Линктер

дүйшөмбү, 21-август, 2017 Бишкек убактысы 22:01

1937: Юлий жана кызы Ирма Геккер: Жазыксыз жазалангандардын тагдырлары


Археолог Ю.Худяковдун энеси Ирма Геккер (Худякова). 1960.

1930-41-жылдары сталиндик жазалоолорго жазыксыз кабылгандардын бири – немис тектүү философ Юлий Геккер жана анын сүрөтчү кызы Ирма болгон. Алар айтылуу кыргыз таануучу, археолог, профессор Юлий Худяковдун таятасы жана энеси. (“1937” түрмөгүнүн кезектеги макаласы).

Чет жерде байырлап, бирок кыргыз тарыхын изилдөөгө жана жалпы кыргыз таанууга бараандуу салым кошкон чыгаан илимпоздордун бири - археолог Юлий Сергеевич Худяков. Анын ата-тегин сурамжылап жатып, энеси Ирма Геккер-Худякова АКШдан Советтер Биримдигине ыктыяры менен келген профессор Юлий Геккердин кызы экенин угуп калгам. Бирок окумуштуунун таятасы Юлий менен энеси Ирма Юльевнанын тагдыры тууралуу маалыматты соңку жылдары гана толугураак үйрөндүм.

Күз айларынын биринде шаарыбызга илимий сапар менен келип калган Юлий Сергеевич экөөбүз борборубуздагы тоталитардык доордун курмандыктарына арналган эстеликке келип, гүлчамбар коюп, жазыксыз набыт болгон бабаларды эскерип тунжурап турганыбыз эсимде. Көрсө, эски доордун “режими” даңазалуу археологдун ата-энесин деле “баштан сылаган” эмес тура... Бул жөнүндө Юлий Сергеевич акырында чечилип сүйлөп берди. Башка маалымат булактарынан да кашыктап маалымат чогулттук.

Юлий Сергеевич Худяков 1947-жылы 8-декабрда Сибирдеги Кемерово облусунун Медвежка аттуу кыштагында жарык дүйнөгө келген.

Атасынын тегин тактай кетсек, ‑ мурда биз айрым интернет булактарына негизденип жазганыбыздай орусташкан немистерден эмес, ‑ вяткалык орустардан экен.

Атасы Сергей Алексеевич Худяков (1919–1984) азыркы Орусия Федерациясынын Кемерово облусуна караштуу Красное кыштагында туулган. Юлийдин чоң атасы Алексей Анисимович Худяков Орусиянын европалык бөлүгүндөгү Вятка жергесинде туулган, ал эми чоң энеси Дарья Тимофеевна болсо Чернигов облусунан. Алар XX кылымдын башында столыпиндик жер реформасы маалында Сибирге (Шиберге) көчүп келишкен. Мында алар Сергей жана Валентин деген эки уулдуу болушкан. Алексей Худяков учурунда өз кыштагында колхоз башкармасы болуп иштеген.

Сергей менен Валентин кичинекей чагында ар нерсеге кызыккан тентек балдар болгон экен. Бир жолу алар жарылма ок (снаряд) таап алышат. Аны текшерем деп жатканында снаряд жарылып, Сергейдин колун жаралантат. Жергиликтүү фельдшер Сергейдин сол колунун манжаларын кесип, аны айыктырган экен.

Сергей Худяков 1930-жылдардын соңунда тентектигинин айынан абакка түшүп калат. Абактан качам деп далаалат кылып, бирок кармалат да, абак мөөнөтү дагы сегиз жылга узартылат. Ошентип, Сергей Худяков саясий эмес себептен улам ГУЛагга узак мөөнөткө кабылат. Бул жерден ал 1942-жылы болочокку жубайына жолугат. Ал – саясий себеп менен камалган Ирма деген айым эле.

Ирма Юльевна Геккер (1916‑1994) АКШдан Орусияга көчүп келген айдыңдын кызы болгон. Ирма Юльевнанын (башка вариантта – Юрьевна) толук ысымы - Ирмгардт Амалия Геккер (Irmhardt Amalia Hecker).

Анын атасы Юлий Фёдорович (Теодорович) Геккердин (1881‑1938) немисче ысымы Julius Wilhelm Hecker эле.

Археолог Ю.Худяковдун таятасы Юлий Геккер (1881-1938). Цинциннати. 19.1.1935.
Археолог Ю.Худяковдун таятасы Юлий Геккер (1881-1938). Цинциннати. 19.1.1935.

Юлий Геккердин ата-бабасы Пётр Биринчинин доорунда Орусияга чакырылган немис жана голланд кеме куруучу адистер менен Петербургга чогуу келген. Юлийдин атасы – Теодор Геккер (Hecker) болсо, энеси – франсуз тектүү Августа Луиза Шелоңг (Shelong) болгону XIX кылымдагы даректерден айгинеленет. Юлийдин София жана Ольга деген эки эжеси болгон.

Юлий Геккер Петербургдагы жумушчу кыймылына катышып, андан соң XIX кылымдын акыркы ондугунда АКШга качууга мажбур болот. Нью-Йорк шаарында немистердин христиандык методисттик агымына таандык чиркөөнүн кызматкери ага жумуш табууга жана окуусун уланууга көмөк кылат. Дилгир жигит немисчесин гана жакшыртпастан, англис тилин да мыкты өздөштүрөт.

1905-жылы Биринчи Орус ыңкылабы башталганда анын эжекелери София менен Ольга да АКШга келишет. Эжелеринин каржылык көмөгү менен 1906-жылы Юлий Геккер Колумбия университетинин студенти болуп калат. Мында ал болочок жары Елизавета-Шарлотта Юнкер (Elizabeth Sharlotte Junker) менен таанышат. Бул айымдын ата-теги Германиядан чыкса, таялары франсуздардын илгерки ак сөөк тукумунан болгон.

Юлий Геккер 1915-жылы АКШнын Колумбия университетинде орусиялык социология тууралуу докторлук диссертациясын коргоп, философия доктору даражасын алган (илимий жетекчиси – профессор Франклин Генри Гиддингс (Franklin Henry Giddings). Диссертациясы 1915-жылы Колумбия университетинин басмасы тарабынан жарык көргөн (муну Дөрк Кэслер да эмгегинде тастыктайт). Диссертациясында Геккер коммунисттик идеялардын өзөгү мурдагы христиандык идеялардан өнүп чыккан деп далилдөөгө аракеттенген.

Анын кыздарынын бири Ирма 1916-жылы 28-августта АКШнын Чикаго шаарында туулган.

1916-19-жылдары Геккер Австрияда орусиялык туткундардын арасында кайрымдуулук максаттарда иштеген. 1917-жылдын Феврал ыңкылабын орус туткундары шаттануу менен тосуп алганына күбө болгон.

АКШ да Биринчи дүйнөлүк согушка аралашып, Австрияга каршы чыккан соң, америкалык атуул катары Юлий Геккер бул өлкөдөн коңшу Швейцарияга которулуп кетүүгө аргасыз болгон. Мында ал бир басылмада редактор катары иштеген.

Андан соң, Юлий Геккер 1919-жылы кайрадан АКШга кайткан. Нью-Йоркто ал советтик өкүлчүлүк менен тыгыз кызматташат жана “Кеңеш өкмөтүнөн чочулоонун өзү акылга сыйгыс” деген мааниде Кеңеш өкмөтүн колдогон макала жазат. Ал АКШнын атуулдугунан өз эрки менен баш тартат.

1921-жылы профессор Геккер Советтик Орусияга кайтып келет. Аны Орусиянын эл агартуу министри Анатолий Луначарский өзү кабылдайт. Геккер Советтик Орусиядагы айрым ачарчылык каптаган жайларды кыдырып, гуманитардык көмөк көрсөтүү иш-чараларына катышат. Маселен, ал Эдил (Волга) боюндагы ачарчылыкка кириптер болгон аймактардын (Самара, Бузулук, Оренбург ж.б.) калайыгына гуманитардык жардам уюштурган. Демек, ал Фритьоф Нансен сыяктуу коомдук ишмерлер жүргүзгөн эл аралык кайрымдуулук өнөктүгүнөн четте калган эмес.

1922-жылы ал АКШга кайтып келип, Советтик Орусиядагы ачарчылыкка кабылгандарга көмөк көрсөтүү чараларын уюштурууну улантат жана үй-бүлөсүн Орусияга биротоло көчүрүп кетүүгө беленденет. Ошентип, Луначарскийдин чакыруусу менен ал Орусияга үй-бүлөсү менен биротоло көчүп келет. Орусияга келе жаткан кезде, Потсдам шаарында анын эң кенже кызы төрөлгөн.

СССРде ал “америкалык курстарды” ачып, анда англис тили жана башка сабактарды окутуу аракеттерин көрөт.

1920-жылдардын соңунда СССРде христиан диниятчылары куугунтуктала баштаганда ал алгачкы жолу Лубянкага камалат, анда бир нече айлап отурат. Ал СССРдин тышкы иштер министри Георгий Чичериндин арачылыгы менен абактан бошотулат. Бернард Шоу Советтик Орусияга келгенде, Геккер котормочу катары анын жанында болот.

1933-36-жылдардын аралыгында Геккер эки ирет АКШга илимий сапарга чыгып, дарстар окуп, СССРге кайтып келет.

Эже-сиңдилер (солдон оңго): Ольга, Марселла, Вера, Алиса жана Ирма. 1930-жж. соңу.
Эже-сиңдилер (солдон оңго): Ольга, Марселла, Вера, Алиса жана Ирма. 1930-жж. соңу.

1930-жылдардагы сталиндик жазалоолордон анын кыздары оболу чочулаган эместей. Изилдөөчү Надежда Андрееванын ырасташынча, Алиса тарых боюнча, Марселла чет тилдеринен, Ольга менен Вера музыкадан таалим алып жатышкан, ал эми Ирма болсо сүрөтчүлүккө кызыккан.

Каргашалуу 1937-38-жылдар профессор Юлий Геккерге жана анын үй-бүлөсүнө азаптарды алып келген. Оболу Юлий Геккердин өзү “эл аралык империализмдин тыңчысы” жана башка калыпка салынган ойдон чыгарылчу жалаалардын айынан камакка алынат.

“Ассошиейтед Пресс” агенттигинин маалымдашынча, Юлий Геккер 1938-жылы 16-февралда камакка алынып, ошол эле жылы 28-апрелде атылган. Кыйноолордон жана башка психологиялык коркутуулардан улам ал өзү “АКШнын пайдасына тыңчылык кылганмын” деп “өз кылмышын мойнуна алууга” аргасыз болгону кийин гана айкын болду. (Булак: Alan Cullison, Stalin-Era Secret Police Documents Detail Arrest, Execution of Americans, November 09, 1997; Associated Press).

Күйөөсүн “кара машине” салып кеткенден бир аздан кийин, 1938-жылы 5-апрелде, анын жубайы Елизавета-Шарлотта Павловна да «мекен чыккынчысынын үй-бүлө мүчөсү” катары ГУЛагга кабылат жана жазыксыз жерден 8 жылга лагерге кесилет.

Оболу Юлий Геккер абакта өз өлүмү менен эле кайтыш болгондугу тууралуу маалымат келген, бирок 1980-жылдардын акырында, «Кайра куруулар» доорунда гана Юлий Геккер жазыксыз жерден 1938-жылы атууга кеткендиги тууралуу расмий тастыкталган. Маркум Геккер 1957-жылы 18-апрелде акталган.

Анын жубайы Елизавета-Шарлотта Павловна узак жылдар бою ГУЛагда жапа чеккен соң, акыры абактан акталып чыккан. Ал 1960-жылдардын башында дүйнөдөн кайткан.

Юлий менен Елизавета-Шарлотта Геккердин беш кызынын ичинен үчөө – улуусу Алиса, ортончусу Ирма жана эң кенжеси Вера – 1941-жылы сентябрда сталиндик абактарга бейкүнөө кесилишкен. Сот да болгон эмес, айып да тагылган эмес. Алардын бир гана “айыбы” – немис тегинен болгондугу жана ата-энесинин 1938-жылы ГУЛагга айдалгандыгы эле.

Берки эки кыз (Ольга менен Марселла) кокустуктан улам жана бирөөнүн ырайымынын аркасында гана түрмөгө кабылбай калышкан. Маселен, Ольга ошол кезде Москвада окуп жүрүп, документтери башка жайга которулуп калып, сталинчи тергөөчүлөр анын изинен адашып, кызды кармай албай калышкан. Марселла болсо Анатолий Гуз деген жөөт тектүү жигит менен баш кошкон. Күйөөсү Анатолий согушка кеткенде, Марселла ымыркайлуу болчу.

Археолог Юлий Сергеевичтин айтымында, Лубянкада ымыркайы тынымсыз ыйлаган Марселлага тергөөчүнүн боору оруп, анын немис тектүү экендиги жана атасы “эл душманы” болгондугу жөнүндөгү документти тытып салган да, эмчектеги чүрпөсү бар келинди абактан сактап калган.

Ирма Геккер. 1955. Үй-бүлөлүк архивден.
Ирма Геккер. 1955. Үй-бүлөлүк архивден.

1941-жылы сентябрда камакка алынганга чейин Ирма Геккер Москва шаарындагы Көркөм сүрөт академиясын жаңыдан аяктаган, бирок жогорку окуу жайды бүтүргөндүгү тууралуу дипломду колуна ала элек болчу.

Ирма Сибирде абакта кезинде таанышкан жигити – Сергей Худяков өтө оор учурда бул шаардык кызга колдоо көрсөтүп жүрдү. Абакта алар баш кошуп, 1944-жылы Вера аттуу тун кыздуу болушту. (Сталиндик лагерде туулган Вера кийинчерээк атасынын жолун жолдоп, геолог кесибине ээ болгон).

Ирма Геккер менен Сергей Худяковдун ортончу уулу Юлий – энеси лагерден сүргүн жайга чыгарылганда төрөлгөн. Ирма 1948-жылдан кийин тегатын өзгөртүп, Худякова болуп калган.

Ирма Геккер тарткан “Чүрпө менен” аттуу сүрөт. 1951.
Ирма Геккер тарткан “Чүрпө менен” аттуу сүрөт. 1951.

Ирма менен Сергейдин кенжеси Сергей Сергеевич 1950-жылы туулган. Ал кийинчерээк юрист кесибине ээ болуп, Саяногорск шаарынын прокурорунун орун басары кызматына чейин көтөрүлгөн. (1951-жылы “Чүрпө менен” деген бойок сүрөтүндө Ирма кенже уулу Сергейди тарткан).

Ирма 1950-жылдардын экинчи жарымында, Никита Хрущевдун доорундагы сталиндин керт башына сыйынууга каршы өнөктүк маалында толук акталган.

Боштондукка чыккандан кийин Ирманын күйөөсү Сергей Худяков көбүнесе геолог кызматын аркалагандыктан (ал геологиялык чалгын тобунун башчысынын орун басары болгон), Ирма жана балдары аны менен чогуу Сибирдин улам башка аймактарында көчүп-конуп жүрдү. Алар Бурятияда да жашашты.

1960-жылдары Ирма менен Сергей Худяковдор Иркутск шаарынын батышындагы Второй Иркутск чоң кыштагында байырлап турушту. Ошол кезде Ирма Иркутск шаарындагы көркөм сүрөт орто окуу жайында окутуучу болуп да иштеп, сүйүктүү кесибин аркалап калды.

Балдарды тарбиялоодо сталиндик абактык запкыдан эч мүңкүрөбөгөн энеси Ирманын ролу өзгөчө чоң экенин Юлий Сергеевич баса белгилейт. Ирма Юльевна колунан көөрү төгүлгөн уз жана сүрөтчү болчу. Айрым археологдор өз схемаларын жана сүрөттөрүн тарттыруу үчүн атайын сүрөтчүлөрдү жалдоого аргасыз. Ал эми тубаса шыктуу Юлий болсо бала чагынан эле энесин тартып сүрөт жандуу өсүп, кийинчерээк археологиялык табылгаларын кагазга түшүрүүдө «ханга салам бербей» өзүн өзү камсыз кылып жүрдү.

Ирма Геккер тарткан “Жаш археолог” аттуу сүрөт. 1972.
Ирма Геккер тарткан “Жаш археолог” аттуу сүрөт. 1972.

Ирма өз чыгармалары аркылуу да балдарын шыктандырган. Маселен, анын “Жаш археолог” деген 1972-жылкы бойок чыгармасы уулу Юлийге арналган жана анда өз уулунун бейнесин сүймөнчүлүк менен чагылдырган.

Ирма Геккер тарткан “Максимиха” аттуу сүрөт. 1977.
Ирма Геккер тарткан “Максимиха” аттуу сүрөт. 1977.

Ирманын күйөөсү Сергей Худяков 65 жашында капысынан жүрөгүнөн кармап кайтыш болуп, Байкалдын түндүк-батыш жээгинде, Буриятиянын Баргажан (орусча “Баргузин”) ооданына караштуу Максимиха кыштагында, жерге берилген. Бул кыштак тууралуу Ирма кыл калеми менен бир нече бойок сүрөт жараткан. Алардын арасында Байкал жээги, Максимихадагы күүгүм убак тартылган татынакай чыгарма да бар.

Өз өмүрүнүн айрым жылдары Ирма уулу Юлийдикинде жашады, ал эми өмүрүнүн соңку жылдары улуу кызы Вераныкында, Иркутск шаарынан көп алыс эмес Моты кыштагында байырлап турду. Бул кыштак Иркутск облусунун Шелехов ооданына карайт (“моты” сөзү эвенк тилинде “багыш” дегенди туюнтат).

Ирма эне өтө татаал тагдырды баштан кечирди. Кенжеси Сергей 1994-жылы капысынан каза болуп калгандыгы эненин өмүрүн кескин кыскарткандай болду окшойт. Ирма эне ошол эле жылы каза болуп,анын сөөгү Моты кыштагындагы көрүстөндө жерге берилди.

Менимче, жаш чагынан канчалык азап чеккендигине, ГУЛагдын тозогун көргөнүнө карабастан, Ирма эне бактылуу жашады. Уул-кыздары аны капа кылган жок. Балдарынын ортончусу Юлий 1977-жылы Новосибирск шаарында кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоду. «Вооружение енисейских кыргызов VI–XII вв.» («Энесай кыргыздарынын VI–XII кк. курал-жарактары») деп аталган бул оригиналдуу диссертациялык эмгек 1980-жылы «Илим» басмасынын Сибирь бөлүмү тарабынан жарык көрүп, кыргыз таануу илиминдеги бурулуш окуя болуп калды.

Уулу Юлийдин 1986-жылы жарык көргөн “Вооружение средневековых кочевников Южной Сибири и Центральной Азии” (“Түштүк Сибирдеги жана Борбордук Азиядагы орто кылымдардагы көчмөндөрдүн курал-жарактары”) аттуу көлөмдүү монографиясы Евразиядагы аскер өнөрүнүн тарыхын изилдөөдөгү жаңы сөз болуп калды.

Бул жалпылама эмгектин жана башка иликтөөлөрдүн негизинде Юлий 1988-жылы доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргоду. 1991-жылы болсо Орусиянын Жогорку аттестациялоо комиссиясы анын профессордук наамын тастыктады. Ушунун бардыгына күбө болуу – Ирма Юльевна үчүн энелик бакыттын бир бөлүгү болсо керек деп санайм.

Ирма Геккер тарткан “Сайан тоолорундагы күз” аттуу сүрөт. 1975.
Ирма Геккер тарткан “Сайан тоолорундагы күз” аттуу сүрөт. 1975.

Атаганат, эгерде Ирма эне 100 жашка чейин өмүр сүргөн болсо, анда былтыр анын бир кылымдык мааракеси өзүнүн катышуусунда белгиленмек.

Эгерде ал 101ге чыкса, анда быйыл уулу Юлийдин 70 жылдык мааракеси Кыргызстанда расмий белгиленип жаткандыгын, уулуна Кыргызстанда III даражадагы “Манас” ордени жана “Данакер” ордени, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги наамы ыйгарылгандыгын, анын китептери Орусияда гана эмес, дүйнө жүзүндө ар кыл тилдерде (анын ичинде кыргыз тилинде) жарык көрүп жаткандыгын чоң энеге маалымдашмак.

Ирма эне дагы бир маанилүү жагдайга – Орусияда жана КМШда сталиндик тоталитардык системаны жана анын ырайымсыз жазалоо өнөктүгүн ашкерелөө жаатында акыркы чейрек кылымда чоң секирик жасалгандыгына ыраазы болмок, бирок Орусиядагы айрым азыркы скинхеддердин жосунсуз жоруктарына ичи ачышуусу деле ыктымал болчу.

"Ата Бейит" эскерүү жайы, Кыргызстан. 08.11.2012.
"Ата Бейит" эскерүү жайы, Кыргызстан. 08.11.2012.

Ал эми Ирманын атасы Юлий Геккер сыяктуу айдыңдар жана башка инсандар жазыксыз камалган 1930-жылдардагы СССРдеги каргашалуу окуялар быйыл бүткүл дүйнө жүзүндө жаңыча иликтенип, жаңы архивдик маалыматтарга ылайык таразаланууда. Бул жаатта, бирок, соңку чекит быйыл коюлчудай көрүнбөйт. Мурдагы КГБнын көптөгөн пост-советтик жумурияттардагы архивдик маалыматтарын алигиче “кара кулпу” кайтарууда, сталиндик массалык өлтүрүүлөрдүн көптөгөн жайлары алигиче белгисиз кала берүүдө.

Жазыксыз набыт болгондордун арбагын сыйласак – алар тууралуу акыйкат маалыматка жетүүбүз абзел.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG