Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:22

1991-2016: Өмүр көчү улана берет


2016-жылы баш оонанын 5-6ларында Кыргызстанда “Өмүр көчү-100” автожүрүшү уюштурулду.
2016-жылы баш оонанын 5-6ларында Кыргызстанда “Өмүр көчү-100” автожүрүшү уюштурулду.

Баш оонанын (августтун) 9унда Бишкекте 1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына арналган тегерек үстөл баарлашуусу өткөрүлүүдө. Баш оонанын 5-6ларында болсо “Өмүр көчү-100” автожүрүшү уюштурулду. Булар эгемендикке жетүүнү мүдөө кылган улуу көтөрүлүштүн каармандары менен ал жеңилгенден кийин орун алган Улуу Үркүндө набыт болгондорду эскерген быйылкы иш-чаралардын ажырагыс бөлүгү.

Кыргызстан Борбордук Азия элдеринин 1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдык мааракесин расмий түрдө өткөрүп жаткан постсоветтик жалгыз жумурият экендиги жаамы журтка маалым. Быйыл июнда (кулжанын 22синде) Астана шаарында дал ушул темага арналган эл аралык илимий жыйын маалында казакстандык тарыхчылар да 1916-жылкы көтөрүлүштүн кылымдык мааракесин белгилөө тууралуу Кыргызстандын президенти атайын жарлык чыгарганына терең ыраазылыгын билдиришкен.

Президент Алмазбек Атамбаев 2015-жылы бул окуяга карата иш-чараларга байланыштуу үч жарлыгын чыгарды. Алардын соңкусу – “Тарых жана маданият жылын” жарыялоого байланыштуу болду.

Атуулдук коом калыптанып жаткан Кыргызстанда, арийне, кыргыз бийлиги эч камылга жасабаган учурда деле коомчулук 1916-жылкы көтөрүлүшкө жана Улуу Үркүнгө байланыштуу эскерүү чараларын өткөрүп келчү. Кыргыз өкмөтү бул иш-чараларга жандоочу катары гана кыйыр катышчу. Эми болсо аткаруу бийлиги бул иш-чаралар боюнча демилгелерди өз колуна алды жана коомчулуктун өкүлдөрү менен эриш-аркак иш алып барууда.

Айта кетчү сөз, баш оонанын 6сында Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

2016-жылдын кулжа (июнь) айынын 23үндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган бул мыйзамдын аталышындагы “1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгы” сөзү эле көп маанини берип турат. Кыргыз парламенти (Жогорку Кеңеш) 1991-жылы баш оонанын 31инде бул мурдагы советтик жумуриятты көз карандысыз мамлекет деп жарыялаган. Жогорку Кеңештин азыркы чакырылыштагы курамы болсо 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдык мааракесине таяп, мунапыс жарыялоо менен, иш жүзүндө, 1916-жылкы жана 1991-жылкы улуу окуяларды бири-бирине байланыштырып жатат. Бул – алгылыктуу саясий турум.

“Өмүр көчү” автожүрүшү ийгиликтүү аяктады

1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана кайгылуу Улуу Үркүн окуяларынын 100 жылдыгына карата «Өмүр көчү» деп аталган эки күндүк автожүрүш 2016-жылы баш оона (август) айынын 5-6ларында Чүй жана Ысык-Көл облустарында өткөрүлдү.

Бул иш-чара Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Асылбаш айылынан башталды. Анын да мааниси терең: 1916-жылдын баш оона (август) айындагы Түндүк Кыргызстандагы алгачкы элдик толкундоолордун бири ушул айылда жана ага коңшу жерлерде орун алган.

“Өмүр көчү-100” автожүрүшүнүн катышуучулары жана жергиликтүү калк Сокулук районундагы жана Беловодск (Ак-Суу) кыштагындагы көтөрүлүштү жазалоо маалында набыт болгон маркумдарды эскеришип, бабаларга багышталып куран окутушту. Бул иш-чарага президенттик аппарат жетекчисинин орун басары Мира Карыбаева катышып, президент Алмазбек Атамбаевдин автожүрүштүн катышуучуларына жолдонгон кайрылуусун окуп берди.

Кайрылууда мындайча саптар да бар:

“Быйыл Кыргызстандын тарыхында өзгөчө орунду ээлеген улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана андан кийин болгон, элдин эсинде «Үркүн» деп аталып калган каргашалуу окуянын 100 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде белгилеп жатабыз.

Өткөн 100 жыл ичинде бул окуя ар кандай деңгээлде эскерилип келген. Алсак, 1931-жылы дал ушул күндөрү элдин көсөмдөрү болушкан Жусуп Абдырахманов менен Баялы Исакеевдер Үркүндүн 15 жылдыгын белгилөөнү колго алып, жалпы элдин мүдөөсүн орундатышкан.

Андан кийинки мезгилде бул маселени 60 жыл бою элдин эсинен чыгарууга аракеттер жасалган.

Эгемендикке ээ болгон күндөн тарта коомчулуктун активдүү өкүлдөрү жана жигердүү жаштар ата-бабалардын алдындагы ыйык парзды аткаруу максатына элдин көңүлүн бурууга аракеттерин жасашкан.

Алгач, кайра куруунун желаргысы менен 1991-жылы белгилүү коомдук уюмдар жана мекенчил жаштар биригип, «Өмүр көчү-75» жөө жүрүшүн уюштурушкан. Бул иш-чара өз кезегинде өтө маанилүү жана ошол эле учурда кооптуу дагы болчу. Ал эми, 2006-жылы Үркүндүн 90 жылдыгында, бийик ашууларда калган сөөктөрдү диний жөрөлгөлөр менен жерге берүү каадасы жасалды.

Эгемендиктин алгачкы 20 жылында бийлик тарабынан 1916-жылдагы окуялардын чыныгы тарыхый ордун жана мамлекеттүүлүктү түптөөдөгү маани-маңызын терең түшүнбөстөн улам, формалдуу иш-чаралар өткөрүлүп, совет доорундагыдай эле унчукпай коюу саясаты улантылган.

Быйыл, алгачкы жолу бул жүрүш мамлекеттик деңгээлде өткөрүлүп жатат. Ошондуктан «Өмүр көчү-100» демилгесине мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү туралуу жергиликтүү бийлик органдарына тиешелүү тапшырмалар берилди”.

Эскерүү жыйынынын алдында журналист Памирбек Казыбаев конокторду Асылбаш айылында курулуп жаткан эскерүү жайынын долбоору менен тааныштырды. Бул эскерүү жайы аяк оона (сентябр) айында расмий ачылмакчы.

Автожүрүштүн катышуучулары Асылбаш айылынан узап, андан соң Чүй облусунун Ак-Суу (Беловодск) айылындагы мечитке да токтоду. Бул кыштакта 500дөй кыргызды падышалык оторчул режимди колдогон жазалоочулар мерт кылганы айтылды. Жергиликтүү акимчиликтин жетекчилигинен жана айыл санжырасын билген аксакалдардан өкүлдөр чыгып сөз сүйлөштү. Тарыхчы Мурат Иманкулов да Кыргызстандагы окуу китептерде 1916-жылкы окуялар калыс чагылдырылып жаткандыгы жөнүндө өз маалыматы менен бөлүштү.

Айтмакчы, ошол 1916-жылы бир нече күндөн кийин, баш оонанын 13үндө оторчул бийликтин жактоочулары бул жерде кармалган куралсыз 138 кыргызды оболу Беловодскиде, андан кийин Бишкек (Пишпек) шаарында сотсуз эле кырып салышкан. Бул окуяны ротмистр В.Ф.Железняков аяк оонанын 14үндө Верный (азыркы Алматы) шаарынан борборго шашылыш жолдогон телеграммасында тастыктагандыгы маалым.

Автожүрүш андан соң Боом капчыгайынын оозундагы 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн катышуучуларына арналган эстеликке келип, мында да бийлик өкүлдөрүнүн, окумуштуулардын, жергиликтүү коомчулуктун катышуусу астында эскерүү жыйынын өткөрдү. Жыйында Боом капчыгайында оторчул жазалоочу аскерлердин курал-жарактарын тартып алып, көтөрүлүшчүлөргө жеткирген Ыбырай Төлө уулу сыяктуу эр жүрөк баатырлар, Канаат хан Ыбыке уулу, Мөкүш Шабдан уулу сыяктуу хандар эскерилди. Жыйында Боомдун оозундагы бул эстеликти тургузууда Бейшенбек Абдрасаков сыяктуу коомдук ишмерлердин демилгелүү салымы зор болгондугу да айтылды.

Андан соң, автожүрүш сапарын улап, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кырк Шейит жерине келди. Мында да жаңы курулган эстеликтин жанында куран окутулду. Жыйынды Кыргызстан өкмөтүнүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Рита Борбукеева алып барды. Эскерүү жыйынында “Ашар” козголушунун лидери Жумагазы Садыр уулу сыяктуу коомдук ишмерлер чыгып сүйлөштү.

Андан соң Тоң районунун өнөрпоздору 1916-жылкы көтөрүлүш жана Улуу Үркүн тууралуу драмадан үзүндүнү элестүү оюн кылып аткарышты.

Менимче, бул оюнда совет доорундагы көтөрүлүшчүлөрдү эзүүчү тапка жана эзилгендерге бөлүп-жиктеген маанай басымдуулук кылыптыр. Тарыхый фактылар көрсөткөндөй, кыргыз коомунда (анын ичинде Ысык-Көл өрөөнүндө) жогорку таптын ичинен көтөрүлүшкө туура багыт берген тайманбас жана терең көз караштагы лидерлер да чыккан, көтөрүлгөн элди өз керт башынын кызыкчылыгы үчүн сатып, жазалоочуларга жагынгандар да чыккан, эки ортодо бөйдө өлүм болбосун деп, Махатма Ганди сыяктуу эле зомбулук аракетке чек коюуга эки тарапты тең чакыргандар да чыккан.

Күүгүм киргенде гана автожүрүш Барскоон кыштагынын түштүгүндөгү Барскоон суусунун капчыгайында улуу көтөрүлүшкө жана Улуу Үркүнгө арналып жаңы орнотулган эстеликке жетип, анын жанында эскерүү чараларын өткөрдү. Айта кетсек, Барскоон капчыгайынан ары өрдөй берсек, Сөөк ашуусуна жетебиз. Бул ашууда Кадыр Калча уулу деген баатыр падышалык жазалоочу аскерлердин жолун бууп, далай куралсыз качкындардын коопсуз жайга узап кетүүсүнө шарт түзүп, эрдик кылган. Аны эскерген атайын таш эстелик жакында тургузулган.

Ал эми Ысык-Көлдүн Сыртындагы Ак-Шыйрак жергесинде көтөрүлүштүн баатырларына жана Улуу Үркүндө шейит кеткендерге арналган мүрзө таш 2014-жылы баш оона айында тургузулган эле. 2006-жылы кыргыз коомчулугунун өкүлдөрү Бедел ашуусуна чейин барып, сөөктөрдү терип жашырса, быйыл теке (июль) айында кыргыз жаштарынын тобу Сөөк ашуусуна жана Ак-Шыйракка чейин барышып, набыт болгон бабаларды эскерип кайтышкан.

“Өмүр көчү-100” автожүрүшү баш оонанын (августтун) 6сында Каракол шаарындагы борбордук аянтта эскерүү жыйынын өткөрдү. Бул жерде президент А. Атамбаевдин кайрылуусу окулду. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаев, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев ж.б. чыгып сүйлөштү.

Андан соң К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театрынын өнөрпоздору жазуучу Бактыбек Максүтовдун 1916-жылкы көтөрүлүшкө жана Улуу Үркүнгө арналган драмасына негизделген оюнду тартуулашты. Оюндун жогорку деңгээлине ыраазы болуп, коомчулук өкүлдөрү узакка чейин кол чаап турду жана оюндун соңунда автожүрүштүн катышуучулары өнөрпоздорду, режиссерду жана жүрүшкө өзү да катышып жаткан автор Б.Максүтовду алкап, чакан сөз сүйлөштү.

Автожүрүш ошол эле күнү Түп районундагы Шаты айылы менен Балбай айылынын ортосундагы Кара-Баткак деген жерде жыйынтыктоочу эскерүү иш-чарасын өткөрдү. Жергиликтүү тарыхчылардын дал ушул жерде кандуу кыргын болгондугу тууралуу маалыматынан кабардар болгон соң, жүрүштүн катышуучулары тарыхчы, профессор Ташманбет Кененсариевдин 1916-жылкы көтөрүлүштүн тарыхын жаңыча жазуу аракеттери тууралуу маалыматын угушту.

Ошентип, борбордук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, “Ашар” козголушу, Үй куруучулар коому, “Асаба” партиясы сыяктуу айрым чыгармачыл жана башка уюмдардын лидерлери, манасчылар, тарыхчы, укукчу окумуштуулар, журналисттер ж.б. турган автожүрүштүн катышуучулары жүз жыл мурдагы сыймыктуу көтөрүлүш менен каргашалуу Улуу Үркүн окуяларынын изи менен басып өтүшүп, шейиттерге куран окутуп, аяк оонанын 6сында кайра Бишкекке кайтып келишти.

Кыргызстандын Жогорку Кеңеши 2008-жылдын чын куран (апрел) айында кабыл алган токтомго ылайык, ар жыл сайын баш оона (август) айынын алгачкы жума күнү 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн жана Улуу Үркүн маалында курман болгондорго багыштап эскерүү чаралары өткөрүлүүгө тийиш. Быйыл бул алгачкы жума күн 5-баш оонага жана Улуу көтөрүлүш менен Үркүндүн 100 жылдык мааракесине туура келди. “Өмүр көчү-100” автожүрүшү, демек, быйылкы эскерүү чараларынын өзгөчө маанилүү бөлүгү болуп калды.

Тегерек үстөл баарлашуусу башталарга жакын айтылган бир ооз кеп

Баш оонанын 9унда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Башкаруу академиясында өткөрүлүп жаткан илимпоздордун тегерек үстөл жыйынына коомчулуктун өкүлдөрү да катышмакчы. Уй мүйүз отуруп баарлашуу күтүлүп жаткан бул жыйында тарыхчылар тобу 1916-жылкы окуяларга берилген мурдагы баалардын кайсылары азыр дагы күчүндө экендиги, жаңыча кандайча методологиялык мамиле жасалып жаткандыгы, кандайча архивдик ж.б. табылгалар илим чөйрөсүнө дайын болгону, кайсы маселелерде кайчы пикирлер орун алып жаткандыгы, ж.б. тууралуу айтып беришмекчи.

Эгемендик доорунда кыргыз тарыхчылары 1916-жылкы көтөрүлүштү жаңыча изилдөө жаатында кыйла мээнет кылышып, тер төгүштү. Профессор Кушбек Үсөнбаевдин жана анын шакирттеринин илимий чыгармалары байма-бай жарыяланды. 2014-2016-жж. архив таануу жаатында илимий экспедициялар уюштурулуп жатты. Кыргызстандын Мамлекеттик архив агенттигине өкмөт тарабынан каржылык колдоо көрсөтүлдү. Орусиядан, Германиядан айрым архив документтеринин фото көчүрмөлөрү Кыргызстандын Мамлекеттик архивине алынып келинди. Айрым тарыхчылар бул жаатта өкмөттөн тышкаркы коомдук жана жеке демөөрчүлөрдүн жардамы менен да өз иштерин улантышты. Жаңы табылгалар эл аралык жана жумурияттык илимий жыйындарда, ошондой эле интернетте жана салттык басылмаларда жарык көрүп жатты.

Бирок чет өлкөлүк архивдерди иликтөө жана алардагы материалдарды башка тарыхый булактардын материалдары менен эриш-аркак жарыялоо жаатында опол тоодой иштин чети да оюла электиги, бул ишти улам жаңы муундагы көп тилди, ар кыл жазманы билген, көптөгөн архивдик жана фольклордук булактарды иликтеген тарыхчылардын жана башка адистердин өкүлдөрү ырааттуу улантышы зарыл экендиги ырасталууда.

Бүгүнкү тегерек үстөл, демек, 1916-жылкы тарыхты жаңыча таразалоо үчүн зарыл болгон айрым болочокку изилдөө багыттары тууралуу көйгөйлөрдү да козгой тургандыгында шек жок.

XS
SM
MD
LG