Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:15

1991-2016: Бабалардын көтөрүлүшүн жана Улуу Үркүндүн курмандыктарын эскерүү: Сүрөт баян

2016-жылдын баш оона жана аяк оона айларында кыргызстандыктар 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына жана Улуу Үркүнгө арналган эскерүү жөрөлгөлөрүн өткөрүүнү улантышты. Мындай чаралар алдыдагы айларда да өткөрүлөт.

Баш оона (август) жана аяк оона (сентябр) айларында кыргызстандыктар 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына арналган эскерүү жөрөлгөлөрүн өткөрүүнү улантышты.
Баш оона айынын 5инде “Өмүр көчү-100” автожүрүшү, 9унда болсо - тегерек үстөл жыйыны өткөрүлдү.
Аяк оонанын 2синде Бишкектин түштүк-чыгышында Чоң-Таш айылынан жакын жерде жайгашкан “Ата-Бейит” эстутум комплексинде 1916-жылкы окуялар маалында шейит кеткен бабаларга арналган жаңы эстеликтин ачылыш аземи болду.
Ал эми аяк оонанын 17синде Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев жана Орусиянын президенти Владимир Путин да дал ушул эстеликке гүл коюп, таазим кылган мамлекет жана өкмөт башчыларынын алдыңкы сабында жүрүштү.
Кыргыз эли жана бийлиги падышалык Орусияга каршы мындан жүз жыл илгерки даңазалуу көтөрүлүштүн мааракесин белгилөө жана кайгылуу Улуу Үркүндү эл аралык деңгээлде эскерүү үчүн саясий эрк көрсөтө алды.

16x9 Image

Тынчтыкбек Чоротегин

Борбордук Азия тарыхы, этнология, маданий тарых жаатындагы адис. 

XS
SM
MD
LG