Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:09

XX кылымдагы кыргыздын залкар акыны Аалы Токомбаев (Балка; 1904‑1988) мындан 80 жыл илгери сталиндик куугунтукка кабылган айдыңдардын бири болгон. Анын тагдырынын абактагы барактарын калайыкка ачып берген алгачкы китеби – “Момия” ырлар жыйнагы 1970-жылдары сатыктан алынып салынган.

Эл акыны жана “Момия”

XX кылымдагы кыргыз совет акындарынын көйкашкасы - Аалы Токомбай уулу (Токомбаев; адабий аты “Балка”; 1904‑1988) . Аалы - сарыбагыш уруусунун тыныбек уругуна таандык болгон жана Чоң-Кеминди жердеген калмакы уулдарынан чыккан Өтөгөндүн небереси, Шербото баатырдын чөбөрөсү, Итигулдун кыбырасы эле. Итигулдун атасы Ажыгул Тыныбек уулу ойроттор менен салгылашууда туткунга түшүп, 15 жылдан соң аман качып келген (айтылуу казак ханы Абылай деле ойроттордо туткунда болгону маалым).

Аалы өзү Токомбай деген кедей дыйкандын үй-бүлөсүнөн чыккандыгын советтик идеологияга ылайыктап жазып келди. Бирок Токомбайдын чоң атасы Шербото баатыр эл мыктыларынан эле.

Токомбай Итигул уулу эрте жетим калган, бирок ага туугандары тийешелүү үлүш бөлүп беришкен. Демек, ал деле оокаттуу болгон. Акындын кызы жана окумуштуу Тамара Алиевна Токомбаеванын эскерүүсүнө караганда, Токомбайдын көктүгүнөн жана өжөрлүгүнөн улам, аны "Сары-хан" деп тергеп атап коюшчу экен. Демек, Аалынын үй-бүлөсү 1916-жылдагы боштондук көтөрүлүш жеңилген соң, Улуу Үркүндө мукурап, кескин жакырлашкан мурдагы тың оокаттуулардын биринендир?

Аалы Токомбаев 1922-жылы Ташкен шаарындагы советтик партиялык мектепте, андан соң 1923–1927-жылдары В.И.Ленин атындагы Борбор Азиялык Коммунисттик университетте (САКУ) таалим алгандыгын совет доорундагы окуу китептерден жана расмий биографиялык маалыматтардан жакшы билчүбүз.

Дал ошол 1922-24-жылдары андан улуураак кыргыз айдыңдары алгачкы кыргыз совет мамлекеттүүлүгү үчүн күрөшүп, анын ичинде кыргыз совет мезгилдүү басылмасын түптөө жаатында иш-аракет кылып жатышкан. 1924-жылы 7-ноябрда Ташкенде кыргыз тилинде чыккан туңгуч гезитибиз “Эркин Тоонун” алгачкы санындагы макалалардын арасында ошол дасыккан агартуучулар жана “басмачылар” (кыргыз тилинде советтик басма ишинин түптөөчүлөрү; алардын арасында 1900-жылы туулуп, 1937-жылы сталиндик жазалоонун курмандыгы болгон Сыдык Карачев, ж.б. бар) өз чыгармаларын эмес, студент Аалы Токомбаевдин Өктөбүр ыңкылабы тууралуу “Өктөбүрдүн келген кези” аттуу ырын жарыялашкан.

Андан соң акын Аалы Токомбаев кыргыз адабиятында даңканы таш жарган жаш өкүлдөрдөн болду. 1934-жылы анын ырынын алгач басылышынын он жылдыгы да Кыргыз АССРинде айрыкча белгиленген. Аалы 1934–1949-жылдары Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин башкармалыгынын төрагасы да болуп иштеген.

Бул сыйда кеткен биографиялык маалыматтарды совет доорунда таалим алган мектеп окуучулары улам-улам жаттап, ар кандай сынактарга даяр болуп турчу.

Бирок болшевикчил акын Аалынын өзү 1937-жылдын ноябрынан (жетинин айынан) 1939-жылдын июнь (кулжа) айына чейин камакта болуп, ага чейин чыккан бардык китептери жок кылынгандыгы сталиндик жана хрущевдик доорлордо улуу акындын цензурадан өткөрүлгөн эч бир биографиялык маалыматында чагылдырылган эмес. Анын камакта болушу жөнүндөгү ой совет мектебинде таалим алган жаш балдардын түшүнө да кирмек эмес!

Ал эми бул акыйкат окуяларды мыкты билген улуу муундун өкүлдөрү чындык чыркыраса да, ачык айта алышпаган чакта пайда болгон ачуу ыза катылган шилекейин жутуп коюп, акыры “турмуш жакшылыкка өзгөрөөр” деген тилек менен күн өткөргөн сыяктанат.

1950-жылдардын экинчи жарымында – 1960-жылдардын ортосунда орус совет адабиятында кыймыл башталып, сталиндик тоталитардык доор акырындап ашкереленип киргенде, кыргыз адабиятчылары да ордунан саал түйшөлдү.

Алардын арасында, туурасын айтканда, алдыңкы сабында, Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов менен катар Аалы Токомбаев да турду.

Аалы Токомбаев өзүнүн 1937‑1939-жылдары абакта жатканда жазган ырлары камтылган “Момия” деген ыр жыйнакты окурмандарына белек кылды (Караңыз: Токомбаев Аалы. (Балка). Момия. Ырлар, дастандар, бир шилтемдер (1963-1969). - Фрунзе: Кыргызстан, 1970. - 384 бет. 5000 нуска. - Редактор Турар Кожомбердиев. Терүүгө 29.6.1970-ж. берилди. Басууга 17.9.1970-ж. кол коюлду).

Бул китеп дароо эле окурмандар күндүз да чырак менен издеп таба алгыс сейрек китептердин катарына кирди, анткени ал кездеги кыргыз коммунист цензорлор бул китеп жаатында өзгөчө “сактык” көрсөтүшкөн. "Момия" жыйнагы көп узабай сатыктан алынып салынды жана китепканалардагы ачык колдонуудагы китеп текчелерден кайра жыйналды.

Бирок телеграммадан да тез таркаган “узун кулак” кеп аркылуу "Момиянын" далай нускаларын карапайым калайык өз үйлөрүндө катып алып, табериктей бапестеп сактап окуп жүрдү. (Китепти же кол жазманы катып окуу салты кыргыздарда совет доорунда жакшы өздөштүрүлгөн. Айтылуу Арстанбектин, Молдо Нияздын, Казыбек Мамбетимин уулунун, Мидиндин, Райкандын ж.б. ал кезде эч китепке киргизилбес ырлары, академик Түгөлбай Сыдыкбековдун 1980-жылдары Эне-Сай Кыргыз каганатынын тарыхы боюнча бийликтегилерге каяша кылган каты, ж.у.с. чыгармалар калк арасында тымызын жайылтылган учурлар муну далилдейт).

Ошол доордо китептин тагдырынын чечилишине күбө болгондордун бири ‑ Жумагүл Нусупова 1970-1980-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин маданият бөлүмүнүн башчысы болгон. Ал жетекчи айым Аалынын "Момиясын" коргоо үчүн эмне деп жүйөө айта алды экен? Деги, бул китепти коргоого ал ынтаа кылдыбы? Бул суроонун жообу мага белгисиз. Бирок ал өз эскерүүсүндө мындайча баян кылат:

“Мен бөлүм башчы болуп шайлангандан (дайындалгандан? – Т.Ч.) көп өтпөй эле Эл акыны Аалы Токомбаевдин “Момия” деген китебинин жаңжалы чыкты. Көрсө, А.Токомбаев 1937-жылы түрмөдө жатканда жазгандарын жыйнап, аны тергөөчүлөрдүн ургандарын, сабагандарын кошуп китеп кылып чыгарып жибериптир. БКдагылар Токомбаев Эл акыны, академик болсо, анан анын китебинде кайсыл бир тергөөчү урду деп жазганы социалисттик коомду маскаралагандык деп эле жатып калышты. Анда Токтоболот Абдымомунов жазуучулар союзунун жетекчиси эле, ага да сөз тийди. Ага чейин коммунисттик идеологияга ылайык келбейт делинип, Түгөлбай Сыдыкбековдун “Адамдарга кайрылуу” деген китебинин нускалары жыйналып алынып жок кылынган экен. Аалы Токомбаевдин иши БКнын бюросунда каралып, ага эскертүү берилди...”

(Булак: Дүйшөнбаев, Папан. Мен эл үчүн алтымыш эки жыл иштегендигиме сыймыктанам: Жумагүл Нусупованын дил баянынан // Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат. – 2015. 11-март. – № 9-10 (81). 8-9-бб.)

Бул "жаңжалды" териштирүүнүн соңунда "Момиянын" редактору, акын Турар Кожомбердиевге сөгүш жарыяланып, басманын бөлүм башчысы Сулайман Маймулов кызматтан алынган экен.

Аалынын “Момия” китебинин 1970-жылы мындайча “жазаланышы” кыргыз совет айдыңдарынын 1930-жылдардагы репрессиялар жөнүндө ачык айтуу аракетин дээрлик 18 жылга кечеңдетти. Арийне, мурдагы сталиндик доордо запкы көргөн инсандар жөнүндө жылуу сөз айтуу аракеттери ар кандай ыкмалар менен жүзөгө ашырылды деңизчи.

(Удулу келип турганда бир мисалды айта кетелик: азыркы таптагы чыгаан журналист Эсенбай Нурушев агайыбыз сталинчил доордо жазыксыз репрессияланган залкар агартуучу Эшенаалы Арабай уулу тууралуу учкай эскерилген мааракелик макала 1984-жылы ноябрда "Советтик Кыргызстан" гезитине жарыяланып кетип, цензорлор тарабынан чоң чуу чыгарылып, бирок айдыңдар бул улуу агартуучуну ачык жактагандыгы жөнүндө эскерип калат. - Караңыз: Э.Нурушев. Раззаковдун кадры // Кыргыз Туусу. – 06.09.2013.).

“Момия” китебиндеги абактагы ырлардын идеяларынын айрымдарын орус тилине которууда "чапанын алмаштырып" сактап калышкан. Акындын мурдагы келини, көрүнүктүү акын жана котормочу Светлана Суслова (мурдагы тегаты – Токомбаева) таасын эскергендей, 1970-жылы кыргызчасы тыюу салынган бул ырларга жаңы өмүр берүү үчүн алардын котормолорун “Абактагы ырлар” деп атабастан, “Оорукананын керебетиндеги ырлар” деп “жаңы тон жаап” аташып, орусча жарыялашкан.

Аңкоо эместер аңдап ала тургандай “из” – бул ырдын астындагы ал ыр жазылган жылдын көрсөткүчү болду. Ушинтип, Аалы Токомбаевдин мурдагы абак ырлары орусча котормодо дал ушундайча чеберчилик менен жымсалданган түрдө эч цензордун каршылыгы жок бир нече ирет жарык көрдү («Древо». – Фрунзе: Кыргосиздат, 1978; "Надежда". – Фрунзе: Издательство "Мектеп", 1980; «Мастер». – Москва: Издательство «Советский писатель», 1982; «Избранное». – Москва: Издательство «Художественная литература», 1984).

(Шилтеме: Суслова С.Г. Истоки бессмертия: К 100-летию Народного поэта Кыргызстана Аалы Токомбаева).

Эл акыны Аалынын деңгээлиндеги кишилер да коммунисттик цензуранын бөгөтүн айла-амал менен жиреп же айланып өтүүгө аргасыз болгондугу ушул чакан мисалдан эле айгинеленент.

Бирок бул дагы жарым чындыкка тете эле. Дагы бир ирет баса белгилесек, Советтер Биримдиги ойрон болгонго чейинки Кыргызстандагы расмий жарыяланган окуу китептеринин эч биринде Аалы Токомбаевдин абакта отургандыгы тууралуу таасын маалымат айтылган эмес.

Аалынын абактагы учурунун күбөлөрү

Акын Аалы Токомбаев 1937-жылы жалган жалаа менен камалганда, ага тагылган айыптар тууралуу документтин көчүрмөсү азыркы тапта Бишкек шаарындагы (С.Чуйков көчөсү, № 109; И.Раззаков көчөсү менен Эркиндик гүлбагынын ортосунда) Аалы Токомбаевдин үй-музейинде сакталып турат.

Анда Кыргыз ССРинин Ички иштер эл комиссариятынын мамлекеттик коопсуздук башкармалыгынын 4-бөлүмүнүн 4-бөлүмчөсүнүн оперативдүү ыйгарым укуктуу өкүлү (“оперуполномоченный 4-го Отделения 4-го Отдела УГБ НКВД Кир.ССР”), тергөөчү Мурзаханов жазган даректүү материал бар.

№ 4700 иш кагазынын материалдары, Мурзахановдун тыянагында, "Аалы Токомбаевдин “СТП” (Социал-Туран партиясы) деп аталган контрреволюциялык улутчул уюмдун жигердүү мүчөсү болгондугун ашкереледи". Бул уюм болсо “Кыргызстанда Кеңеш бийлигин кулатып, ордуна капиталисттик өлкөлөрүнүн биринин көлөкөсү астында буржуазиялык-улутчул мамлекет курууну көздөгөн”.

Албетте, Аалы Токомбаевдин "эл душманы" катары түздөн-түз милдети да болушу керек эле да? Мурзахановдун чүргөмөсүндө СТПнын жетекчилигинин “тапшырмасына ылайык, Токомбаев, Кыргызстан Советтик жазуучулар биримдигинин төрагасы кызматын аркалап жатып, идеологиялык майданда контрреволюциячыл бүлдүргүч зыяндуу иш-аракетти жүзөгө ашырган” имиш. Сталинчи тергөөчү улуу акынга “өз чыгармалары аркылуу буржуазиялык-улутчул идеологияны жактаган, эл душмандарын мактап-жактаган” деген да доо койгон.

Бул доолор да аздык кылды дегенсип, Мурзаханов Аалы Токомбаевди “Жапониянын кызыкчылыгы үчүн тыңчылык (“шпиондук”) иш-аракет менен алектенген” деген да доого такайт.

Ал кезде Кыргыз ССРи жаңыдан түзүлгөн менен, жумурияттын өзүнүн Кылмыш кодекси кабыл алына элек болчу. Ошондуктан тергөөчү Мурзаханов чүргөгөн жана анын бөлүм башчысы, чекисттердин лейтенанты Сорокин тастыктаган токтомдо акын Аалы Токомбаевге РСФСРдин Кылмыш кодексиндеги беренелерге (№ 58-4, 58-6, 58-7, 58-10, биринчи бөлүм жана № 58-11) ылайык айыптар тагылган

Албетте, миллиондогон кишилерди дээрлик бирдей айып менен, койондой окшош калыпка салынып, жүз миңдеп көбөйтүлгөн ойдон чыгарылган доолор менен жазалап жаткан сталиндик режим үчүн Аалы Токомбаевге карата коюлган айыптар жаңы эмес болчу. Бирок мындай айыптардын жаңы эместигинен тергөөчүлөр уялып да коюшкан жок, себеби алар "өтө коркунучтуу бир массалык мокочо уюмдун кезектеги өкүлүн - куйтуланып жүргөн нагыз эл душманын камап жатабыз" деп “жогорку жакка” баяндап турушкан.

Кыргыз ССРинин туңгуч герби (кыргызча тексти латын арибинде). 1937.
Кыргыз ССРинин туңгуч герби (кыргызча тексти латын арибинде). 1937.

Албетте, акын Аалыны “улутчул” катары кароого “негиз болчу” жагдайлар көп эле. Ал кыргыз улуттук адабиятын жаңы сереге көтөрүүгө жекече салым кошту. Ал кыргыз жазуучуларынын туңгуч басылмасы болгон “Чабуул” (азыркы таптагы “Ала Тоо”) журналынын алгачкы редактору болгон. Ал совет доорунда үч жолу тыюу салынып, кайра редакцияланып чыккан “Кандуу жылдар” ыр романы аркылуу 1916-жылкы улуттук боштондук күрөштү даңазалаган (бул чыгарманын алгачкы варианты 1935-жылы жазылган).

Аалы Токомбаев Кыргыз ССРинин жаңы түзүлө баштаган Баш мыйзамынын (Конституциясынын) долбооруна “кыргыз тили – мамлекеттик тил болсун” деген беренени киргизүүнү сунуштаган. Булардын бардыгы ‑ анын улут үчүн кам көргөн коомдук ишмер инсан экендигин, демек, "улутчул" экенин тастыктайт.

Өзүнө коюлган айыптардын анча-мынчасын ур-токмок учурунда мойнуна алууга аргасыз болгон, бирок кийин бардыгын четке каккан акын Аалы Токомбай уулу бул тагылган айыптардын айрымдарын абак ырларында (“Момия” китебине алгач кирген ырларынын биринде) келеке кылат:

"Ышмыян дейт, ышмыяны эмине?

С.Т.П. дейт, с.т.п.сы эмине?

Кыйналганда "ышмыянмын" деп койдум,

Кылкындырып ургандардын бирине.

Жалынганды билбей турган ит экен,

Тилдегенден башка кирбейт тилине".

(Бул ырдагы "С.Т.П." сөзү - Социал-Туран партиясы дегенди туюнтат. "Ышмыян" деген сөз менен акын Аалы "шпион" ("тыңчы") сөзүн кыргызчалатып, өзүн кыйнаган сабатсыз жазалоочуларды келекелеп айткан).

Бул ырда акын өзүн уруп-сабаган кишинин атын жазбаса да, мындагы тергөөчү ‑ алиги Мурзаханов болсо керек деп жоромолдоо кыйын эмес.

Аалы Токомбай уулу менен кошо абакта жаткан Досалы Туратбеков аксакал кийинчерээк эскергендей, бир жолу түрмөчүлөр алардын камерасына бүт денеси жанчылган кишини таштап кетишкен экен. Ал ордунан эч козголо албагандыктан, аны өлүп калган го деп да түкшүмөлдөшүптүр. Бир казак карыя ага суу чачса, берки эч кыймылдабаптыр. Бир канча убакыттан кийин гана ал киши онтоп жибергенде, алигиче тирүү экенин аңдашыптыр. Акыры алиги киши башын көтөрүп, суу сураган экен. Ошондо анын Аалы Токомбаев экенин таанып жатышпайбы!

Аалы Токомбаев абакта да ыр жазуусун токтоткон эмес. Ыр – анын инсандык күрөшүнүн албарс кылычы болгон.

Ал айрым ырларын тамеки чекчүлөрдүн кагазына эптеп карандаш менен чиймелеген. Аны менен чогуу абакта болгон А.Жаналиев эскергендей, абактагыларды короого кыска мөөнөттүк сейилге алып чыкканда, Аалыке кайтаруучуларга билдирбей ыр саптары жазылган тамеки кагазын жерге таштап койчу экен. Аны көтөрүп алып, башка абактагылар, ал түгүл айтыр түрмө кайтаруучулардан бери, Аалынын ырларын жатка айтып, бири-бирине таратышчу экен. Айрым ырлар сырттагыларга да жайылыптыр. Балким, акын Аалы “өзүм өлүп калсам, жок дегенде анча-мынча тирүү чыккандар бул ырларымды элге жеткирээр” деген үмүттө болгондур?

Айрым ырларын акын Аалы өзү унутуп калганда, башка абакта чогуу жүргөндөр эркиндикке чыккан соң кайра өзүнө эскертип, жазып же жатка айтып беришкен. Кайсы бир ырын эл зазуучусу Шүкүрбек Бейшеналиев абакка жатып чыккан бир колхоз башкармасынын төрагасынан курортто жүрүп жазып алып, Аалыкеге тапшырган экен.

Аалы Токомбаев сүрөт да тарта билген. Байпагынын жибин чубап алып, абактагы жамынчынын келкисине Пушкиндин, Лениндин сүрөттөрүн, ырлардын тексттерин сайган. Бул сүрөттөрдүн айрымдарын Касым Нигматуллин жана башка кишилер абактан өздөрү менен кошо боштондук дүйнөсүнө алып чыгып кетишкен экен.

Акын жаштайында Улуу Үркүндүн азап-тозогуна күбө болду. Эми, минтип, 33-35 жашында өзү кубаттаган Кеңеш өкмөтүнүн абагына жазыксыз тыгылып отургандыгы аны өзгөчө капаланткан.

“О, боштондук, кадырыңды билбепмин,

Түшүнбөпмүн кыйындыгын илдеттин.

Жазыгы жок, жанга тийген ооруга

Кадимкидей ак болсом да кирдепмин.

О, акыйкат, бир жылмайып кучактап

Сууруп алчы, тикенегин илдеттин!” – деп акын жүрөгү өрт болуп жазган ушул сыяктуу ырларын абактагыларга таркатат.

Өзү менен кошо абакта жаткан болочокку академик Ыйса Коной уулу Ахунбаевге “тергөөчүнүн кыйноосуна сынбагын, акыйкат үчүн туруштук кыл” деген мааниде атайын ыр саптарын арнайт.

Дагы бир замандашы Жумаалы Турсун уулу да эки жылдай Аалы Токомбаев менен бир камерада отурган экен. Акын Аалы бир кездеги камералашы Жумаалы аксакалга арналган "Атбашылык курдашка" аттуу ырын "Момия" жыйнагына киргизгенин журналист Эсенбай Нурушев белгилейт. Жумаалы Турсун уулу (көрүнүктүү журналист Жаныбек Турсуновдун атасы) “Сталинге арызданам” деп жатып, акыры акталып чыкканы айтылат.

Акын Аалы абакта жүрүп маалымат эркиндигин өзгөчө эңсеген. Бул анын төмөнкү ыр саптарынан эле айгинеленет:

“Адамдын сырын айткызар,

Аппарат болсо сырдашкан.

Кубанар эле адамзат,

Кокустан туткун кылбастан.

Ошондой аспап жогунан,

Отурам тордо жылбастан.

Мыжыккан менен кыл чыкпайт,

Миң суроо чыгат бир баштан”.

Бул ыр саптарындагы “сырдашкан аппарат” – абак чеги менен бөгөттөлбөгөн маалымат куралы - азыркы күндө интернеттеги коомдук тармактар сыяктуу эркин каражаттарга окшоп кетет (азыркы тапта демократиялык өлкөлөрдө абактагылар интернет аркылуу тышкы дүйнө менен байланыша алышат; ал эми авторитардык жана диктатуралык мамлекеттерде интернет абактын тышындагы атуулдар үчүн деле чектөөгө алынган эмеспи).

Боштондук сыры жана тарыхы – миң кырдуу

Негизи, Аалынын жана башка абакта чогуу болгон айрым замандаштарынын 1939-жылы боштондукка чыгышына Ягода, Ежов сыяктуу сталинчилердин өздөрүнүн тоталитардык машиненин колунан жазаланышы, Иосиф Сталиндин өзүнүн 1939-жылдагы ички жана тышкы саясий кырдаалда массалык жазалоолор толкунун басаңдатууга аргасыз болушу сыяктуу жагдайлар таасир тийгизгенин белгилөө керек.

Айрым калемгерлер ойлогондой, бул сыяктуу толук актоолор же шарттуу бошотуулар ‑ Сталиндин кайрымдуулугунун же адилеттүүлүгүнүн мөмөсү эмес, тескерисинче, бардык тармактардагы (илим-билим, адабият, маданият, өнөр жай, айыл чарбасы, аскер иши, ж.б.) көптөгөн мыкты кесипкөйлөрдү кырып алгандан кийинки советтик жазалоочу машиненин “ынтыгып калышынан” улам болгон. Бери дегенде 12,5 миллион киши сталиндик жазалоолорго кабылган (айрым изилдөөчүлөр мындан да көп санды айтып жүрүшөт). Өзүнө жеткен кээ бир ырайым сурап кат жазган кайрылууларга Сталин мерездик менен терс мамиле кылган учурлар деле арбын.

Ал эми Кыргыз Эл акыны Аалы Токомбай уулунун чыгармачыл мурасынын толук эркиндикке жетиши ал кайтыш болгондон көп узабай, 1991-жылы Кыргыз Республикасы мамлекеттик эгемендикке жетишкен соң гана жүзөгө ашты.

Кыргызстандагы бул жаңы кезең – мамлекеттик эгемендик доору гана болуп чектелбестен, андагы атуулдардын эркиндиги, коммунисттик цензуранын биротоло ойрон болушу, көз караштардын ар түрдүүлүгүнүн камсыз кылынышы жүзөгө ашкан демократиялык доордун башаты.

Азыр да кыргыз эли демократиялык баалуулуктардын салтанаты үчүн күрөшүп келет. Буга 1989-91-жылдардагы эгемендик жана демократия үчүн күрөштөр, XXI кылымдын башындагы Аксы окуялары, 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы кош элдик ыңкылап далил.

Аалы Токомбаевдин абактагы ыр саптарынын биринде:

“Аскадан мөңкүп түшкөн

Сымаптай башатты сагындым, <…>

Өрүштүү өлкөмдөгү,

Таалайды, азатты сагындым!” - деп айтылат.

Кыргыз Эл акыны Аалы Токомбаевдин (1904-1988) айкели. Бишкек ш. 16.02.2017.
Кыргыз Эл акыны Аалы Токомбаевдин (1904-1988) айкели. Бишкек ш. 16.02.2017.

Кыргызстандын борбор шаарынын чордонунда залкар акын Аалы Токомбай уулунун айкели тургузулган.

Анын жанынан өткөн жаш муундар бул улуу инсан да 1937-39-жылдары сталиндик абакта жатканына карабастан, эрки эч майышпай, ырлары аркылуу азаттык үчүн таймашкан жана кыргыз элинин жаркын келечеги үчүн өмүр бою чыгармачыл ишмердигин жүргүзгөн залкар бабабыз болгонун эми айкын билишет.

Аалы Токомбай уулу атабыз сагынган (көксөгөн) азаттык эми кыргыз улутуна чындап келди. Бирок бул азаттыкты барктап-баалап, болочокко сактап өткөрүү үчүн бабаларыбыздын өмүр таржымакалын, элибиздин өтмүш тарыхын калыс жана ар тараптуу үйрөнүүбүз кажет.

P.S.

* Момия – кыргыздар байыртадан дарылык үчүн, өзгөчө сыныктан айыктырууда колдонгон заттын аталышы (аны соңку адабиятта “мумия, момуя” деп да жүрүшөт). “Манас” дастанында да “Буту-колу сынганга // Момия дары издешип,” деген сыяктуу саптар бар. Азыркы тапта Кыргызстан момия дарысын экспортко чыгарып келет.

** Бул чакан макалада Аалы Токомбаевдин 1980-жылдардагы “Манас” дастаны, “ата мекен” сөзү тууралуу талаш-тартыштуу пикирлерине токтолуп отурган жокпуз. ​

"Эгер өмүр бизден кетсе,

Эл эмгектен эскерсин", -

деп Аалы Токомбаев таасын жазгандай, анын мурасы көөнөргүс экенин мезгил өзү тастыктоодо.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG