Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Вице-премьер-министр коронавируска каршы иштер чабал экенин айтты


Аида Исмаилова.
Аида Исмаилова.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова коронавируска каршы кыргыз өкмөтү жүргүзүп жаткан иштер чабал экенин айтты.

Бул тууралуу облустардагы саламаттык сактоо тармагындагы жетекчилер жана адистер менен 17-октябрда өткөрүлгөн онлайн кеңешмеде билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Исмаилова илдетке каршы республикалык штабдын жыйынында айтылган маалыматтар менен онлайн кеңешмеде берилген маалыматтар эки башка чыгып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, жетекчилер жеке коргонуу каражаттары, медициналык жабдуулар, дары-дармек каражаттары жетиштүү деп маалымат бергени менен, иш жүзүндө ага шайкеш келбеген учурлар болууда.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандар алгач мартта аныкталган. Июнь-июль айларында бейтаптар жана өлгөндөр кескин көбөйгөн. Август-сентябрда оору бир аз басаңдап, октябрда кайрадан күчөдү жана өлүм саны өсүүдө. 17-октябрга карата бир суткада 470 адамдан оору аныкталып, беш киши каза болду. Бишкекте жана аймактарда кайрадан күндүзгү стационарлар ачылып, 118 номурундагы сурап-билүү кызматы жанданды.

Марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 51490 адамды түздү. Анын 1108и жашоо менен кош айтышып, 45509у айыкты.

Республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3529 учур катталды, алардын 3145и сакайды. Сексенден ашуун медкызматкер көз жумду. (SE)

XS
SM
MD
LG