Линктер

шейшемби, 16-январь, 2018 Бишкек убактысы 13:49

1937: Фотосүрөт эки жүздүү эмес; оңбогондор ‑ аны оңдогондор


Николай Ежов менен Иосиф Сталин чекисттердин мекемесинин 20 жылдык мааракесинде. 20.12.1937.

Мындан 80 жыл илгерки советтик турмушту таасын түшүнүү үчүн ар бир дарекке жаңыча үңүлүү кажет. Кезектеги сөз – Николай Ежов менен байланыштуу сталиндик доордогу бир фото сүрөттүн окуясы жөнүндө болмокчу.

Сүрөт, анын ичинде фотографиялык ыкма менен алынган түрү, өз доорунун турмушунун үзүмүн таасын чагылдырат эмеспи.

Көрсө, сүрөттөр да сүйлөй алышат экен. Болгондо да, андагы кишинин кийимин карагыла, кебете-кешпирин карагыла, кимиси маңкайып, кимиси жагынып, кимиси ойлуу, кимиси жылмайып, кимиси ичинен коркуп турганын көргүлө деп, көрүүчүгө өз алдынча талдоого илинчек калтырышат экен.

СССРдеги тоталитардык коомдун биротоло калыптанышында 1936-39-жылдар өзгөчө мааниге ээ. Дал ушул жылдардагы массалык жазалоолор (“социализм улам илгерилеген сайын коомду улам ашынган эл душмандарынан тазалоолор өнөктүгү”) акыры Советтер Биримдигин Иосиф Сталин деген бир диктатордун колуна салып берген.

Ошол заманда СССРдеги коомдук тейлөөдөгү китептерде (окуу куралдарында, ж.б.), жамаагаттык маалымат каражаттарында Сталиндин режимин даңазалаган гана фото сүрөттөр жарыяланып калган. Албетте, ал ар дайым ыраматылык Лениндин улантуучусу катары каралууга тийиш болгондуктан, В.И.Лениндин да сүрөттөрү, айкелдери жанаша жайнап турган.

Чакан макалабызда бир сүрөттү мисал кылгыбыз келет. Мында Иосиф Сталин өзүнүн оң колу болгон айрым замандаштары, үзөңгүлөш партиялаштары менен Москва-Волга каналынын жээгинде жайбаракат келе жатканы чагылдырылган.

Сүрөт тартылган учур – 1937-жылдын 22-апрели.

Климент Ворошилов, Вячеслав Молотов, Иосиф Сталин жана сол четте Николай Ежов Москва-Волга каналынын жээгинде. 22.4.1937.
Климент Ворошилов, Вячеслав Молотов, Иосиф Сталин жана сол четте Николай Ежов Москва-Волга каналынын жээгинде. 22.4.1937.

СССРдин Коргоо эл комиссары Климент Ефремович Ворошилов (1881—1969), СССРдин Эл Комиссарлар Кеңешинин (Өкмөтүнүн) 1930-1941-жылдардагы төрагасы, 1939-жылдан – бир эле учурда тышкы иштер эл комиссары Вячеслав Михайлович Молотов (туулгандагы тегаты Скрябин; 1890—1986) жана СССРдин Ички иштер эл комиссары, башкы “чекист” Николай Иванович Ежов (1895—1940) ортодо оң колун шинелине салып алган жайдары Иосиф Сталин менен жылуу маанайда баарлашып басып келе жатышат. Бул сүрөт жарыяланган чакта, албетте, андагы көрүнүш өзүнчө эле болшевиктик идиллиядай сезилген.

Мында сол жакта четтерээк басып келе жаткан Николай Ежов болсо 1936-жылдын 26-сентябрынан 1938-жылдын 9-декабрына чейин СССРдин ички иштер эл комиссары кызматын аркалап турганда, ташы улам өргө ыргыган. Ал түгүл 1938-жылы Сталиндин редакторлук кайчысынын негизинде жарык көргөн расмий тарых китебинде – “ВКП(б)нын тарыхы: Кыскача баян” («История ВКП (б). Краткий курс») Ежовду даңазалаган бурмалоо да камтылган. Бул расмий окуу китепке Николай Ежов 1917-жылы октябрда Беларус жергесинде Батыш майдандагы (фронттогу) жоокерлерди болшевиктик көтөрүлүшкө даярдаган деген тастыкталбаган маалымат атайын киргизилген.

(Тарыхты бурмалоо аракеттери кийин деле КПССтин жетекчилиги тарабынан улантылгандыгы маалым. Маселен, маршал Г.К.Жуков өз эскерүүсүн даярдап жаткан чакта, анын эскерүүсүнүн Улуу ата мекендик согуш окуялары чагылдырылган бир жерине согуш маалында аты-жыты Жуковго белгисиз болгон полковник Леонид Брежневдин ысымын кыстарып кошуп коюу “өтүнүчүн” Кремлден шыбышташкандыгын эстесек болот).

"Ежовдун болот мээлейи" оппозицияны муунтууда. Борис Ефимовдун плакаты.
"Ежовдун болот мээлейи" оппозицияны муунтууда. Борис Ефимовдун плакаты.

Карикатурачы Борис Ефимович Ефимовдун (Фридлянд; 1900–2008) ошол доордогу бир плакатында Николай Ежовдун "болот мээлейи" көп баштуу жылаанды муунтуп жатканы чагылдырылган. Мындагы баштары бычыратылган жылаан, албетте, зиновьевчи-бухаринчи топтогулар.

Ал кезде Николай Ежовду Айга жеткире мактаган жана атайын жаздырылган ырлар “сталиндик эл комиссары”, “эл сүймөнчүгү” эпитеттери менен шөкөттөлчү.

Ал түгүл казак акыны Жамбыл Жабаев (1846—1945) да партиялык тапшырмага ылайык Николай Ежов жөнүндө мактап “төккөнү” айтылат.

Акын Жамбыл Жабаевдин айкели. Тараз ш., Казакстан. 07.10.2015.
Акын Жамбыл Жабаевдин айкели. Тараз ш., Казакстан. 07.10.2015.

Жамбыл Жабаевге таандык делген “Эл комиссары Ежов жөнүндө баллада” чыгармасын, чын-чынында, анын атынан котормочу Константин Николаевич Алтайский-Королёв (1902—1978) орусча чүргөп койгон деген да жоромол бар. (Бул “котормочу” деле Ежов маалында “террорчу-контрреволюциячы” катары камакка алынып, 1938—1944, 1946—1954-жылдары ГУЛАГда кармалган). Бул орусча котормо «Пионерская правда» гезитинин 1937-жылдын 20-декабрындагы санында жарык көргөн.

Жамбылга таандык делген дагы бир ырдын орусча котормосунда мындайча айтылат:

Я славлю батыра Ежова, который

Разрыв уничтожил змеиные норы,

Кто встал, недобитым врагам угрожая

На страже страны и ее урожая.

Анын кыргызча сөзмө сөз котормосу:

Ежов деген баатырды даңазалайм,

Жыландын ийнин казып, ойрон кылган.

Калган-каткан кастарга каршы туруп,

Өлкөнү, кырманын да коргоп турган.

Ежовдун керт башына “сыйынуу” күчөгөн тапта, анын ысымы Түндүк Кавказдагы Кубан дарыясынын оң жээгинде жайгашкан шаарга да берилип, аны Ежов-Черкесск деп атап калышкан (Азыркы Орусиянын Карачай-Черкес жумуриятынын борбору Черкесск шаары).

Бул шаар оболу "Баталпашинск" деген ат менен белгилүү болчу жана 1934‑37-жылдары "Сулимов" деп аталып калган. 1937-жылы июнда камалып, ноябрда атууга кеткен РСФСР Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы Даниил Егорович Сулимов (1890/91—1937) "ежовдук мээлейдин" курмандыгына айланган соң, бул шаар "Ежов-Черкесск" деген аталышка көчкөн. 1939-жылдан, Ежов абакта жаткандан тартып азыркыга чейин шаар “Черкесск” деп аталып келет.

1937-жылдын 17-июлунда Николай Ежов “Ички иштер эл комиссариятынын органдарынын өкмөттүк тапшырмаларды аткаруусуна жетекчилик жүргүзүү жаатындагы айрыкча ийгиликтери үчүн” Ленин ордени менен сыйланган. Албетте, тапшырма "мыкты" деңгээлде аткарылып, “лениндик эски гвардияга” кирген коомдук ишмерлердин басымдуу бөлүгү жок кылынган. Ал түгүл чет мамлекеттерде да чекист тыңчылар Сталиндин оппозициясынын качып кетүүгө үлгүргөн өкүлдөрүнүн жана айрым антисоветтик ишмерлердин көзүн тазалоо үчүн жойлоп жүрүшкөн.

Бирок бир диктатор бүт империяны өз билгениндей башкарган кырдаалда жогорку тепкичтеги төбөлдөрдүн тагдыры дайыма кылыч мизинде тураары бышык эмеспи.

Андан ары, 1938-жылдын күзүндө, Николай Ежовду саат басты. Балким, аны эмес, ага буйрук берген “көсөмдү” саат баскандыр?

Айтор, Николай Иванович Ежовдун миллиондогон советтик кишилерди бейкүнөө абактарга салган, сүргүнгө айдаган же үчтүктүн чечимине таянып аттырган залимдик иштери Кремлдин жеке басар кожоюнун канааттандырган эместей. Ежов бир чагымдын айынан кызматынан шыпырылып, акыры 1939-жылы 10-апрелде камакка алынган. Ага өзүнүн да чачы тик турган “мамлекеттик төңкөрүш даярдай баштаган” деген доо таңууланган.

Өзү миллиондогон кишилерге салган капканга ошентип Ежов өзү түшүп, 1940-жылы 3-февралда СССР Жогорку Сотунун Аскердик коллегиясы аны өлүм жазасына өкүм кылды жана эртеси эле бул өкүм жүзөгө ашырылды.

Эми Иосиф Сталиндин Ежов менен түшкөн сүрөттөрүн эмне кылуу керек?

Албетте, кайра редакциялоо керек. Ежовду мактаган макалалар жана чыгармалар чыгарылган басылмаларды жалпы калайыкка берүүгө бөгөт коюу керек. Жамбыл Жабаев аксакалга жана башкаларга мындан ары Ежовду ырга кошпо деп эскертүү керек.

Цензорлор үчүн иш – чачтан көп болду. Акыры, жогорудагы сүрөт мындайча редакцияланды.

К.Ворошилов, В.Молотов жана И.Сталин Москва-Волга каналынын жээгинде. Мында Н.Ежовдун элеси эч жиги билинбегендей өчүрүлүп салынган. 1940-жылдан тартып колдонулган вариант.
К.Ворошилов, В.Молотов жана И.Сталин Москва-Волга каналынын жээгинде. Мында Н.Ежовдун элеси эч жиги билинбегендей өчүрүлүп салынган. 1940-жылдан тартып колдонулган вариант.

Ооба, бул фотодо эми "темир тырмактуу" Николай Ежов жок. Анын элеси диктатордун “цензордук парманы менен” бууланып жоголуп кетти.

Сүрөттө Москва – Волга каналы мурдагыдай эле ордунда турат; сүрөттө далай атаандаштарын ГУЛАГга айдаткан коргоо министри, аскер башчы Климент Ворошилов мурдагысындай эле бар; 1939-жылы 23-августта нацисттик Германиянын тышкы иштер министри Иоахим фон Риббентроп менен келишимге жана тиркеме катары берилген жашыруун протоколго кол койгон тышкы иштер эл комиссары Вячеслав Молотов деле мында турат; жылмайып басып келе жаткан Иосиф Сталин мурдагысындай эле сүрөттүн борборунда турат; бирок мурдагы, б.а. түп нускадагы сүрөттө Сталиндин сол жагында каналдын тосмосуна жакын жээктеп басып келе жаткан жолдош Николай Ежов – эми эч бир жерде жок! Бээ көрдүңбү? Жок! Төө көрдүңбү? Жок!

Бирок ал тарыхта чынында эле болгон да, жашаган да, ошол сүрөттө деле Сталинди жандап келген да?

1998-жылы пост-советтик Орусиянын Жогорку Сотунун Аскердик коллегиясы Николай Ежовдун ишин кайра карап, аны актоого болбойт деген бүтүмүн чыгарганда, Ежовдун түздөн-түз буйруктарына ылайык СССРде 1937—1938-жылдардын ичинде эле СССР Ички иштер эл комиссариятынын кызматкерлери тарабынан 1,5 миллион киши репрессияга дуушарланып, алардын жарымдайы атууга кеткени белгиленген. Бул цифра өтө азайтылган болушу мүмкүн деп жоромол кылынууда.

Чын-чынында, бул сот бүтүмү жалпы сталинизмге карата чыгарылган тарыхый баанын бир гана бөлүгү катары каралса болот.

Ал эми дүйнөлүк жана советтик тарыхта орун алган "ала кушту дайыма өз атынан аташ" үчүн, алиги 1937-жылкы сүрөттү гана эмес, анын кийинчерээк оңдолгон вариантын да окуу китептерге жанаша коюп жарыялоо зарыл.

Мындай турум ошол кандуу жылдардын атмосферасын, андагы сталиндик бийликтин чыныгы жүзүн, коомдун карапайым мүчөлөрүн малга теңеген, калайыкка режимге ылайык “чындыкты” гана чымчып берген коммунисттик диктатуралык цензуранын залимдигин жана каратып туруп көз будамайлоочу эки жүздүүлүгүн калыс баалоого өбөлгө болмокчу.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG