Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-ноябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 16:57

Садыр Жапаровдун ата-бабасынын Кытайга сүрүлгөн тагдыры


Нуркожо Мусталый уулу (Сүрөт Нуркожо Мусталый уулунун "Кыргыздын сыры санжыра" китебинен алынды)

Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Түп районунун Кең-Суу айылында чоңойгон.

Анын атасы Нуркожо Мусталый уулу 30 жылдай Кытайда жашап, кийин өз мекенине кайтып келген. Турмуштун оор күндөрүн башынан кечирип, 10 баланы тарбиялап өстүргөн Нуркожо ажынын атасы Мусталый аксакал 1932-жылы «бай-манаптын тукуму, жаңы советтик бийликтин саясатына баш ийбей жатат» деген доомат коюлуп кулакка тартыларда Кытайга чыгып кеткен экен.

Текестеги турмуш

68 жаштагы Жумакадыр Жапаров - Садыр Жапаровдун атасы Нуркожо ажынын бир тууган жалгыз иниси. Түп районунун Кең-Суу айылында турган Жумакадыр Жапаров ата-энеси, агасы Нуркожо менен 10 жашына чейин Кытайдын Текес ооданындагы Көк-Терек айылында турганын айтып берди.

Жумакадыр Жапаров
Жумакадыр Жапаров

«Менин атам 90 жашка чыгып каза болду, ошол кишинин айтканы боюнча баяндап берейин, - деп сөз баштады ал. - 1930-жылдары Октябрь революциясы болуп, Советтер Союзу орногондо бай-манаптарды кулакка тартып, мал-мүлкүн алып куугунтукка алган экен. 1932-жылы далай кишилер Кытайга үрккөн. Ошондо биздин чоң атабыз Жапар, баласы Мусталый да, аялы, 1930-жылы туулган бир кызы менен Кытайдын Текес деген жерине барган экен. Ошондо бул Текес деген жер ээн болгондуктан эл көп барып, ошол жерде отурукташып калган. Кытайга кеткенде атам бүт оокат-жайын калтырып, өзүлөрү бой барган экен. Өзү мергенчи болгондуктан Кытайда да ошол иши менен алек болуп, акырындык менен ошол жерде бир туугандарын багып, эл менен боз үйдө, алачыкта жашап турган экен.

Кытайга атам 1932-жылы барып, бир жылдан кийин 1933-жылы эркек балалуу болот, Нуркожо деген балалуу болгон, ал Садыр Жапаровдун атасы. Баарыбыз жети бир тууган болдук - беш кыз, эки эркек.

Биздин Мусталый атабыздын атасы Жапар өзү 32 жашында эле оорудан каза болуп калган экен. Жапардан үч бала калган, анын бири кыз экен, бирок чарчап калыптыр. Эки эркектин улуусу Мусталый, иниси Усуп. 1932-жылы Кытайга кеткенде Усуп иниси 16 жашта эле болчу. Ал киши кийин Кытайдан келгенден кийин кайтыш болуп кетти.

Кең-Суу айылы.
Кең-Суу айылы.

Кытайда биз 1932-жылдан 1962-жылга чейин, 30 жыл жашадык. Мен ошол Кытайда 1952-жылы төрөлдүм. 1-классты бүтүп, 2-класста окуп атканда «өзүбүздүн эли-жерибизге кетебиз» деп ата-энебиз болуп кайра келдик. 1958-жылдары Советтер Союзунун Кытайдагы консулдугу өз жарандарына паспорт тараткан экен. Ошондо атам-энем паспорт алып, ошол документтин аркасында биз Советтер Союзунун жараны деген макам менен Кыргызстанга келип калдык.

Ал кезде, 1958-жылдардан баштап биздин жердештер мекенине кайтып келе баштаган эле. Кайра кайткандар кыргыз жеринде тынчтык орногонун, кулакка тартуу деген жок экенин айтып, өз элиндей кабыл аларын айтышкан.

Ата-Журтка кайтуу

1962-жылы биз кыргыз жерине келдик. Ошондо Нуркожо агабыз Кытайда жаңы үйлөнгөн, бирок балалуу боло элек кези болчу. Анан өз эли-жерибизге келгенде кыздуу болду. Балдарынын эң улуусу 1962-жылы туулган кызы Акат, андан кийин Сабыр деген уулу 1964-жылкы, Райкүл кызы 1966-жылкы, Садыр 1968-жылкы, Дөөлөтбек 1971-жылы төрөлгөн, Эркинбек 1973-жылкы (үйлөнүп, үч балалуу болгондон кийин 2006-жылы авариядан каза болду. Үч баласы Садыр депутат болуп турган кезинде анын колунда калды, Садыр аларды өз балдарына кошуп багып алган). Салтанат 1975-жылкы, Орозобек 1977-жылкы, Аскарбек 1980-жылкы, Райкан, андан кийин Гүлбайра деген турмушка чыга элек карындашы бар.

Октябрь революциясы башталганга чейин аталарыбыз бай болгон экен. Биздин жетинчи атабыз Алыбай деген киши Жети-Өгүздү жердеп, 10 баласы болуп, алардын бири Солтонкулду биздин Кең-Сууга алып келген. Себеби, балдарым урук-тукум болуп, өнүп-өссүн деген. Солтонкулдан биз тарайбыз, анын уулу Сарыбай эл ичинде «сан жылкылуу Сарыбай» деп таанылган. Ошондуктан «байдын тукуму катары кулакка тартабыз» дешкен. Кээ бир туугандарыбызды билгизбей кулакка тартып, өлтүрүп да койгон учурлар болгон экен. Кытайга кетип жатканда бир да малын, мүлкүн алып кетишкен эмес».

Кең-Суу айылы
Кең-Суу айылы

Садыр Жапаровдун ата-бабалары алгачкы жолу Кытайга 1916-жылы сүрүлүп кеткенге аргасыз болгонун Жапаровдордун туугандарынын бири Шүкүрбек Садыков мындай айтып берди:

«1916-жылкы Үркүндө падышалык Орусияга эл каршы чыкканда орустар атайын отрядды Алматыдан жиберген. Анда Чүйдүн, Көлдүн жана Нарындын элин ошол жазалоо отряды кырып жок кылмак болгон. Ошондо качкан эл Нарын жак менен, Текес жак менен Кытайга кеткен. Кийин 1917-жылы революция болду, падыша кулап, ошол эле жылдары биздин ата-бабаларыбыз кайра кайтып келген. 1916-жылы биздин өрөөндөгүлөрдүн баары эле кетип, орустун кулактары эле калган. Бир жылдан кийин аман калгандары кайра кайтып келген. 1930-жылдары кайра коллективдештирүү болгондо бир топ кишилер кайра эле Кытайга кетишкен. 1916-жылы биздин кайсы аталарыбыз барганын так билбейбиз. Ал убакта биздин атабыз Мусталый өтө жаш болгон».

Садыр Жапаровдун атасынын бир тууганы Жумакадыр Жапаров өз эли-жерине кайтып келгенден кийинки турмушту мындайча сүрөттөп берди:

«Биз келгенибиз эсимде, анда Кытайдан кара машинеге түшүп, суукта, декабрь айынын башында чек арадан өтүп келгенбиз. Ошондо бизди өз жерлерибизге келтирген эмес, анда малчы тартыш болуп, жумушчу күч керек болуп турган. Ошондуктан бир топ туугандарыбызды Казакстандын бир топ жерлерине айдап жиберген. Биз болсо Алматы аркылуу келип, Чоң-Кеминде туруп калдык. Атам карып, оорулуу болуп калган кезде «кой бөлүп беребиз, ошону багасыңар» дешкен экен. Бир айча Чоң-Кеминде жашагандан кийин биздин Кең-Суу айылында Кытайга барбай калып калган туугандарыбыз келгенибизди угуп, совхоздон машине айдатып алып барып, бизди көчүрүп келди. Алардын бири Жумаш, бири Чаман деген киши болчу. Анда бул Кең-Суу айылында турмуш өтө начар эле, шыйпыр жабылган үй жок, көбү алачыкта болчу. Бекдайыр деген аталарыбыз болгон, ал киши малчы болуп, эки бөлмөлүү үй салып алыптыр, ошого биз жашап калдык. Окууга бардык, эжелеримдин кээ бири Кытайдан турмушка чыгып, кайын журту менен өз айылдарына келишкен. Кытайдан араб тамгасын тааныганбыз, ошондуктан айылга келгенде кайра биринчи класска отуруп окудук.

Жапаровдордун Кең-Суудагы жашоосу

Садырдын атасы Нуркожо жаш кезинде көп иштеди. Садырдын энеси Кадижан болсо ал кезде жаш, билими жок болгондуктан совхоздо сакманчы болду, кара жумуштарда иштеди. Абабыз Нуркожо Кытайдан эсепчи (бухгалтер) деген билим алган экен, бирок ал билими бул жерде жарабай калып, малчы болду. Совхоздун коюн бакты. Анда балдары жаш, биз аларга жардамдашып жүрдүк. Нуркожо абам кой багып, көптөгөн сыйлыктарды алды. Андан кийин айылдын башындагы токой чарбасында 15-20 жылдай карагай башы болуп иштеди. Ал жерде карагай өстүрүп, тоют дайындап кара жумуш аткарды. Ал жерден эмгеги бааланып, жакшы иштегендиги үчүн токойчу кылып, Чоң-Таш, Жылуу-Булак деген айылдарды карап турду. Андан кийин жумушун өткөрүп берип, айылга көчүп келгенде совхоздун малын бакты. Пенсияга чыкканда 1996-жылы биринчилерден болуп биздин облустан ажыга барып келди. Ысык-Көлдөн көп эле киши барган экен, бирок баары дунган эли экен. Учак жок болчу, автобус менен 10 күн жол жүрүп барып, бир ай дегенде кайра келди.

Нуркожо байкем экөөбүзгө Мусталый ата бизге жакшы тарбия берди. Нуркожо балдарын тарбиялаганда бул киши өмүрүндө ичкилик ичип, ачууну даамдап көргөн жок. Эң улуу кызын Караколдогу педагогикалык окуу жайынан окутту. Балдарынын баары ичкилик ичкен жок. Айылыбызда 500гө жакын түтүн бар, көбү үлгү тутушат. Акаттан кийинки Сабыр да окуу жайын бүттү. Райкүл болсо Бишкектеги финансы техникумун бүтүп, банкир болду. Уулдарынын баары армияга барып келди. Садыр ал жерден да өзүн көрсөтүп, байланыш бөлүмүндө да иштеди. Нуркожо той өткөрсө (ичкиликсиз) кургак той өткөрчү, талабы ушундай катуу болчу. Өзү 60 жашында намаз окуду, аны үзгөн жок, айылдагы мечитке өлөр-өлгөнчө барып, ошол жерде намаз окуду. Ошол мечитти да уулдары кудайдын үйү деп элге салып берген, 2002-жылдары.

Нуркожо абамдын билими жок болгон. Бирок араб тилин билген, ал киши атайы китеп жазган, жаш кезинен ыр да жазган. Нуркожонун ырларын Текестеги туугандарыбыз сүйүп окуп жүргөнүн уктук. Карапайым эле жүрдүк, биздин деле турмушубуз мына кийин-кийин эле оңолду, ирдендик.

Садыр, Сабырлар адегенде өкмөттүк кызматта иштешкен жок. Башында жеке ишкерлик кылып, күйүүчү май ташыды, андан мына ушул үйдү салышты. Андан кийин айылыбызга мечит салды, андан кийин стадион салды.

Садыр камалган жылдар биздин жүрөгүбүзгө кара так болгондой болуп калды. Биз Садырдын ак жеринен күйгөнүнө өкүнөбүз. Башында депутат болгондо Кумтөрдүн маселесин айта коюп, камалып калды. Садыр камалганда агам Нуркожо, жеңем Кадижан, менин аялым, бир туугандарыбыз болуп Кубаакыда туура бир ай боз үйдө отурдук. Түшүнгөндөр жакшы айтты, түшүнбөгөнү жаман айтты, ыйладык, бирок кудайдан түбүн тиледик. Садыр чыккандан кийин «сен жалгыз көп нерсеге алың жетпейт» деп кеңеш бердик. Бирок ал «эл кеч болсо да түшүнөт» деди. Ал ойлогон оюн аткарганга дилгир бала болду. Анан акталып чыккандан кийин кайра камалып калды. Ошондо Нуркожо атасы ыйлап, баласына көп санаа тартты. Эң акыркысы, Садыр мына кесилет деп атканда өзүн аябай таштап коюп, бир ай төшөктө жатып калды. Акырындык менен шайы бошоп, «көзүм тирүүсүндө Садыр аман-эсен чыкса болот эле» деп айтып атты, мага. Энеси да көп ыйлады. Атасы 84 жашында каза болду, өтө сергек жүрчү, абдан эмгекчил киши эле».

Аудиону бул жерден угуңуз
Садыр Жапаровдун үй бүлөсү
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:05 0:00
Түз линк

Президенттин милдетин убактылуу аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров 23-октябрда өз айылына келип, ата-энесине, уулуна куран окуп кеткенин бир туугандары айтты. Садыр Жапаровдун атасы Нуркожо Мусталый уулу мындан эки жыл мурун көз жумган. Апасы Кадижан Максүтова болсо 2019-жылы кайтыш болду. Түп районундагы Кең-Суу айылындагы үйүндө бир тууган иниси Орозобек Жапаров беш баласы менен турат. Ал Байзак айыл аймагынын башчысы (мурдагы Санташ айыл өкмөтү). Садыр Жапаров орто мектепти ошол айылда 8-класска чейин окуп, 9-10-класстарды жанындагы Санташ айылында бүтүргөн. 1986-жылы Бишкектеги Дене тарбия иститутуна кабыл алынган. Келинчеги Айгүл ушул Санташ айылынан болот.

  • 16x9 Image

    Кундуз Сырдыбаева

    Кундуз Сырдыбаева "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (43)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG