Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Улуу, Орто жана Кичи Үркүндөр (1916–1938)


"Ата-Бейит" эскерүү жайындагы 1916-жылдагы көтөрүлүштө жана Улуу Үркүндө курман болгон бабаларга арналган эстеликтин бир бөлүгү. 2016.
"Ата-Бейит" эскерүү жайындагы 1916-жылдагы көтөрүлүштө жана Улуу Үркүндө курман болгон бабаларга арналган эстеликтин бир бөлүгү. 2016.

Кыргызстанда “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү” белгиленүүдө. Тарыхчы Гүлзада Абдалиева 1916-жылы гана эмес, совет доорунун алгачкы эки ондугунда да кыргыздардын тобу болшевиктик репрессиядан качып, Батыш Кытайга журт которууга мажбур болгондугу тууралуу баяндайт.

Алгы сөз

1916-жылдагы Борбордук Азиядагы улуттук боштондук көтөрүлүш падышалык оторчул аскерлер тарабынан ырайымсыздык менен басылгандан кийинки кыргыздардын кыйла бөлүгү Кытайга качууга мажбур болгон. Бул окуя тарыхта “Үркүн”, “Улуу Үркүн”, “Чоң Үркүн” деген ат менен белгилүү.

Кыргыз элинин падышалык Орусиянын оторчул саясатына каршы 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн соңунда болгон “Үркүн” окуясы өзүнүн масштабы, созулган убактысы, кырылган элдин саны, бүлүнгөн чарбанын эсеби, кыргыздарды моралдык-менталдык жактан сындырып, чүнчүтүп, мүңкүрөткөн ыдыгы боюнча айырмаланып, бир кылымдан кийин да жүрөк сыздаткан трагедиялуу окуя, гуманитардык алаамат катары бааланып келет.

Кытайдагы кыргыздарынын айтуусу боюнча, XX кылымда Кытайга Ала-Тоодон качып келген бозгундар «үч үркүн» болуп өткөн; алардын «үч качкын» же «үч көчкөн журттай» окуясы эл арасында кеңири баяндалып айтылып жүрөт (Жунус Жумадыл, Муканбет Керимдин маалыматы).

Архивдик материалдардан жана Кытайда жашаган кыргыздардан алынган маалыматтардын негизинде 1916–1938-жж. Кытайга кыргыздардын аргасыздан журт которушу негизинен үч баскычта жүргөндүгүн белгилөөгө болот.

“Чоң Үркүн” алааматы

1916-жылы, Батыш Кытайдагы кыргыз улутундагы жергиликтүү элдин айтымында, “Чоң Үркүн” (Кыргызстанда аны "Улуу Үркүн" деп да аташат) орун алган жана бул окуя маалында Чыгыш Теңир-Тоого жана Тарим ойдуңуна жүз миңден ашуун кыргыздар тобу келип отурукташып калган (1916-жылдагы көтөрүлүштөн кийинки аргасыз журт которууну кытайлык кыргыздар “Чоң Үркүн”, “Чоң качкын” дешсе, ал эми орус падышасына каршы ири көтөрүлүштү “Чоң мунт” деп аташат; мындагы “мунт” сөзү орусча “бунт” сөзүнөн алынган).

Ал эми Совет бийлигинин орнотулушу Түркстан автономиясы, Алаш-Ордо, басмачылык кыймылы жана башка окуялар менен коштолуп, болшевиктер өз бийлигин кылычтын күчү м енен орнотушкан. Аларын бийлигин тааныгысы келбегендерге каршы айыгышкан согуш маалы “жарандык согуш” катары тарыхта калды. Дал ушул жарандык согуш маалында Батыш Кытайга качкан кыргыздардын журт которуу толкунун кытайлык кыргыздар “Орто качкын”, “Орто Үркүн” деп атап калышкан.

СССРде сталиндик диктатура орноп, тоталитардык доордогу айыл чарбасын жамаатташтыруу (коллективдештирүү) жүрүмү күч алган мезгилдеги Кеңеш бийлигинин саясатына каршы чыгып, Чыгыш Теңир-Тоого качкан кыргыздардын толкунун кытайлык кыргыздар “Кичи качкын”, “Кичи Үркүн” деп атап калышкан.

Кытайлык кыргыздар Айдаркан Атамбек, Асанакун Мукан ушул саптардын ээсине айтып берген маалыматка караганда, Ала-Тоодон Улуу-Чат, Какшаал, Текес, Ак-Суу жана башка аймактарга качып келген кыргыздардын өкүлү тууралуу жергиликтүү кыргыз тургундар баяндаганда (эзелтеден эле Чыгыш Теңир-Тоо, Ак-Тоо, Турпан, Лобнор, Тарбагатай сыяктуу аймактарда байырлап келген кыргыздар бар эмеспи), «деги ал киши «Чоң качкында» келгенби, же «Орто качкындабы», а балким, «Кичи качкында» келгендир?» деп такташчу экен.

Айдыңдардын бозгунда жүргөндөгү таасири

«Чоң Үркүндө» (1916-жылы) Чыгыш Теңир-Тоого убактылуу оогон кыргыз качкындардын ичинен чыккан айрым мыктылар, айдыңдар, өнөрпоздор Батыш Кытайдагы кыргыздардын маданий-агартуучулук турмушуна бир топ салым кошкон.

Маселен, 1916-жылдагы көтөрүлүштөн кийин кыргыз элинин көрүнүктүү манасчылары Акылбек, Тыныбек Жапый уулу, Сагынбай Орозбак уулу, Чоюке Өмүр уулу, Дыйканбай Тойчубек уулу, Саякбай Каралаев, Ысак Шайбеков, тарыхчы Белек Солтоноев, музыка өнөрпозу Ыбрай Туманов, илимпоздор Эшенаалы Арабай уулу (И.Арабаев), Ыбырайым Абдырахманов Батыш Кытайдагы кыргыздар арасында да таанымал болушкан.

Ал эми келечектеги саясий ишмерлер Жусуп Абдырахманов, Баялы Исакеев, келечектеги залкар акын-жазуучулар Аалы Токомбаев, Мукай Элебаев, келечектеги академик Иса Ахунбаев сыяктуу кыргыз элинин көрүнүктүү уулдары Батыш Кытайда турмуш мектебинен өтүшкөн.

Кытайга качып барган бир катар улуу инсандар жергиликтүү кыргыздардын маданий агартуучулугуна таасир тийгизгендиги – курулай сөз эмес.

Кытайдын ШУАРындагы Иле-Казак автономиялык облусунун тургуну, Акылбек манасчынын жакын тууганынын небереси Жунус Жумадыл атанын айтымында, Акылбек манасчы Үркүндө Кытайга качып келген маалында айткан «Манастын» айрым бөлүктөрү кагазга түшүрүлүп, бирок арадан 30 жыл өткөн соң жоголуп кеткен.

Жунус Жумадыл: “Акылбек атабыз Кытайга 1916-жылкы Үркүндө азыркы Текес ооданынын Көк-Терек айылынын Марал-Таш кыштагына келиптир. Ал кезде менин чоң атам ошол жерде жашачу экен. Акылбек ата экөө ага-ининин балдары болгондуктан, бирге туруп калыптыр”, – деп эскерет.

Кийин Акылбек манасчы ал жердеги элдин сыйлуу адамына айланган. Улам бирөө конокко чакырып, ал барган жерде эл чогулуп, “Манас” эпосунан үзүндү угуп турушкан.

1922-жылы май айынын ортолорунда кызыл аскерлер түн катып келип, манасчы Акылбекти күч менен алып кетишкендигин чоң аталары Жунус Жумадылга айтып берген.

Кытайлык кыргыз илимпозу Ысакбек Бейшенбек уулу менен немис түркологу, профессор Карл Райхл. Бээжин. 22.10.2015. Т.Чоротегиндин сүрөтү.
Кытайлык кыргыз илимпозу Ысакбек Бейшенбек уулу менен немис түркологу, профессор Карл Райхл. Бээжин. 22.10.2015. Т.Чоротегиндин сүрөтү.

Кытайлык кыргыздарлын ичинен чыккан заманбап манас таануучу Ысакбек Бейшенбек уулу Акылбек манасчынын айтымындагы «Манас» эпосу көлөмү жагынан да өтө зор болгон дейт:

Текес кыргыздарынын ошол учурдагы бийи Токтосун Акылбекке атайлап ат мингизип, тон кийгизип, жанында алып жүрүп, аш-той, маараке, чогулуштарда манас айттырган. Акылбектин өзгөчө талантына таңданган Токтосун бий бир жарым жыл өткөндөн кийин «Канчалык айттың?» деп сураганда, Акылбек «Үчтөн бирин араң айтып болдум» деген экен. Ал Текеске жакын байырлаган калмактардын арасына кирип, манасты калмакча да айткан дешет.

Текестеги Көк-Терек айылында Сатыбалды Аалы (1933–2006) деген манасчы өткөн. Манас таануучу Ысакбек Бейшенбек уулу Сатыбалды Аалыга бул өнөр ошол Акылбек манасчыдан калган таберик деген оюн билдирет. Себеби Сатыбалды манасчынын чоң таятасы Эсенгул менен Акылбек манасчы бир тууган болгон жана Эшимбай жазып алган Манастын айрым бөлүктөрү Эсенгулдун кызы, Сатыбалдынын энеси Гүлбаарымда сакталган.

Сатыбалды Аалы уулу, кытайлык кыргыз манасчы (1933–2006).
Сатыбалды Аалы уулу, кытайлык кыргыз манасчы (1933–2006).

Залкар манасчы Сагынбай Орозбак уулу Батыш Кытайда жашап турганда, Акчийде манас айтуу боюнча чоӊ мелдеш болуп, анда улуу манасчы Сагынбай кытайлык кыргыз манасчы Жусуп Акун (1870–1920) менен манас айтышкандыгы боюнча маалыматтар кездешет.

Кытайдагы кыргыздардын арасындагы манасчылык өнөрдүн калыптануусуна “Улуу Үркүндө” ал жакка убактылуу барган кыргызстандык улуу манасчылардын асыл жөрөлгөлүү өнөрлөрү жандуу таасир тийгизген.

Белгилүү агартуучу, жадитчи Эшенаалы Арабай уулу (Ишеналы Арабаев) дагы кытайлык кыргыздардын арасында билим берүүнүн жаңыча усулда калыптанышына өзүнүн алгылыктуу салымын кошкон. Ал калемдеш болуп 1911-жылы түзгөн «Кыргыз алиппеси» (“Алипбе жаки төтө окуу”) кытайлык кыргыздарда өтө кеӊири тараган.

Эшенаалы Арабаевдин «Алиппеси» Кашкарда арап арибинде чыккан гезиттин таш басма усулу менен кайрадан басылганы белгилүү. (1938-жылдары Кашкардагы кыргыз-казак уюму түзгөн кыргызча окуулуктарда ошол И.Арабаевдин «Алиппесиндеги» тамгалар колдонулгандыгын көрүүгө болот (бул Кытайдын аймагындагы жергиликтүү архивдерде сакталган).

Ишеналы Арабаев (Эшенаалы Арабай уулу; 1882–1933) жазган “Кыргыз алиппесинин” мукабасы (Ташкент, 1924).
Ишеналы Арабаев (Эшенаалы Арабай уулу; 1882–1933) жазган “Кыргыз алиппесинин” мукабасы (Ташкент, 1924).

“Орто Үркүн” тууралуу учкай кеп

Түркстан (Кокон) автономиясы кандуу кулатылып, 1918-жылдан тарт ып басмачылык кыймылы Ферганада жана аге чектеш тоолуу аймактарда курч алган алгачкы жылдарда да айрым кыргыз топтору Ала-Тоодон Батыш Кытайга көчө качып турган.

Ошентип, Ала-Тоодон жаңы толкун менен келген кыргыздардын бир ууч бөлүгү Батыш Кытай жергесинде бул аймак Цин империясына багына элек кездерден бери – эзелтеден байырлап жаткан кыргыздарга кошула берген.

Бул толкун жаатында болочокто да терең изилдөөлөр жүрөт деп ишенебиз.

«Кичи Үркүн» (1928–1938)

Ала-Тоодогу кыргыздардын Чыгыш Теңир-Тоого аргасыз журт которуусунун бул доору кимдер менен байланыштуу?

Биринчиден, совет бийлигинин колхоздоштуруу жана кулакка тартуу саясатына каршы чыккан бай-манаптар, орто чарбалуулар сталиндик режимдин жазалоосунан качууга аргасыз болушкан.

Экинчиден, сталиндик атеисттик режим жүргүзгөн адилетсиз жазалоолордун, репрессиянын негизинде далай маданий жана диний ишмерлер бейкүнөө кысымга кабылышып, алардын бир катары Кытайга качууга аргасыз болушкан. Албетте, аларды жакыр туугандары деле өз эрки менен коштоп көчкөн учурлар арбын.

Боогачы Жакыпбек уулу, жубайы Асел жана Кемел Шабдан уулу (туруп турган) Оренбург шаарында. 1929. Бул фотону тарыхчы Жолдошбек Бөтөнөев (Ботоноев) сунуштады.
Боогачы Жакыпбек уулу, жубайы Асел жана Кемел Шабдан уулу (туруп турган) Оренбург шаарында. 1929. Бул фотону тарыхчы Жолдошбек Бөтөнөев (Ботоноев) сунуштады.

«Кичи Үркүндүн» биринчи мезгили (1928–1929) совет бийлигинин бай-манаптарды Оренбургга, Украинага күчтөп көчүрүүсү, айыл чарбасын коллективдештирүү, көчмөн чарбаларды отурукташтыруу, кулакка тартуу саясатын жүзөгө ашыруу доорун камтыйт.

Экинчи мезгил (1930–1932) айыл чарбасын туташ коллективдештирүүгө каршы Кыргызстандын ар кыл аймактарында болуп көрбөгөндөй совет бийлигине каршы көтөрүлүштөр доорун камтыйт.

Советтик расмий тарыхнаамада кубаты атайылап азайтылып чагылдырылган бул көтөрүлүштөрдүн маалында сталинчилерге нааразы болгон кыргыздар массалык түрдө Чыгыш Теңир-Тоого (жалпысынан Шинжаңга) журт которушкан. Айрым топтор андан ары Ооганстанга жана Улуу Британиянын карамагындагы Индия аймагына да өтө качкан.

Жаныбек казы Сагынбай уулу жана анын жигиттери.
Жаныбек казы Сагынбай уулу жана анын жигиттери.

“Кичи Үркүндүн” үчүнчү мезгили (1933–1939) СССРдеги сталиндик массалык репрессиялык жазалоо өнөктүгүнүн күч алып турган доорун өзүнө камтыйт. Бул жылдары Кыргызстан менен Кытайдын чек арасынан советтик режимде жашоону каалабаган качкындар массалык түрдө эмес, бириндеп өтүүгө аракеттенишкен. Бирок, чек ара тыкыр көзөмөлгө алынгандыктан, качкындардын дээрлик көпчүлүк бөлүгү колго түшүрүлүп, катуу жазаланган. Андай бозгундарды жазалоо үчүн Чыгыш Теңир-Тоого чекисттердин жашыруун топтору да аттандырылып турган.

(Толугураак караңыз: Абдырахманов, Төлөбек; Абдалиева, Гүлзада. Эркиндик, теңдик, эгемендүүлүк күрөштөрү жана Үркүндөр: Биринчи китеп / Жооптуу ред. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: ЖИ “Сарыбаев Т.Т.” басмаканасы, 2016. – 364 б., сүрөт. – ISBN 978-9967-04-759-4. – И.Арабаев атындагы КМУ).

Кыска корутунду

7–8-ноябрларда өлкөбүздө “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү” менен байланыштуу чаралар да өткөрүлүүдө. Дал ушул күндөрү биз ушул Үч Үркүн маалында жазыксыз жерден набыт болгон, ар кыл запкы тарткан, укуктары тебеленген бабалардын да арбактарын эскере кетишибиз ылаазым. Алардын көбүнүн жазмыштуу тагдырлары алигиче калыс изилдене элек.

И.Арабаев атындагы КМУда быйыл 5-ноябрда өткөрүлгөн онлайн илимий талкуу маалында дал ушул көйгөйлөр жана аларды болочокто терең иликтөө багыттары жөнүндө да кеңири сөз кылынды.

Гүлзада Абдалиева, тарых илимдеринин кандидаты, И.Арабаев атындагы КМУнун доценти. 08.5.2016.
Гүлзада Абдалиева, тарых илимдеринин кандидаты, И.Арабаев атындагы КМУнун доценти. 08.5.2016.

Буюрса, жакынкы келечекте “Кичи Үркүнгө” байланыштуу айрым жаңы маалыматтарды калайыкка шардана кылуу ишин уланта бермекчибиз.

Бозгунга кетүүгө мажбур болгон бабалардын тагдырына кайдыгер мамиле кылбастан, алар эңсеген тарыхый акыйкаттыкты кеч да болсо калыс эмгектер аркылуу калыптандыра беришибиз абзел.

Гүлзада Абдалиева,

тарыхчы.

Ред.:

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG