Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:51

ААЛЫ ТОКОМБАЕВДИ ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ ӨТӨТ


Бүгүн Аалы Токомбаевдин мемориялдык үй музейинде маркумдун 103 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөт. Кечеде жаш калемгерлер чыгармаларын окушуп, баарлашуулар болот.

-7-ноябрь Аалы Токомбаевдин туулган күнү. Мына ушул датага карата жыл сайын маркумдун жакындары ар кандай иш-чараларды уюштуруп келет. Бул жолу да салтты бузбай, эскерүү кечесин жаш калемгерлердин катышуусунда өткөрүүнү чечтик. Ал эми ал акын-жазуучулар Чынгыз Айтматов фонду уюштурган жайкы мектептин катышуучулары -деп билдирди кеченин уюштуруучуларынын бири Талант Жолдошбеков.

Аалы Токомбаевдин үй музейи 1996-жылдан тарта иштейт. Анда мемориалдык жана экспозициялык бөлмөлөр орун алып, келген көрүүчүлөр акын тууралуу толук маалымат ала алышат. Музейдин жетекчиси, маркумдун кызы Тамара Токомбаеванын айтуусунда негизги көрүүчүлөр бул мектеп окуучулары.

1991-жылы маркумдун уул-кыздары тарабынан Аалы Токомбаев атындагы фонд уюшулуп, акындын атын өчүрбөй, ырларын жайылтуу максатында ыр-жыйнактарын чыгарышып, анын шакирттери менен жаш калемгерлерди чогултуп, адабий кечелерди, жана башка бир катар маданий иш-чараларды уюштурушкан. Ал эми мындан эки жыл мурда Аалы Токомбаев атындагы сыйлыкты негиздешип, аны эл акыны Майрамкан Абылкасымовага ыйгарышкан.

-Мен жаш кезимден Аалы Токомбаевден тажрыйба алып, көп нерселерди үйрөндүм, менин ийгиликтериме анын таасири чоң. Андыктан сыйлыкты алганда өзүмдү бактылуу сездим дейт,- Майрамкан Абылкасымова.

Ал эми бул сыйлыктын экинчи ээси бир эле акын-жазуучулар эмес, башка тармактын да өкүлдөрү болуп калышы мүмкүн.

-Балким журналисттерге, акындын ырларын башка тилдерге которгон котормочуларга же болбосо жаш калемгерлерге ыйгарсакпы деп ойлоп жатабыз,- деп билдирди Тамара Токомбаева.

Аалы Токомбаев атындагы фонд 2009-жылы маркумдун 105-жылдык мааракесин өткөрүүнү ниет кылууда. Мына ошондо сыйлыктын экинчи лауреаты аныкталмакчы.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG