Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:47

1916: "Өмүр көчү - 100" авто жүрүшүнөн сүрөт баян

1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана кайгылуу Улуу Үркүн окуяларынын 100 жылдыгына карата «Өмүр көчү» деп аталган эки күндүк автожүрүш 2016-жылы баш оона (август) айынын 5-6ларында Чүй жана Ысык-Көл облустарында өткөрүлдү.

Кыргызстандын Жогорку Кеңеши 2008-жылдын чын куран (апрел) айында кабыл алган токтомго ылайык, ар жыл сайын баш оона (август) айынын алгачкы жума күнү 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн жана Улуу Үркүн маалында курман болгондорго багыштап эскерүү чаралары өткөрүлүүгө тийиш.
Быйыл (2016-жылы) бул алгачкы жума күн 5-баш оонага жана Улуу көтөрүлүш менен Үркүндүн 100 жылдык мааракесине туура келди.
“Өмүр көчү-100” автожүрүшү, демек, быйылкы эскерүү чараларынын өзгөчө маанилүү бөлүгү болуп калды.

Дагы жүктөңүз

16x9 Image

Тынчтыкбек Чоротегин

Борбордук Азия тарыхы, этнология, маданий тарых жаатындагы адис. 

XS
SM
MD
LG