Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:52

Садыр Жапаров улуттук лидер боло алабы?


Садыр Жапаровдун жактоочулары. Бишкек. 15-октябрь, 2020-жыл
Садыр Жапаровдун жактоочулары. Бишкек. 15-октябрь, 2020-жыл

Ачыгын айтышым керек, Садыр Жапаров саясий туткун катары түрмөдө жатканда бизге дал ушундай эл-жери үчүн өзүн курмандыкка чалган инсан гана ажо болуп келиши керек деп кыялданганым чын. Бирок бүгүнкүдөй кырдаалда, такыр ойдо жок жерден такка отуруп калат деп күткөн эмес элем.

Юрист болбогондон кийин анын өлкө башына келиши канчалык мыйзамдуу же канчалык мыйзамсыз болду – так кесе айта албайм. Тек мени санааркаткан айрым ойлорумду ортого салгым келип жатат.

Бийлик үчүн кандай айыгышкан айкаш жүргөндүгүн баарыбыз көрдүк, баарыбыз күбө болдук. Бул каргыш тийгир бийликтин кумары ушул күндөрдө канчаларды өрөпкүтпөдү, канчаларды эс-мас кылып, дымагын айды чапчытпады. Арадан мындайыраак кызматты тоготпой, өздөрүн президент, премьер-министр санап калгандар чыкты. Аягында, канчалардын ичинен кан өтүп, өзөгү өрттөнбөдү. Президенттик креслого отурам деген май көчүгү тепкиге калып, куулгандар да болду.

Интернеттеги кара пиар, бири-бирин боктоп шыбоо, жок нерсени жабыштырып жаманатты кылуу акыл-эси жайында адамды иренжитпей койгон жок. Атүгүл оппоненттерин ачык эле коркутуп-үркүтүүгө, ур-токмокко алууга чейин жетишти. Бул жаатта Садыр Жапаровдун технологдору (же идеологдору дейбизби) аша чаап кетти десем болот. Тилекке каршы, мындай «кансыз согуш» бүгүн да уланып жатат.

Эми Садыр Жапаровдун бийликке кантип келгенине өтөлү. Айрымдар анын өкмөт башчылыкка жетип, кийин президенттин милдетин аткарып калышына көшөгө артындагы «досторунун» салымы чоң болгондугу тууралуу айтышууда. Бирок аны калың эл колдоп жаткандыгын, карапайым калктын 80-90% Садыр Жапаровдун тарапташы экендигин да тана албайбыз.

Айрыкча жаңыланууну, өзгөрүүнү самаган, ар бир жарандын татыктуу жашоосу үчүн мүмкүнчүлүк түзүлгөн, ар тараптуу өнүккөн өлкөдө жашагысы келген жаштардын кыйласы Садыр Жапаровго чоң үмүт артып, аны келечектеги улут лидери катары көрүп жатканы дагы анык.

Сөздүн ачыгы жакшы, мен Садыр Жапаровду «Кумтөргө» сатылып кетти же «каралардын» барымтасында калды дегендерине ишенбейм. Ага ошончо эле акча керек болгондо, өзүн мынчалык азап-тозокко салбай, саясий «мученикке» айланбай, мурда эле сатылмак. Ал эми ага кайсы бир даражада таасир этип жаткан кандайдыр күчтөр болушу ыктымал.

Эгер ал чын эле улут лидери болгусу келсе, Кыргызстанды ар кандай түшүнүктөр менен эмес, мыйзамдын чийиминде жашаган өлкөгө айландырам десе, биринчи кезекте ошол көшөгө артындагы «досторунан» кол үзүшү керек. Же тескерисинче, өзү аларга таасир этип, аларды намыстандырып, абийирин ойготуп, кыргыз элине, Кыргызстанга ак кызмат кылгандай оң жолго салышы зарыл.

Бул жагынан дүйнөдөгү эң жакыр мамлекет Сингапурду кыска мезгил аралыгында гүлдөтүп жиберген Ли Куан Юдан үлгү алууга тийиш. Ли Куан Ю тактыга отурган биринчи күндөн тарта өзүнүн күмөндүү «досторунан» арыла баштаган экен. Алардын бирин дагы мамлекеттик кызматка жолотпой, атүгүл көбүн өлкөнүн чегинен сырткары кууп ийген дешет.

Садыр Жапаров анчылыкка барбаса да, айланасына сатпаган, сатылбаган, колу-жолу булганбаган таза кишилерди топтойт деп ишенем. Билеги күчтүүлөргө эле таянбай, билими күчтүүлөрдү да жанына тартса, кыргыздын даанышмандарынын кеңешин укса, баарына бирдей калыс болсо, рухий-интеллектуалдык жактан өзүн өстүрсө, чоң утушка ээ болот.

Улут лидери болом деген адамда эң биринчи «караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан» акылмандык, көрөгөчтүк, кандай кырдаал болбосун кебелбеген саясий эрк, анан чечкиндүүлүк сыяктуу сапаттар болушу керек. Башкысы, ал адилеттүүлүктү туу тутушу абзел. Эгер учурда кыргыз элинин басымдуу бөлүгү ишеним артып жаткан Садыр Жапаровдо ушул сапаттардын кайсы бири жок болсо, ал тынымсыз өзүн таптап, тарбиялоого умтулушу абзел.

Негизи эл башы адил болбосо, бүт ааламга бирдей жарыгын чачкан Күн сыяктуу кара кылды как жарган калыс боло албаса, ал кайсы бир саясий топтун, кландын гана башчысына айланып каларын мындан мурдагы президенттердин мисалынан көрдүк.

Эми Садыр Жапаровду саясий кумир тутуп, аны айга-күнгө теңеп мактап жаткан фанаттарына бир-эки ооз айта турган сөзүм бар. Аскар Акаев Үзөңгү-Куушту Кытайга берип салганда, ошол кездеги депутат Бекназаровду түрмөдөн чыгарам деп канча адам жазыксыз атылып кеткени али да элдин эсинде. Азыр Бекназаров дегенде көпчүлүктүн куйкасы курушат.

Ал эми биринчи төңкөрүштөн кийин Кулов абактан бошонуп келгенде аны кудум пайгамбарды тоскондой тосуп алышпады беле? Кандайдыр бир касиеттүү адамдай, аны өөп-жыттап, биздин азап-тозоктон куткаруучубуз ушул болот деген кыязда, ага тооп кылгандар да болгон. Кийин эмне болду? Кулов эң жогорку мамлекеттик кызматты ээледи, бирок эл күткөндөй эч өзгөрүү болгон жок. Бүгүн дагы ошол эле сценарий кайталанып жатат.

Урматтуу эли-журт, урматтуу жаңы премьер-министрди жандап жүргөн адамдар, эгер Садыр Жапаров улуттун уюткусу болсун десеңер; эгер ушул инсан менен жаңы тарыхты жараткыңар келсе; эгер ушул кишинин башчылыгында жарандары коркпогон-үркпөгөн, укугу тебеленбеген, басынбаган, көрүнгөн жерде кул болбогон, мамлекеттик чиновниктери коррупцияга аралашпаган, соттору сатылбаган, мугалимдери, дабагерлери сурамчылык кылбаган өлкөдө жашагыңар келсе, эч качан анын айланасына эки жүздүү кошоматчыларды, койнунда котур ташы бар арамзаларды жолотпогула!

Өзүңөр да аны көбүртүп-жабыртып мактай бербей, акылына акыл кошуп, иштиктүү сунуштарды (керек учурда сындап да) айтып, колуна кол, бутуна бут болгула. Залкар акын Алыкул Осмоновдун «Толубай сынчы» поэмасындагы хандын тулпарларынын бири саяпкердин кемпири ашкере мактаганда мөңкүп, чуркай албай калгандай, ар кандай адамды мактай берсе анын дагы көзүн май басат. Бара-бара калп мактоого чындап эле ишене баштай, натыйжада, реалдуу чындыктан алыстап, иллюзия дүйнөсүндө жашап калат.

Демек, Садыр Жапаровду букараларына калыс өкүм жүргүзгөн адил ажого, же кылычынан кан тамган заалим падышага айландыруу да көп жагынан өзүбүздөн.

Дагы бир нерсе, жапаровчулардын жан талашып бүт бийликти анын колуна топтоп бергиси келип жатканы да кооптондурбай койбойт. Мунун келечеги кандай болот, боолголоп айтуу кыйын.

Ырас, баарыбыз өзгөрүүнү каалайбыз, баарыбыз башка элдердей жашасак экен деп кыялданабыз, бирок эмне үчүн өзгөрүүнү өзүбүздөн баштагыбыз келбейт? Айтайын дегеним, эң мурда өзүбүздүн жан дүйнөбүздө, аң-сезимибизде төңкөрүш болбосо, биз өзүбүз өзгөрбөсөк, ыйман-ынсапка келбесек, бүтүндөй коомдун өзгөрүшү кыйын. Келгиле, андан көрө алгачкы кадамды өзүбүз жасайлы.

Аким Кожоев

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG