Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:55

Ысык-Көлдө Үркүнгө арналган жаштар конференциясы өтүүдө


Тарыхый сүрөт, 1910-жыл.
Тарыхый сүрөт, 1910-жыл.

Бүгүн Жети-Өгүз районунун Тамга айылында "Бабалардын баскан изи" Үркүндүн 100 жылдыгын эскерүү боюнча республикалык жаштардын илимий конференциясы башталды. Ага өлкөнүн түрдүү аймактарынан чогулган жаштар менен катар облустук бийликтин, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да катышууда.

Конференцияда 1916-жылдагы окуялар эскерилип, Үркүнгө арналган китеп көргөзмөсү уюштурулду. Катышуучуларга видеобаяндар көрсөтүлдү.

Үч күндүк иш-чара алкагында катышуучулар Сөөк ашуусундагы Үркүн күмбөзүнө зыярат кылышып, Сырт жайлоосундагы Ак-Шыйрак аймагында жөө жүрүш жасашат. (AsM)

XS
SM
MD
LG