Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 05:28

Ө.Абдрахманов: Эски системаны өзгөртмөйүнчө реформа болбойт


Өмүрбек Абдрахманов.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ишкер Өмүрбек Абдрахманов Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боюнча комиссия түзүү максаты тууралуу пикири менен бөлүштү. Ал жаңы бийлик келип, абал турукташып калганы жакшы болгонун, эми жергиликтүү бийликти тартипке салуу зарыл экенин айтты.

«Реформа жасаса болот. Анткени азыр бардык бийлик бир кишиде. Бирок механикалык негизде кызматкерлерди кыскартып койгондон эч нерсе өзгөрбөйт. Же «жакшы адамдарды алып келебиз» деген менен абал оңолбойт. Себеби, система эски. Жаңы бийликтин кол алдында реформачыл бир да адам жок. Мен алардын куру сөзүнөн башка реформа тууралуу программасын көрө элекмин. Ошондуктан реформаны жасай алган, жок дегенде аны жазып, кеңеш бере турган адамдарды чогултса, мүмкүн өзгөрүү болот. Бирок убактылуу өкмөт үч ай гана иштегендиктен убактысы да жетпейт».

Садыр Жапаров 16-октябрда кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, кереги жок мамлекеттик структуралар жакынкы аралыкта жоюларын, айрыкча президенттик аппаратта, өкмөттүн аппаратында оптималдаштыруу болорун жарыялаган.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-окябрда башталган нааразылык митинги башаламандыкка айланып, элдик толкундоо тереңдеп, Кыргызстанда саясий кризис башталган. Бир жумага созулган нааразылык чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы убактылуу аткарышы керек. Бирок учурдагы төрага Канатбек Исаев 16-октябрда бул кызматты аткаруудан өз каалоосу менен баш тартты.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң тарапташтары тарабынан 6-октябрда абактан бошоп чыккан. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG