Султанов, Ө. Текебаев, А. Тузов, Т. Турганбаев, Т. Тургуналиев, А. Турдумаматов, К. Узакбаев, А. Усманов, К. Чекиров, Т. Чоротегин, М. Шеримкулов, Б. Шерниязов, С. Эралиев, Д. Эсеналиев, М. Эшимканов.
XS
SM
MD
LG