Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 09:37

1937: Шор элинин азаматы – Алексей Напазаков


Шорлордун улуттук-маданий кызыкчылыктарын коргогон коомдук уюмунун туусунда көк бөрүнүн башы тартылган.

Шибердеги тектеш эл – шорлордун чыгаан өкүлү Алексей Напазаков (1904-1937) тууралуу эскерүү баян. ("Азаттык" үналгысынын 1936-38-жж. сталиндик жазалоолордун толкуну тууралуу түрмөгүнөн).

Алгы сөз

1920-30-жылдары атуулдук согуш жана сталинчил жазалоолор маалында кыргыздын “каймактары” тандалып камалып, жазыксыз сүргүнгө айдалып, кыргынга учурагандыгын “Азаттык” үналгысы атайын рубрикада ырааттуу баяндап келет.

Бул атуулдук тирешүү жана сталиндик жазалоолор – коомубуз үчүн орду толгус жоготуу экенин коммунисттик цензура жоюлган эгемендик доордо гана толук аңдап жатабыз.

Ал эми Шибердеги саны жагынан биздин элибизден алда канча чакан болгон тектеш этностордун тагдырына көз чаптырсак, алардын чыгаандарынын “бай”, “контрреволюциячы” катары жок кылынышы айрым улуттардын автономиялык мамлекеттүүлүгүнүн жоюлушуна чейин жеткирген алаамат болгон.

Алексейдин бала чагы жана окуу жылдары

Шор элинин даңктуу уулдарынын бири Алексей Егорович Напазаков 1904-жылы падышалык Орусиянын Томск губерниясына караштуу Кузнецк үйөзүндөгү Чувашка аттуу улуста (айылда) аңчынын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Алексей Егорович Напазаков.
Алексей Егорович Напазаков.

Бул айылда бала чагы өттү. Жаштайынан тирикарак, сөзгө чечен, шайдоот өстү.

Айылда эч бир мектеп же маданий мекеме болгон эмес, ошондуктан ата-энеси Алексейди үйөздүн ири соода-сатык шаары – Кузнецк шаарына окууга жиберишти.

(Шорлор байыртадан энесайлык кыргыздардын аймагынын түндүк-батышын ээлеп, Темирчи Ала-Тоодо кен иштетүү менен алектенип келген калктын урпактары, ошондуктан алардын жериндеги бул шаар орус оторчулары тарабынан “Темир усталар шаары” – Кузнецк” деп аталып калган).

Алгачкы мектепти аяктаган соң, 1920-жылы Алексей окуусун андан ары улантууну чечет.

Ата-энесинин колдоосу менен ал Маскөө шаарына кетет да, мында коммунисттик жогорку окуу жайда таалим алат.

Тоолуу Шор өлкөсүндөгү коомдук ишмердиги

1926-жылы Алексей Маскөөдөн Тоолуу Шор жергесине кайтып келип, жаңы түзүлүп жаткан Тоолуу Шор улуттук районундагы улуттук-маданий кадрларды калыптандыруу ишине жогорку билимдүү жаш адис катары билек түрүнө киришет.

1925—1939-жылдары Шибер чөлкөмүндө өкүм сүргөн Тоолуу Шор улуттук району дал ушундай жигердүү саясатчылардын ишмердигинин негизинде улам жаңы баскычка көтөрүлө берген.

Улуттук райондо шор тегиндеги мугалимдер көбөйгөн жана улуттук адабиятка таандык окуу куралдары, китептер жарыялана баштаган. Эне тилде сабак берген шор мектептеринин саны улам көбөйгөн. Жетим балдар үчүн жана тайгадагы алыскы кокту-колотто байырлаган кембагалдардын балдары үчүн атайын мектеп-интернаттар уюштурулган. Маданий мекемелер калыптанган. Тың окуучулар Ленинград жана башка шаарларга окууга жиберилген. Шор айдыңдары өз эне тилинде көркөм чыгармаларды жарыялап киришкен.

Шор тилинде да, орусча да катыра сүйлөгөн Алексей Напазаковду “Тоолуу Шорияда эмес, Маскөөдө иштей турган эле азамат” деп алкап турушчу. Шорлордун арасында ал өз эне тилинде таза сүйлөчү. Ал кезде шорлордун көбү орусча билишчү эмес.

Сталинге олуттуу сунуш менен кайрылган

Тоолуу Шориянын көйгөйлөрү улам күчөй берген учурда, Алексей Напазаков Маскөөгө чейин барып, Кремлде Иосиф Сталиндин кабылдоосунда болгону айтылат.

Ал жалпы Түштүк Шибердин, Алтайдын жана Батыш Шибердин түштүк аймагынын улуттук автономияларын таптакыр жаңыча уюштуруп, Тоолуу Алтай, Хакасия жана Тоолуу Шорияны бириктирип, ССРлер Союзуна өзүнчө автономиялык жумурияттык бирдик катары кошууну сунуштаган дешет. Чынында да, бул – өтө ири аймак. Тоолуу Шориянын өзү эле азыркы Белгиянын аймагына тете.

Тили жагынан тектеш шор, телеут, хакас, алтай-кижи сыяктуу элдер Кавказдагы Дагестан аймагы сыяктуу бирдиктүү автономияны түзүп калса, алардын өз ара биримдиги, маданий алакалары чыңдалмак. Напазаковдун оюнча, социалисттик курулуш да бул аймакта чамдап жүрмөк.

Албетте, Иосиф Сталин “ойлонуп көрөлү” деген жооп менен Алексей Напазаковду жолго салат.

Сталинск шаары

Напазаковдун ою – жалпы Шибердеги түрк тилдүү калктардын орток тагдыры үчүн өзгөчө маанилүү болгону менен, Иосиф Сталиндин аны кабыл алчу эч кандай ниети болбогондугу түшүнүктүү.

Анткени Кемерово аймагына, Кузнецк бассейнине жалпы советтик Орусиянын өнөр жайынын тагдырында жаңы рол ыйгарылып жаткан.

Темирчи Ала-Тоодогу Сад-город деп аталган кыштакта жаңы металлургиялык ишкана курула баштаган. 1931-жылы 3-июлда бул Сад-город кыштагы Новокузнецк шаары болуп, жаңы макамга көчкөн. Кийинки, 1932-жылы 2-мартта СССРдин Бүткүл союздук Борбордук Аткаруу Комитетинин (советтик парламенттин; кыскача – ББАКтын) Президиуму Новокузнецк менен Кузнецк шаарларын бириктирип, Новокузнецк деп атоо тууралуу токтом чыгарды.

Ошол эле жылы май айында Новокузнецк шаары “Сталинск” деген жаңы аталышка көчүрүлдү (бул аталыш 1961-жылдын 5-ноябрына чейин сакталып, андан соң шаар РСФСР Жогорку Кеңешинин Президиумунун чечимине ылайык кайрадан “Новокузнецк” деген мурдагы аталышына көчүрүлгөн).

Сталинск шаарынын өзү эле, баамдаган кишиге, Напазаковдун оюна каршы долбоорду туюнткан. Темирчи Ала-Тоо жүрөгү болгон бул чөлкөмдү Хакасия менен Тоолуу Алтайдын акимдик башкаруу аймагынан тышкаркы чарбалык-өнөр жайлык аймак катары кармоо – расмий Кремлге ылайык кадам болгон.

Он жылдык маараке

1936-жылы Тоолуу Шория өзүнүн түзүлгөндүгүнүн 10 жылдык мааракесин расмий белгиледи.

Тоолуу Шория улуттук району 1925-жылы түзүлө баштап, 1926-жылы 12-апрелде СССРдин Бүткүл союздук Борбордук Аткаруу Комитетинин (парламентинин) Декретине ылайык мыйзамдуу түрдө жарыяланган эмеспи.

Бул мааракеге карата улуттук райондун ошол жылдардагы борбору Кузедеево кыштагында 1936-жылы салтанаттуу жыйын өткөрүлүп, ал жыйында Алексей Напазаков жалындуу сөз менен элге кайрылган экен. Ал Тоолуу Шория улуттук районунун пландоо боюнча мекемесинин (“райплан”) башчысы (шорчо айтканда “паштыгы”) болгон.

Оюн-зоок менен коштолгон бул жыйында Напазаков Тоолуу Шориянын жаркын келечегине терең ишеничин билдирген.

(Булак: Алчин П. Его имя — в истории // Вариант (газета). - 26 января 1991 года. – URL: http://tadarlar.ru/ego-imya-v-istorii.html )

“Эл душманы” жарлыгы жана атылуу

Каргашалуу 1937-жыл... Бүткүл СССРди кучагына камтыган сталиндик катаал жазалоолордун эпкини Тоолуу Шорияга да келип жетти.

33 жашка чыккан Алексей Егорович Напазаков да “эл душманы “ деп табылган күн келди.

Түштүк Шибер чөлкөмүнүн Ички иштер эл комиссарлар бөлүмүнүн башкармалыгындагы “үчтүктүн” 1937-жылдын 13-августундагы токтомуна ылайык, Алексей Напазаков өлүм жазасына кесилди. Мындан тогуз күн өтүп-өтпөстөн, 22-августта анын өмүрү атуу жолу менен мезгилсиз кыйылды.

Бүтүндөй этнос улуттук район макамынан кол жууду

Сталинизм Алексей Напазаковдун гана өмүрүн алып тынган жок. Тоолуу Шориядагы камакка алуулар шорлордун бычакка сап жүздөн ашуун өкүлүн жайрап кетти.

1979-жылы май айындагы ташкын маалында тымызын көрүстөндөгү ГУЛагдын курмандыктарынын сөөктөрү Обь дарыясынын жээгине чыгып калган. Архив.
1979-жылы май айындагы ташкын маалында тымызын көрүстөндөгү ГУЛагдын курмандыктарынын сөөктөрү Обь дарыясынын жээгине чыгып калган. Архив.

Статистикалык маалыматка караганда, 1920-41-жылдарда Томск, Кемерово облустарында жана Алтай чөлкөмүндө (крайында) теги шор болгон 152 киши сталиндик репрессияга жазыксыз кириптер болгон.

Шорлордун калк саны, 1926-жылкы расмий статистикага караганда, болгону 12,601 кишиден турган (2010-жылы 12,888 гана киши өзүн “шор” катары каттаткан; мунун ар кыл себептери бар).

Бул 152 инсандын өлүмү – шор эли үчүн он эки миң жоокери бар аскердин колбашчыларынын баарын жайлап салганга барабар улуттук алаамат болду.

1937-жылдагы мындай “замбиректик аткылоолордон соң”, 1938-жылы Шибердин шовинист жетекчилигинин демилгеси менен Тоолуу Шориянын өзүнчө улуттук аймак катары макамын жоюу аракеттери башталып, 1939-жылы бул аракет сталиндик Маскөө тарабынан биротоло колдоо тапты.

Албетте, Шибердеги жергиликтүү орустар да сталиндик жазалоолордун бутасына алынган. Маселен, Кузбасста эле 28 526 орустун 44,33%ы (13 692 киши) 1930-жылдары атып өлтүрүлгөн.

(Булак: Уйманов В.Н. Национальный состав репрессированных на территории Западной Сибири в 1931–1941 гг. – URL: http://cyberleninka.ru/article/n/natsionalnyy-sostav-repressirovannyh-na-territorii-zapadnoy-sibiri-v-1931-1941-gg ; Уйманов В.Н. Пенитенциарная система Западной Сибири (1920–1941 гг.). - Томск : Изд-во Том. гос. ун-та систем управления и радиоэлектроники, 2011. 330 с. )

Алардын арасында Тоолуу Шориянын түпкү элинин жана башка шиберлик чакан этностордун көйгөйүн түшүнүү менен кабыл алган жана аларды колдогон нечендеген жергиликтүү орус айдыңдар болгону шексиз.

Эгерде Ала-Тоодо (Кыргызстанда) 1930-жылдардагы кандуу жазалоолордон соң, күнкор болсо да жумуриятты кыргыз катары жетектеген жергиликтүү коомдук ишмерлердин улам жаңы сабы пайда болуп турса, ал эми шорлордун айдыңдарынын саны азайган жана өздөрү улам жаңы жерлерге көчүрүлүп, мурдагыдай басымдуу көпчүлүк катары байырлаган кыштактары суюлган Тоолуу Шорияда акыбал мындан жүз эсе оор болду.

Темирчи Ала-Тоонун чер-токойлуу жана кенге бай аймактарына сталинчил жазалоолорго кириптер болгон улам жаңы туткундар жиберилип, аймак ГУЛагдын жүрөк толтосуна айланган. Камактагылардын арасында кылмыштуу топтордун өкүлдөрү да кыйла болгон.

Мындан тышкары, Орусиянын чар тарабынан Темирчи Ала-Тоонун тоо-кен өнөр жайынын курулуп жаткан ишканаларына улам жаңы жумушчулар агылып келип жатышты. Анан калса, аймакта 1939-жылы алтын сыяктуу баалуу заттардын жаңы кендери ачылды. Ошентип, жалпы социалисттик индустриялаштыруу урааны чакан этностун тагдырынан бийик коюлду.

Тоолуу Шорияда шорлордун өздөрү бир нече жылдын ичинде эле азганактай калкка айланды.

Шорлордун билимдүү, чыгаан, коомдогу улут орду үчүн күрөшө билген жана саясий тажрыйбалуу уул-кыздарынын көбү же атууга кетти, же абакта болду, бери дегенде эле, кызматынан айдалды. Элеттеги шорлордун бир далайы туулуп-өскөн журттарынан козголуп, жаңы шаарларга жана кыштактарга көчүрүлдү жана жаңы жерлерде улам көбүрөөк көчүп келген башка калктардын арасында мурдагыдай чогуу жашабастан, суюлуп байырлап калышты.

Улуттук автономиялык макамга, ошентип, 13-14 жыл өтүп-өтпөй, кара түн келди. Андан кийин Экинчи дүйнөлүк согуш башталды да, шорлорго улут маселесин козгоого 1988-жылга чейин эч мүмкүнчүлүк ачылган жок. 1988-жылы болсо, алардын улуттук-маданий автономиялык талап камтылган үнүн дээрлик башка эч ким уккан жок...

Эл эсинде

“Контрреволюциячыл саясатчы”, “эл душманы” деген жалаа менен өмүрү кыйылган Алексей Напазаков 1958-жылы 30-майда толугу менен акталган.

Азыркы тапта Тоолуу Шорияда Алексей Напазаковдун ысымы – улуттук аймактын чыгаан лидерлеринин сабында эскерилип келет.

Шорлордун айдыңдарынын айтымында, бул чакан эл дүйнөлөшүү кырдаалында өз эне тилин жана маданиятын сактап калуу үчүн күрөшүп жаткан маалда, Алексей Напазаков сыяктуу эл кулундарын эскерүү улуттук рухту чыңдоо үчүн өзгөчө маанилүү.

Редактордун эскертүүсү:

Сталиндик доордогу жазалоолор тарыхына байланыштуу жарыяланган макалалардын аталышынын башында шарттуу түрдө “1937” саны атайын түрмөктү айырмалоо үчүн кошулууда. Бирок жазыксыз куугунтукка кабылгандар 1937-жылы гана эмес, ага чейинки же андан кийинки жылдары деле камалган, соттолгон, сүргүнгө айдалган же өмүрүнөн айрылган болушу мүмкүн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG