Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:55

Министр Ниязбеков: Милиция саясатка аралашпайт


Улан Ниязбеков.
Улан Ниязбеков.

Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков 17-октябрда Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен жолугушкан учурда билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы анда коомдук тартипти камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүүнү күчөтүү маселелери талкууланганын кабарлады.

«Милиция саясаттан тышкары турат. Биз эч кандай саясий кызыкчылыктарды көздөбөйбүз. Жыйынга катышып жаткандардын жана өздүк курамдын бардыгы Бишкек шаарында ыктыярдуу элдик кошуундар менен бирге коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырам», - деди Ниязбеков.

Коомдук коопсуздук жана кылмыштуулук менен күрөшүү иштерин күчөтүү боюнча тапшырмаларды берип, милицияга болгон калктын ишенимин жогорулатуу керектигин айтты.

Улан Ниязбеков Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийинки башаламандыктардан кийин 10-октябрда ички иштер министри болуп дайындалган.

Аны айрымдар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланыштырып жатышат. 14-октябрда парламенттин жыйынында өкмөттүн курамы каралып жаткан учурда Ниязбеков «Азаттыкка» комментарий берип, бул маалыматтарды четке каккан. (BTo)

XS
SM
MD
LG